“МАНАС” ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУНУН 51 ПАЙЫЗ АКЦИЯСЫ САТЫЛДЫ

327
0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун социалдык тармактагы өз баракчасында кабар беришинче, Россиянын “НК Роснефть” компаниясынын президенти Игор Сечин жана Кыргызстандын премьер-министринин биринчи орунбасары Жоомарт Оторбаев ортосунда “Манас” эл аралык аэропортунун акцияларынын 51 пайызын сатуу жөнүндөгү документке кол коюлган.

Депутат Дастан Бекешов “Манас” эл аралык аэропортунун акцияларынын 51 пайызын сатуу жөнүндөгү меморандумга кол койгон адамдардын ээлеген позициясына таӊ калгандыгын билдирди.

Анын айтымында, ал өкмөттүн мындай токтомуна каршы. “Биз стратегиялык ишканаларды сатууга укуктуу эмеспиз. 2014-жыл, 19-февраль күнү Кыргызстан өкмөтү жана “НК Ростнефть” компаниясы ортосундагы “Манас” аэропортунун акцияларын сатуу
боюнча меморандумга кол койгон вице-премьердин ээлеген позициясы таӊ калычтуу. Биздин өкмөт мисалы, инвестор каражатын жаткырышы жана пайда табышы мүмкүн болгон биргелешкен ишкана түзүү сыяктуу кызматташтыктын башка жолдорун карап чыгууну каалабастыгын түшүнүү мүмкүн эмес. Аэропорт бул – пайда келтирүүчү стратегиялык ишкана, мындай ишкана туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. “Манас”ты чет өлкөлүк компанияга мүлк катары өткөрүп берүү аркылуу дүйнө менен болгон алаканы жоготуп коёбуз”, – деп эсептейт Дастан Бекешов.

Кол коюлган документке ылайык, “Роснефть” компаниясы “Манас” жана “Ош” аэропортторунда эл аралык трансконтиненталдык хабдарды куруу үчүн максаттуу каражаттарды жаткырышы, арзан баада авиация үчүн күйүүчү майларды жеткирип бериши, аэропортторду заманбап абалга келтириши жана реконструкция кылышы о.э. заманбап жарак-жабдыктарды орнотушу керек болот.

Туркистон: Россиянын Крымды басып алышы дүйнөнүн эл аралык саясатынын негиздерине жарака кетип жатканын жана жакынкы келечекте дүйнөлүк система да, анын геосаясий чегараларында да өтө чоӊ өзгөрүштөр болушу мүмкүн экендигин түшүндүрөт. Россия өзүнүн айланасындагы мамлекеттерди кармап калууга катуу аракет кылышы табигый көрүнүш. Эл аралык саясатта, саясий, экономикалык, сакафий жана аскерий тараптардан алсыз мамлекеттерди колония кылуу ыкмалары бар. Путин өзүнүн экономикалык реформалары астында Россияны бүгүнкү абалга алып келди. Ал Батыштагы атаандаштары менен саясий тараптан атаандаша албайт. Эл аралык уюмдардын дээрлик бардыгы алардын башкаруусу астында. Экономикалык тараптан да Россия аларга атаандаш боло албайт. Путин өзүнүн улутташтыруу реформаларын ишке ашыруу жараянында Россиянын иштеп чыгаруу тармагын эле эмес, балким бүтүндөй системаны иштен чыгарды. Сакафий тараптан Россия СНГ мамлекеттеринин белгилүү бир бөлүгүндө таасирге ээ. Крымды басып алууда ушул куралын ишке салганына да күбө болдук. Украинанын дээрлик жарымында анын сакафий таасири күчтүү. Обама жана бир катар Батыш мамлекеттерин ушул нерсе тынчсыздандырганы сезилип турат.

Кыргызстан да Россиянын сакафий колониясынан кутула алган жок. Россия ушул таасиринен пайдаланып – KABARLAR.KG маалымат агенттиги таркатышынча – 19.03.2014. Бишкекте, Россиядагы Жириновский башкарган ЛДПР партиясынын демилгеси менен маалымат жыйыны болуп өттү. Анда Кыргызстанды Россияга кошупжиберүү маселеси да көтөрүлдү. Биринчи этапта эки мамлекет жарандыгын тастыктоочу документтерге жол ачуу долбоорлорун иштеп чыгуу маселеси көрүп чыгылды. Жириновский өкүлүнүн айтымында, бул аракеттер Путин менен кеӊешилген.
имиш. Демек, Кыргызстанды да жакын келечекте Крым сценарийи боюнча басып алуу
үчүн чөйрө жаратышууда. Акыркы кездерде ар түрдүү саясий аналитиктер тарабынан,
эл аралык системада Россия менен бир тараптуу алака кылууга өтүү керектиги
жөнүндө сөздөр айтыла баштады. Бул нерсе Крым сыяктуу Россиянын аймагына же
бүтүндөй аталыгына өтүү менен ишке ашат. Бул болсо, анын колониясы болушубузду
түшүндүрөт. Башкача жол менен т.а. эгемендүү абалында Кыргызстан бул ишти ишке
ашыра албайт

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here