Казакстан республикасынын улуттук банкынын маалымат кызматынын кабар беришинче, 2013-жылдын үчүнчү кварталында Казакстандын тышкы карызы 147 миллиард долларга, ошону менен бирге фирмалар аралык карыз 72 миллиард 547 миллион долларга барабар болгон. Бул болсо – фирмалар аралык карыздан тышкары – ар бир адамга эсептегенде 4 миӊ 410 долларга барабар болот.
О.э. маалымат кызматы кабар беришинче, 2013-жылдын январынан сентябрь айына чейинки убакта тышкы карыз 8 пайызга, 136 миллиард 925 миллиондон 147 миллиард 965 миллион долларга көбөйгөн.
Казакстан улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2013-жылдын тогуз айындагы көрсөткүчтөр боюнча Казакстан Кыргызстандан 125 миллион доллар, Өзбекстандан 76, 2 млн. доллара, Түркмөнстандан 13,1 млн. дол. жана Тажикстандан 45,9 миллион доллар карыз.
Ошол эле убактагы көрсөткүч боюнча, Казакстан Россиядан 4 миллиард 713 миллион доллар, Белоруссиядан болсо 118,9 миллион доллар карыз.
Туркистон:
Казакстан Россия, АКШ, Кытай жана Европа мамлекеттери тарабынан экономикалык жактан колдоп турулат. Россия менен ортосундагы чегаралар дээрлик алып салынган. Бажы биримдигине мүчө болгондуктан чегаралары да Россиянын көзөмөлүндө. Калкынын жашоо деӊгээли жогорулап бара бериши менен Казакстан экономикасына жарака кетиши мүмкүн. 2013-жылдагы мамлекеттик бюджеттин дефицити 1 миллиард долларга барабар болду. Бул нерсе казак мамлекетинин экономикасы тышкы чоӊ мамлекеттерден келүүчү инвестиция жана жардам негизине курулгандыгын билдирет. Демек, Казакстан экономикасы, дүйнөлүк системанын стабилдүүлүгүнө жана экономикалык о.э. саясий кризистерден алыс турушуна байланыштуу. Болбосо казак өкмөтү бюджеттин дефицитин жаба албай калат.
Эл аралык саясат тарабынан Казакстан сыяктуу мамлекеттердин бюджет таӊкыстыгынын толтурулушу болсо, ошол мамлекет жетекчилеринин чыккынчылыктары же экономикалык ??гумрох экендиктеринин акысына ишке ашырылат. Себеби, бул жардамдын келбей калышы, мамлекеттин үстүндөгү проблемаларын өздөрү чечишине мажбурлайт. Ошондо ар бир колония болгон мамлекет өзүнөн чыгуучу сырьёлорду кайрадан иштетүү үчүн оор өнөржайын өнүктүрүүгө киришет. Ошондуктан, дүйнө экономикасын глобалдаштырган чоӊ капиталистер, ал тургай саясий жактан келише албай турган мамлекеттердин да бюджет жетишпестигин толтуруп турушат. Бирок, карызга батырып алып, бечара алсыз мамлекеттерге Кыргызстан сыяктуу абалга алып келишкенден кийин т.а. өнөржайын өнүктүрө албай турган абалга алп келишип, ошол карыздарын талап кылуу аркылуу басым өткөрүүгө өтүшөт. Түпкүлүгүндө эгерде ошол капиталист колонизаторлор аралашпаса алынган карыздардын өлчөмүндөгү акчаны табуу өтө жеӊил. Бул нерсе болгону өнөржайды өнүктүрүү аркылуу гана болот.