Сириянын эң ири топторунун бири болгон “Ахроруш Шам” тобунун командачысы Ал-жазира телеканалына интервью берди.
“Ахроруш Шам” командачысынын айтымында, Сирияда согушуудан максат Асад режимин кулатуу эле эмес, тескерисинче Асад режимин кулатып, анын ордуна Ислам мамлекетин тикелөө.
Ал интервьюсунда: “Алгачкы максатыбыз Асад режимин кулатуу. Андан кийин чегараларды жок кылуу. Биз зулум дептерин жаап, адамдарга бейпилдик тартуулай турган Ислам мамлекетин тикелөөнү каалайбыз. Калктын каалоосу да кудум ушундай. Калк муну сабырдуулук менен ынтызар болуп күтүдө”, – деди.
“Батыш Исламды жазалар мыйзамынан турат деп түшүндүрөт. Түпкүлүгүндө болсо, Ислам турмуштук түзүм. Исламда тышкы саясат жана соода сыяктуу адамдар арасындагы өз ара алакаларга тиешелүү маселелердин да өкүмү бар. Ислам адамдарды “амри маъруф жана нахий мункар” кылууга буюрат”, “Адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюмдар биз жөнүндө таркатып жаткан жалган кабарларга келсек, алар булак катары режимге таянышат. Алар бейтарап эмес”, – деп кошумчалады Хассан Аббауд.
Ал-жазиранын журналисти тикелене турган Ислам мамлекети аз сандагы улуттарга кандай мамиледе болушуна жана бул мамлекетте аялдардын билим алуу укугу болобу деген маселеге кызыкты. Ага жооп катары командачы: “Ислам түзүмү Батыш мыйзамдарынан толук айырмаланат. Батыштын теӊдик түшүнүгү менен Исламдыкы бири-бирине карама-каршы. Ал тургай, Сирия оппозициясынын бири болгон христиан Мишель Кило да Ислам түзүмү астында жашоону бир проблема деп билбейт. Ислам адамдардын акыларын берет”. “Аялдардын болсо шарият белгилеп берген чегараларга ылайык билим алуу жана иштөө укуктары бар”, – деп баса белгиледи.
Сириядагы башка исламий топтор менен мамилеси тууралуу Аббауд: “Биз козголоӊ башталгандан бери бардык топтор менен биргеликте аракет кылдык. Ал эми Сирия азат армиясына келсек, алардын бул козголоңго эч бир таасири жок. “Жабхатун нусра” жамааты Асад режимине каршы өтө күчтүү жана тынымсыз күрөшкөн бир жамаат. Алардын башка жамааттар менен согушкандыгын көрбөдүк. Ошондой болгон соӊ, биз алар менен кызматташтыкта режимге каршы согушууга даярбыз. “Ирак жана Шам Ислам мамлекети” менен да кызматташтыкта согушкан убактарыбыз болду. Алар да, биз да, “Жабҳатун нусра” да, Ислам мамлекетин тикелөө үчүн күрөшүп жатабыз. Болгону “Ирак жана Шам Ислам мамлекети”нин кээ бир тактика жана стратегияларын кабыл албайбыз.
Маек убагында командачы Женева-2 конференциясына катышууну четке кагып, АКШ жана Батыш Ислам мамлекети тикеленишинен корккондуктан улам бул конференцияны өткөрүүгө катуу аракет кылып жаткандыгын баса белгиледи.
“Биз Женева-2 конференциясына эч качан катышпайбыз. Ал жерге баруучу жамааттардын майданда эч бир таасири жок. Ал тургай, ага катышмакчы болуп жаткан Сирия улуттук коалициясынын өзүнүн ичинде да биримдик жок. Алар биз ортого таштап жаткан алтернативадан т.а. Асад режиминин ордуна келүүчү түзүмдөн катуу коркушат. Бул алтернатива чындыгында бардыгынын арзууларын ишке ашырат. Биз Женева-2 конференциясын ынкылаптан көздөлгөн максаттан буруп коюучу нерсе деп билебиз. Биздин максатыбыз анык. Максатыбызга жеткенге чейин токтобойбуз. Женева-2 конференциясында кабыл алынган токтомдордун биз үчүн эч кандай мааниси жок, ал Сирия улуттук коалициясына гана тийиштүү. Биз болсо күрөшүбүздү уланта беребиз”, – деди командачы Аббауд.