Кыргызстан муфтийи Рахматулла Эгембердиев 17-декабрь күнү муфтият Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы биргеликте уюштурган тажрыйба ашыруу курстарында катышып жаткан жергиликтүү имамдар менен жолугушту.
Муфтияттын маалымат кызматынын кабар беришинче, муфтий имамдарды укук коргоо органдары жана жергиликтүү өкмөт менен кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды. Муфтийдин баса белгилешинче, имамдар окуучулар менен тарбиялык жолугушууларды өткөрүү үчүн мектеп директорлору менен келишип алышы керек. Муфтийдин айтымында, окуучуларга өзүнүн өмүрүнө кол салуу кандай акыбеттерге алып келишин түшүндүрүп бериш керек.
О.э. имамдар билимин көтөрүп барышы зарыл экендигин белгилеп өттү. Рахматулла Эгембердиев мамлекетте кылмыштуулук даражасы азайганын жана мында диний мекеменин, имамдардын жана даъватчылардын да салымы бар экендигин айтып өттү.
Туркистон:
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Ислам дининин таасири күчөп, коомдун бардык катмары, айрыкча жаштар арасында Ислам динине болгон кызыгуукүчөп о.э. аны ибадат жана адеп-ахлак эле эмес, тескерисинче, өзүнүн түзүмү бар болгон мабда катары түшүнгөндөрдүн саны көбөйүүдө. Бул жараян өкмөттүн тынчын алышы анык. Ошондуктан да өкмөт башчылары Ислам динине каршы күрөштө “балтанын сабын өзүнөн чыгарууга” аракет кылууда.
Ал үчүн эң ыӊгайлуу жолдон т.а. Ислам динин болгону ибадат жана адеп-ахлак деп түшүнгөн о.э. илманий коом менен Исламды ылайыкташтырууга аракет кыла турган, өкмөт сызып берген сызыктан чыкпай турган имамдардан пайдаланууга аракет кылышы табигый.
Мындай ыкма Өзбекстанда көптөн бери ишке ашырылууда. Каримов өзүнүн 24 жылдан ашкан башкаруусу убагында Өзбекстандагы айрым дин уламаларын өзү каалагандай пайдаланып келе жатат. Бул дин уламалары жана имамдар болсо Каримов чыгарган ар кандай токтом же мыйзамдарды, кудум Аллахтан келген өкүм сыяктуу, Куран жана хадисти таъвил кылып, бул мыйзамдарга ылайыкташтырып мусулмандарды адаштырууда бири-биринен ашып кетишти. Ал тургай, “хижаб арабдардын улуттук кийими, мектеп, колледж жана лицей окуучуларына намаз окуу о.э. жума намазына баруу фарз эмес” деп фатва берүүгө чейин жетип барышты.
Каримов менен кызматташууну каалабаган жана акыретин дүйнөнүн арзыбаган матасына алмаштырууну каалабаган өтө көп аалымдар болсо камакка ташталды, куугунтукталды же жок кылынды.
Биз Кыргызстандагы дин уламаларынын да акыретин арзыбаган дүйнө матасына алмаштырбастыгын, ыймандарын жоготпостугун о.э. Абуд-Дарда розияллаху анху риваят кылган Пайгамбарыбыз с.а.в.: “Уламалар пайгамбарлардын мураскорлору. Пайгамбарлар динар жана дирхамды мурас калтырышпады, алар мына ушул илимди мурас калтырышты. Ким аны алган болсо, жетиштүү үлүштү алыптыр”, – деп айткан (Ибн Мажа риваяты, Албаний сахих деген) хадистеги уламалардан болушун тилеп калабыз.