Кыргызстандын Коргоо кеңешинин диний тармактагы мамлекеттин саясаты туурасындагы токтомунда, мечит имамдары, имам хатибдер, казылар, Уламалар кеңешинин мүчөлөрү жана муфтий Кыргызстандагы мусулмандар үчүн салттуу болгон ханафий мазхабын кармануучулардан гана дайындалышы сунушталды.
Коргоо кеңеши муфтиятка Кыргызстан калкы үчүн жат болгон жүрүм-турум моделдеринин, кийим-кеченин жана тышкы көрүнүштөрдүн кирип келишине каршы турууну сунуштады.
Муфтиятка муфтий жана уламаларды шайлоо түзүмүн тартиптештирүү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда мечит имамдарын аттестациядан өткөрүү, диний ишкерлер үчүн квалификациялык экзамендердин башка формаларын өткөрүү, анын жыйынтыгы боюнча аларды материалдык жактан сыйлоо системасын түзүү о.э. укук коргоо органдары тарабынан экстремисттик жана деструктивдүү уюмдарга тиешеси бар же жок экендиги тиешелүү түрдө текшерилгенден кийин мечиттердин имамдарын, имам-хатибдерди дайындоо системасын тартипке салуу милдети жүктөлдү.
Фундаменталдык кыймылдардын жана агымдардын экстремисттик доктриналарынын бетин ачуу боюнча канондук мүнөздөгү системага салынган ишти жүргүзүү.
Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте диний экстремизмдин алдын алуу жана диний негиздеги чыр-чатактарга жол бербөө боюнча эки тараптуу иш пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.
Коргоо кеңеши мечиттердин имамдарынын жана райондордун имам-хабиттеринин кызмат орундарына экстремисттик көз караштагы адамдардын өтүүсүн болтурбоо максатында КМДБнын Уставындагы 2009-жылга чейин колдонулуп келген ченемди калыбына келтирүүгө чакырды. Ал боюнча диний уюмдардын жетекчилерин дайындоо жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашылат.
Туркистон:
Президент Атамбаев да диктатордук башкарууну көздөй катуу умтулууда. Ал үчүн оболу оппозициялык көз караштагы адамдарды бир жаӊсыл кылып алды. Оппозициядан аз болсо да колу бошоп калган соӊ, эми бүтүндөй көӊүлүн Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшкө бурду.
3-февраль күнү болуп өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында сөз сүйлөгөн президент: “ Айрым мусулман мамлекеттерде саясатчылар өз кызыкчлыктары жолунда динден пайдаланып, динди курал кылып алышкан. Диний адамдар саясатка аралашканда мамлекет эмне болушун Афганистан, Ирак, Египет жана Сириянын мисалында көрүп жатабыз. Кыргызстанда да айрым саясатчылар айрым бир дин уламалары менен бирге динди саясатка аралаштырмакчы болушууда. Бул терс көрүнүш. Мындай саясий оюндарга чек коюшубуз керек”, – деп айтуу менен күч органдарына жана коргоо кеңешине негизинен каякка көӊүл буруш керектигин белгилеп берген эле.
Коргоо кеңеши диний карама-каршылыктар пайда болушуна жол койбостукка чакырып жаткан болсо да, түпкүлүгүндө жогорудагы токтому менен дал мына ушундай карама-каршылыктарга негиз жаратып берүүдө. Өкмөттүн да негизги максаты ушул болуп, мусулмандар ортосунда биримдик пайда болушуна жол койбостук үчүн аракет кылууда.