Кыргызстан менен Тажикистан чегарачылары ортосунда куралдуу кагышуу болду

235
0

11-январь күнү Баткен областынын Аксай айылында Кыргызстан менен Тажикистан чегарачылары ортосунда куралдуу кагышуу болду.

Кыргызстандын чегара кызматынын коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен байланышуу бөлүмүнүн кабар беришинче, тажик чегарачылары биринчи болуп кыргыз чегарачыларына карата курал колдонушкан. Атышуунун натыйжасында эки тараптан теӊ жарадар болгондор бар. Кыргыз тараптан беш аскер жарадар бологон.

Жүз берген окуянын себептерин көрүп чыгуу максатында Баткен областына чегара кызматынын башкы штаб башчысы полковник Искендер Мамбеталиев жөнөтүлдү.

Жүз берген окуя себептүү кыргыз-тажик чегараларынын өткөрүү пункттарында жарандар жана транспорттордун өткөрүлүшү убактылуу токтотулду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here