Muneeb Shereнин электр тогу менен күйдүрүп өлтүрүү туурасындагы суроосуна жооп

490
0

Суроо:

Мен Пакистандагы Хизбут-Тахрир жигиттеринин биримин. Мен араб тили жана усули фикх сыяктуу ижтихад илимдеринен бир аз илим алганмын. Мен сиздин китебиӊизден усулду үйрөндүм. Бир күнү боордоштордун бири чымын-чиркей, курт-кумурскага каршы электр аспабы (раптер) жөнүндө: Чымын-чиркей, курт-кумурскаларды күйдүрүп өлтүрүү үчүн андан пайдаланса болобу? – деп сурады. Ошондон кийин мушрифим өзүм үйрөнгөн нерселерди колдонуу үчүн бул маселе боюнча изденишимди талап кылды. Бул суроону о.э. изденишим тафсилаттарын жана мына ушул катка тиркелген иштеги натыйжаларын Хизбге жөнөттүм.

Бир аз убакыттан кийин Хизб жооп берди. Жооп менин изденишимдин натыйжасына карама-каршы болду. Сураныч, менин изденишимди көрүп чыгып, мага ал тууралуу өз раъйыӊызды, усул боюнча истинбат кылуудагы ката жерин жана башкаларды билдирсеӊиз. Аллах сизди жакшылык менен сыйласын.

Жооп:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Мен талкуу менен таанышып чыктым. Менин үч пикирим бар:

1 –  Биринчиси, сизде өкүмдөрдү истинбат кылууга кызыгуу жана маани берүү бар. Талкууӊуздун тарыйкаты жакшы, себеби, сиз далилдерди үйрөнүп алардан өкүмдү биздин усулдагы тарыйкатыбыз боюнча истинбат кылып жатасыз… Бул болсо, жакшылыктан кабар бере турган иш. Мен дуба кылып Аллах Субханахудан сизге жардам жана тавфик беришин сураймын.

2 –  Маноттун күйдүрүүгө карата акыйкаты толук, жетиштүү аныкталган эмес. Себеби, сиз оттун жардамында күйдүрүү менен электр тогу жардамында күйдүрүүнү бири-биринен айырмалагансыз. Акыйкатта болсо, бул бир маселе болчу. Мисалы, отунду жагуу белгилүү бир көрүнүштө күйдүрүүгө алып бара турган температураны пайда кылса, электр тогу да белгилүү бир көрүнүштөгү күйдүрүүгө алып бара турган температураны пайда кылат. Ошондуктан, от менен күйдүрүүгө туура  келе турган нерсе электр тогу менен күйдүрүүгө да туура келет.

3 –  Сиз чымын-чиркей, курт-кумурскаларды электр тогу менен күйдүрүп өлтүрүүнү көрүп чыкканыӊызда чымын-чиркей, курт-кумурска электр тогу менен күйгөндөн мурда өлөт деген тыянакка келгенсиз. Себеби, сиз: «Күйүүнүн себеби чымын-чиркей, курт-кумурска денесинде электр тогунун жүрүшү, бул температураны пайда кылат… Мына ушул температура чымын-чиркей, курт-кумурска денесинин күйүшүнө себеп болот, демек, чымын-чиркей, курт-кумурска күйүүдөн эмес, электр тогунун өтүшүнөн өлөт, себеби күйүү чымын-чиркей, курт-кумурска өлгөндөн кийин жүз берет», – дегенсиз. Т.а. чымын-чиркей, курт-кумурсканын күйүүсү ал өлүк абалда болгондо жүз берет. Муну – эй боордош – көрүп чыгуу зарыл. Бул нерсе адистер тарабынан тереӊ үйрөнүп чыгылышы керек. Себеби, чымын-чиркей, курт-кумурсканы электр тогу уруп, күйдүргөн болот. Чымын-чиркей, курт-кумурска өлүк эмес, тирүү болгон. Электр тогу ургандан кийин ал өлүп күйүп кеткен болот. Ошондой болгон соӊ эмне үчүн эми чымын-чиркей, курт-кумурска алгач электр тогу ургандыгы себептүү өлгөн жана мына ошондон кийин электр тогу менен күйгөн деп айтышыбыз керек? Анткени чымын-чиркей, курт-кумурска электр аспабынын жардамында электр тогу менен урулгандан кийин өлүк, күйгөн абалда табылган. Ошондуктан, биз мында адис эксперттердин раъйына муктажбыз. Себеби, чымын-чиркей, курт-кумурскалардын өлүмүнө электр аспабы себеп болгон: Ал электр тогу менен күйдүрүүбү? Эгер ошондой болсо ага тирүү жаныбарларды күйдүрүү арам экендиги жөнүндө варид болгон нусустар туура келет. Же күйүү чымын-чиркей, курт-кумурска өлгөндөн кийин болобу? Ошондуктан, мына ошол манот акыйкатын үйрөнүп чыгып, ошондон кийин шаръий өкүмдү берүү мүмкүн болот.

4 –  Күйдүрүп өлтүрүүнүн арамдыгы туурасындагы далилдерге келсек, алар бул жаатта ачык келген. Бул далилдердин кээ бирлери төмөнкүлөр:

Бухарий Абу Хурайра Gдан мындай дегенин риваят кылды: Расулулла A бизди бир ишке жиберип:

«إِنْ وَجَدْتُمْ فُلاَنًا وَفُلاَنًا فَأَحْرِقُوهُمَا بِالنَّارِ»

«Эгерде баланчы жана баланчаны тансаӊар аларды отко күйдүргүлө», – деген. Биз жолго чыгып жатканыбызда Расулулла A кайрадан:

«إِنِّي أَمَرْتُكُمْ أَنْ تُحْرِقُوا فُلاَنًا وَفُلاَنًا، وَإِنَّ النَّارَ لاَ يُعَذِّبُ بِهَا إِلاَّ اللَّهُ، فَإِنْ وَجَدْتُمُوهُمَا فَاقْتُلُوهُمَا»

«Мен силерди баланча жана баланчаны күйдүрүүгө буйруган элем. От менен Аллах гана азаптайт, ошондуктан аларды тапсаӊар өлтүргүлө», – деди.

