Басма сөз баянаты
Ислам түзүмү жана өкүмдөрү колдонулмайынча мамлекеттин урматы эч качан тикеленбейт
2014-жылы 2-март күнү бийлик менен түндүктөгү Элдик азаттык кыймылы ортосундагы сүйлөшүүлөр токтогондон бери Дарфурда зомбулуктар күчөдү. 3-март күнү «Судан боштондук армиясы» менен «Азаттык жана адилет» кыймылдарынын биргелешген күчтөрү Тавиша, Луайт, Жору Набий, Хасканита жана Каламанду региондоруна чабуул кылышты. Эртеси күнү Сарфи Умрада уруулар ортосунда согуш күч алды. Булардын баары Дарфур түштүгүндөгү Умму Гуня, Хужайр, Тунжу жана Саних Далиба региондорунда аскерий иш-аракеттер өткөрүлүп жатканда жүзөгө келди.
Бул окуялардын акыбетинде ондогон адам өлтүрүлдү, он миңдеген адамдар көчүрүлүп, качкындарга айланышты. Дарфур ири колонизатор мамлекеттердин жооптууларынын жана алардын куурчактарынын билдирүүлөрү аркылуу дүйнөлүк окуялардын иримине кирди. Британия тышкы иштер министрлигинин Африка маселелери боюнча министри Марк Сименс: «Дарфурдагы, өзгөчө, анын түштүгүндөгү зомбулуктардын курчушу 40 миң адамдын чет мамлекетке көчүп кетишине алып келди», – деп билдирүү берди («Судан Трибьюн», 2014-жыл, 9-март). «Америка мамлекеттик департаменти Хартумду мыйзамбузууларды токтотууга о.э. аба чабуулдарын ишке ашырбоого чакырды» («Судан Трибьюн», 2014-жыл, 10-март).
Дарфурдагы регионалдык бийлик жетекчиси Илтижаний Сисий Судан бийлигине кудуретсиз деп баа берип: «Дарфурда мамлекеттин бийлиги бүтүндөй жок», – деди жана минтип кошумчалады: «Абал бирер кескин чарасыз же чечимсиз ушул абалда тура берсе, бул Доха резолюциясына да, Дарфурдагы жана бүткүл Судандагы тынчтыкка да терс таасирин тийгизет» («Судан Трибьюн», 2014-жыл, 7-март).
Түпкүлүгүндө, мамлекет өз урматын жоготкондон улам Дарфурда коопсуздук проблемасы жаралды. Себеби, коопсуздук куралдуу күчтөр жана аскерий техниканын саны менен эмес, мамлекет айбаты-таасири менен кармалып турат.
Мамлекет өз урматын жоготушуна ушул нерселер себеп болду:
Мамлекет уруулардын, регионалдык жана эл аралык күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөп коопсуздукту сактоо милдетин аткаруудан баш тартты;
Мамлекет уруу меселелерин көтөрүп чыгып, алардын айрымдарын дос, айрымдарын козголоңчу деп, өзүнө жан тарткан урууларды куралдантып өзүнө душман арттырып алды;
Аскерий кылмышкерлердин зомбулуктарын макулдап, чынчыл жана калыс адамдарды кылмышкерге чыгарды;
Түштүк Суданды бөлүп, өлкөгө жана калкка жамандык каалаган ар бир кимсе үчүн шарт жаратты;
Тынчтыкка жетишүү жана кан төгүлүшүн токтотуу сыяктуу чүмбөттөр астында өлкөнүн жана калктын маселелерин колонизатор кафир душмандын колуна тапшырды.
Бир тарапта тизгини бийликтин колунда турган куралданган уруу күчтөрү, экинчи тарапта тизгини бийлик жана кафир Батыштын колунда турган козголоңчу кыймылдар өлкөдө шүмшүңдөп жүрүп бузгунчулук таратышууда. Алардын баарын чечимдерди улуу Ислам мабдасынан алган, коопсуздук мамлекеттин – милдети, мусулмандар – башка калктардан өзгөчөлөнгөн бир Үммөт, эң алсызды коргоп, зомбулук кылган эң күчтүүгө каршы турган бир муштум деп белгилеген Роббул аламиндин Сөзүнө негизделген мабдаий мамлекет гана токтото алат. Арийне, Аллах күчтүүлөр өз мойнундагы акыны аткарышмайынча алсыз эсептелет, алсыздар өз акыларын алышмайынча күчтүү эсептелишет, колонизатор кафирдин колдорун кесүү керек деп белгилеген. Аллах Субханахунун уруксаты менен, туура жолду тутуучу экинчи Халифалык мамлекети астында жакында бул нерселердин баары албетте жүзөгө чыгат.
Ибрахим Усман (Абу Халил)
Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү
Телефон: 0912377707 – 0912240143
Электрондук почта: spokman_sd@dbzmail.com