Афганистан президенти Хамид Карзай АКШ менен түзүлгөн коопсуздук келишимине кол коюу үчүн Америкага шарт койду.
Карзайдын айтымында, коопсуздук келишимине кол коюшу үчүн АКШ аскерлери афган калкы жашап жаткан үйлөргө бастырып кирүүнү токтотуусу керек. Афган президенти мындан тышкары дагы бир талапты да ортого койду. Ал Талибан менен келишүү жараянында ортомчулук кылып берүүнү АКШдан талап кылууда. Карзайдын баса белгилешинче, бул эки шарт толук ишке ашырылышы керек болгон алгачкы негизги шарттар.
Президент Карзай үч күндүк сапар менен Индияда жүрүп, Жаӊы Делиден ушул билдирүүсүн берди.
АКШ менен түзүлгөн коопсуздук келишиминде АКШ аскерлери 2014-жылдан кийин да Афганистанда калышы назарда тутулган. Максат, Карзайга караштуу болгон Афган армиясын Ал-Каидага каршы күрөшүү үчүн дагы да жакшыраак даярдыктан өткөрүү.
АКШ Карзайдан жылдын аягына чейин келишимге кол коюуну талап кылып келет. Болбосо, 2014-жылдын аягында Афганистандан бардык аскерлерин алып чыгып кетүү менен коркутууда.
Афганистан аксакалдар кеңеши – Лоя Жирга АКШ менен түзүлгөн коопсуздук келишимине кол коюунун тарапкечи. Лоя Жирга Карзайды кол коюуга чакырып келет. Ал эми, Карзай болсо 2014-жылдын апрель айында өткөрүлүүчү шайлоодон кийин кол коюу пикирин көтөрүп чыгууда.
Туркистон: 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йоркто ишке ашырылган жардырууда 2977 киши өлгөн. Ошону шылтоо кылып АКШ Афганистанга бастырып кирди. Ал жерде өзүндө өлгөндөрдөн 100 эсе көп адамдын өлүмүнө себепкер болду. Бирок, бул согушта өзү да жоготууларга учурады. Эми Карзай менен биргеликте, экинчи маселени маанилүү кылып көтөрүп, биринчисин аттап өтүп кетишмекчи. Биринчи маселе болсо төмөнкүдөй эле:
– Бизге али далилденбеген Ал-Каиданын айыбы үчүн жүз миӊдеген мусулмандардын бейкүнөө төгүлгөн кандары үчүн ким кун төлөйт?
– Эмне үчүн эл аралык коомчулук унчукпай турат. Эмне үчүн алар адамдарга жана мамлекеттерге ар түрдүү мамиле билдиришет?
– Күчтүү мамлекеттер өз жарандарынын кунун жогорудагы сыяктуу алышса, алсыз мамлекеттер кандай жол тутушу керек?
– деп, БУУга кайрылып, БУУ бул маселелерди чечип бербеген соӊ, ушул кун маселесинин чечими жөнүндө пикирлөөнү алгачкы маселе кылуу зарыл болчу! Б.а. бүт дүйнө мусулмандары ушул маселени көтөрүп чыгып, ушул эл аралык уюмдардын чыныгы жүзүн ачып ташташыбыз керек. Алардын дүйнөнү жырткычтырча башкаруу системасынын жарагыс экендигин ачып таштоодо биригишибиз керек. Анткени, Афганистан сыяктуу мамлекеттердин жеке абалда бул системага күчү жетпейт. Себеби, бул бир мамлекеттин эмес, бүтүндөй үммөттүн проблемасы болуп ошол куфр сызып берген чегаралар бизди адаштырып койбошу керек.
Абдураззок.