“КУМТӨР” МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА БИЗДИН КҮЧҮБҮЗ ЖЕТПЕДИ

325
0

Канаданын Centerra Gold Inc компаниясы менен жүргүзүлгөн акыркы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы каралган парламенттин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев: “Кумтөр” бириккен ишканасыны долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга көтөрүүгө өкмөттүн күчү жетпеди”, – деди.

Анын айтымында, министрлер кабинети алдында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү же маселени сот аркылуу чечүү сыяктуу эки жол бар эле.

“Биз соттошо албайбыз, себеби, жакшы натыйжаларга жетишүү кыйын болот. Ал эми, парламент бизден сурагандай кошмо ишкананын 67 пайыздык үлүшүнө жетишүүгө күчүбүз жетпеди”, –  деп айтты премьер-министр.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Ташболот Балтабаев, министрлер кабинети парламенттин тапшырмасын аткарышы керектигин, эгер аткара албаса, анда премьер-министр отставкага кетиши керектигин белгилеп өттү.

Туркистон: Акыры келип кыргыз өкмөтү да, эл аралык системанын коррупциялашкандыгын тан алды. Ал тургай, булардыкы акыйкат болгондо да, чоӊ мамлекеттердин кызыкчылыгына каршы эч нерсени өзгөртө алышпайт. Ал тургай, бул демократиянын негизи болгон элдин каалоосу болгондо да. Себеби, эл аралык саясат демократияга алда качан эле түкүрүп койгон, бизге окшогон сокур мамлекеттер гана ага ишенип, умтулуп келе жатабыз. Эл аралык уюмдардын бардыгы ошол чоӊ жетекчи мамлекеттердин кызыкчылыктарына кызмат кылышат. Жогоруда Сатыбалдиев да ошону тан алып, “биз аларга теӊеле албайбыз” деп туура айтты. Бул система негизинде аларга эч качан теӊеле албайбыз. Ошондуктан, алар менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу, алар тараптан түзүлгөн ушул системаны үстүбүздөн алып ыргытуу. Себеби, бул системаны алар өздөрү иштеп чыгышкандыктан, ар тараптуу акыйкат болуп чыга беришет.

Исламды система катары турмушка алып келүүнүн убагы келди. Болгону ушул жол гана биздин мүлктөрүбүздү бул ач көздөрдөн сактап калат. Логикалык жактан ойлонуп көргөнүбүздө да, бул системада биз акыйкат болуп туруп да жеӊип чыга албаган соӊ, бизге анын эмне кереги бар!? Ордун ээлеши жана аны жеӊүү кубатына ээ болгон жападан-жалгыз система болсо Ислам. Муну ар кандай саясатчы четке кага албайт. Эгерде Исламга кайтпасак, бизди көзгө илбестен байлыктарыбызды ташып кете беришет!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here