Кыргызстан республикасынын мамлекеттик чегара кызматынын жетекчиси Раимберди Дүйшөмбиев кызматтык сапар менен 31-март күнү Баткен областына барган убакта айткан сөздөрүнө ылайык, Кыргызстан Тажикстан менен чегараларын ачты.
Кабар кылынышынча, Кыргызстан Тажикстан суранычы негизинде кыргыз-тажик чегарасындагы айрым көзөмөл-өткөрүү пункттарын ачкан.
“Бордөбө” жана “Карамык” көзөмөл өткөрүү пунктары толук ачылды. “Кайрагач” жана “Кулунду” көзөмөл өткөрүү пунктары чектелген тартипте иштеп жатат. Жогорудагы пунктардан жөө адамдардын өтүшүнө гана уруксат берилген. “Кызыл бел” өткөрүү пункту азырынча жабык”, – деди чегара кызматынын башчысы.
Дүйшөмбиевдин айтымында, Тажикстан өкмөтүнүн расмий суранычынан кийин ушундай токтом кабыл алынган. Эки мамлекет жарандары үчүн жабык болгон көзөмөл өткөрүү пунктунан үчүнчү мамлекет жарандары эч кандай чектөөсүз өткөрүлүп турган.
Үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү Баткен областынын Баткен районунда кыргыз-тажик чегарачылары ортосунда атышуу жүз берип, ошондон улам чегаралар убактылуу жаап коюлган болчу.