Президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоевди тааныштырды.
Мамлекет жетекчиси КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына мамлекеттин коопсуздугун камсыздай турган мамлекеттик органдардын өз ара кызматаштыгын уюштурууну о.э. күч жана каражаттардан биргеликте пайдаланууну пландаштыруу милдетин жүктөдү.
Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөр Генералдык штабынынын алдында турган милдеттер өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.
Мамлекет жетекчиси Кыргызстандын аскер кызматкерлери өкмөт тарабынан тиешелүү колдоону сезе башташын айтып о.э. өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн негизин бекемдөө маанилүү экендигин баса белгилеп: “Мамлекетти чыӊдоо ишинде офицерлер алдыӊкы позицияда жүрүүгө милдеттүү”, – деди.
Алымкожоев Асанбек Тунгучбаевич 1956-жылдын 11- апрелинде Чүй облусундагы Сокулук районунун Сарбан айылында туулган. Жогорку билимдүү. Кадрдык офицер, “генерал-майор” аскердик наамынын ээси.
Туркистон:
Кыргызстанда күч түзүмдөрү Атамбаев ишене турган даражада бекем эмес. Алардын арасында бир нече күчтөрдөн таасирленген жетекчилер көбөйүп барууда. Ал тургай, мусулмандардан таасирленген даъватчылары да бар. Атамбаев алар менен авторитардык режим орното албастыгын билет. Ошондуктан, ага алардын үстүнөн аларга караганда ыйгарым-укуктары бир нече эсеге көбүрөөк жана өзүнө гана моюн сунуучу орган керек болуп калды. Дээрлик бардык авторитардык мамлекеттер диктатордук режимдерине ушундай жол менен барышкан. Бирок, бул бир нече айда жетише турган иш эмес. Каримов да ФСБсын күчүнө киргизгенче бир нече жылдар бою ар кимге таазим кылып, мусулмандар алдында тизе бүгүп Ислам мамлекетин куруп берүүгө убада кылып жана террористтик иштерди уюштуруп жатып өтө кыйынчылык менен режимди орноткон эле. Режимди орнотуудагы негизги иш, саясий жетик лидерлерден мамлекетти тазалоо. Демек, Атамбаев да жакында коррупция менен күрөшүү долбоору негизинде керексиз деп билген бардык саясий оппоненттеринен кутула баштайт.