Кыргызстанда жарандардын жана жарандык коомдордун ишмердүүлүгүн чектөөгө болгон аракеттердин Кыргызстан парламенти тарабынан четке кагылышын Америка Кошмо Штаттары макулдады.
27-ноябрь күнү Кыргызстан парламенти жарандык коомдордун үстүнөн көзөмөлдү күчөтө турган “чыккынчылык туурасындагы мыйзам” долбоорун четке какты. Мыйзам долбоору, өкмөттүк эмес уюмдардын жөнөкөй ишмердүүлүгү, эл аралык үгүттөө иштери же чет өлкөлүк кесиптештерин кабардар кылуу сыяктуу кылмыш кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнү көздөгөн эле.
Мындан бир апта мурда Кыргызстан парламенти башка бир чектөөчү мыйзамды кароону белгисиз бир мөөнөткө кечиктирген болчу. АКШ элчиканасынын айтымында, бул мыйзам чет өлкөдөн финансылык жардам алуучу жана саясий иш-чараларда катышуучу Кыргызстандагы мамлекеттик эмес укук коргоочу уюмдарды “чет элдик тыӊчылар” катары каттоого алат болчу.
Туркистон: Бул “ укук коргоочулар” чындыгында эле “чет элдик тыӊчылар” деп айтса боло турган максаттарга кызмат кылышат. Бирок, кыргыз өкмөтү тарабынан аларга каршы жүргүзүлүп жаткан иштердин баары Россия жана андан бир аз убакыт мурда Өзбекстан жүргүзгөн саясатты кайталап жатканга окшойт. Алар бул сыяктуу иштери менен мамлекеттеринде авторитардык же диктаторлук режимдерин орнотууну максат кылышкан.
АКШнын колонизатордук куралы болгон мамлекеттик эмес уюмдарды, алардын артынан Батыштын маалыматтык машинасын кууп чыгарууга Россиядагы Путиндин режими Атамбаевди мажбурлап келет. Максаты: Бажы биримдиги андан кийин “Евразия экономикалык кызматташтыгы” сыяктуу уюмдарды турмушка ашыруунун негизги тосуктары деп билген демократиялык жараяндарды тизгиндөө аркылуу оппозициялык күчтөрдү жок кылуу үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзүү.
“Ак ит, кара ит – баары бир ит” деп айтылгандай, АКШнын кызыкчылыктары кууп чыгарылышынын артынан Россия же Кытай кызыкчылыктары ордун ээлеп алышынын бизге кандай пайдасы бар. Балким мурункусунан да жаманыраак же жырткычыраак абалдар келиши да мүмкүн. Кумтөр маселеси, Манастагы НАТО авиабазасы маселеси, тыӊчы митайым демократтарды кууп чыгуу маселеси жана башкалардан кыргыз мамлекети же калкы үчүн бирер пайда жок. Болгону алардын орундары гана алмашат.
Атамбаев да диктатуралык режимди орнотууну каалайт. Себеби, чоӊ мамлекеттердин ар биринин карама-каршы келген кызыкчылыктары бар. Алардын ар биринин басым өткөрө алуучу абалдары да бар. Ошолордун ортосунда Атамбаев кыйналып бүттү. Бирок, кудум ушундай проблемалар менен Каримов, Назарбаев, Рахмонов сыяктуу кошуна мамлекеттердин президенттери мынчалык кыйын абалга түшүшпөдү. Атамбаев проблеманы Кыргызстандагы демократиялык жараяндардын өтө өнүгүп кеткендигинде жана эркиндиктер өтө жогорку даражада экендигинде деп билди. А бирок, ал кечигип калды жана адашууда….