Ахмад өзүнүн Муснадында Абу Хурайрадан мындай дегенин риваят кылды: Расулулла A бизди бир ишке жиберип:

«إِنْ وَجَدْتُمْ فُلَانًا وَفُلَانًا لِرَجُلَيْنِ مِنْ قُرَيْشٍ فَأَحْرِقُوهُمَا بِالنَّارِ»

«Эгерде Курайштан баланча жана баланчаны тапсаңар аларды отто күйдүргүлө», – деди. Ошондон кийин биз жолго чыкмакчы болгонубузда Расулулла A:

«إِنِّي كُنْتُ أَمَرْتُكُمْ أَنْ تُحْرِقُوا فُلَانًا وَفُلَانًا بِالنَّارِ، وَإِنَّ النَّارَ لَا يُعَذِّبُ بِهَا إِلاَّ اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ، فَإِنْ وَجَدْتُمُوهُمَا فَاقْتُلُوهُمَا»

«Мен силерди баланча жана баланчаны күйдүрүүгө буйруган элем. От менен Аллах Азза ва Жалла гана азаптайт, ошондуктан, аларды тапсаңар өлтүргүлө», – деди.            

Ошентип, демек тирүү жаныбарларды от менен күйдүрүү арам. Бул арамдык адамга гана тиешелүү болбойт. Ошондуктан, арамдык өкүмү бардык махлуктарга умумий. Демек, шаръий өкүм от менен азаптоо жана от менен күйдүрүү арам деген өкүм болот. Электр тогу менен азаптоо же электр тогу менен өлтүрүү сыяктуу ушул маанидеги бардык нерсе арам.

5 –  Сиз айтып өткөн хадиске келсек, сиз андан от менен күйдүрүү жана от менен өлтүрүү арам эмес, макрух деп түшүнгөнсүз, буга:

«إِنِّي لَأَسْتَحْيِي مِنَ اللَّهِ»

«Албетте мен Аллахтан уяламын», – деген лафзды далил кылып келтиргенсиз. Бул истинбат маржух (күчсүз). Себеби, Расул A ошондон кийин:

«لاَ يَنْبَغِي لِأَحَدٍ أَنْ يُعَذِّبَ بِعَذَابِ اللَّهِ»

«Аллахтын азабы менен азаптоого эч кимдин акысы жок», –деди. Бул хадистин тексти төмөнкүдөй:

Саид ибн Мансур өзүнүн Сунанында Ибн Абу Нажихтен мындай дегенин риваят кылды: Расулулла A бир сарияны жөнөтүп:

«إِنْ وَجَدْتُمُوهُ فَاجْعَلُوهُ بَيْنَ حِزْمَتَيْ حَطَبٍ، ثُمَّ أَشْعِلُوا فِيهِ النَّارَ»

«Эгерде аны тапсаңар отундун арасына коюп туруп,  андан кийин өрттөп жибергиле», – деди. Андан кийин Пайгамбарыбыз:

«إِنِّي لَأَسْتَحْيِي مِنَ اللَّهِ لاَ يَنْبَغِي لِأَحَدٍ أَنْ يُعَذِّبَ بِعَذَابِ اللَّهِ…»

«Албетте мен Аллахтан уяламын, Аллахтын азабы менен азаптоого эч кимдин акысы жок…» – деди. Көрүп турганыӊыздай, Расулулла A:

«لَأَسْتَحْيِي مِنَ اللَّهِ»

«Албетте мен Аллахтан уяламын», – дегенден кийин:

«لاَ يَنْبَغِي لِأَحَدٍ أَنْ يُعَذِّبَ بِعَذَابِ اللَّهِ»

«Аллахтын азабы менен азаптоого эч кимдин акысы жок…», – деди. Бул Бухарий хадиси менен жамдалса от менен азаптоо жана өлтүрүү арам экендиги белгилүү болот.

Тыянак: Мындагы шаръий өкүм чымын-чиркей, курт-кумурскаларга каршы электр аспабы менен өлтүрүү манотунун акыйкатын үйрөнүп чыгууга байланыштуу. Мына ошондо чымын-чиркей, курт-кумурскалар күйдүрүп өлтүрүлдүбү же чымын-чиркей, курт-кумурсканы электр тогу уруп, анын денесинде ток жүрүп өлгөндөн кийин күйдүрүлдүбү, ошол нерсе билип алынат. Ал үчүн болсо адистер тарабынан кошумча изденүү алып баруу керек болот. Ушуга ылайык шаръий өкүм истинбат кылынат.

Мен катымдын башында: «Сизде өкүмдөрдү истинбат кылууга кызыгуу жана маани берүү бар. Талкууӊуздун тарыйкаты жакшы, себеби, сиз далилдерди үйрөнүп алардан өкүмдү биздин усулдагы тарыйкатыбыз боюнча истинбат кылып жатасыз… Бул болсо, жакшылыктан кабар бере турган иш. Мен дуба кылып, Аллах Субханахудан сизге жардам жана тавфик беришин сураймын», – деген сөздөрүмдү кайталаймын.

Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта

1-робиул-аввал, 1435-х.                                                                                                                   

2январь, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here