Иброхим Хаббас тарабынан берилген парик кийүү жөнүндөгү суроого жооп

270
0

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух!

Аллах сизди жакшылык менен сыйласын жана бул амалыңызды бизге пайдалуу кылсын. Бирок, урматтуу шейх, сиз суроонун ушул тарабына жооп бербедиңиз: Анын куллия өкүмү кандай? Т.а. эгер аял үйүндө болсо, парик кийиши жайизби же бул «чач улоочу жана улатуучунун» өкүмүн алабы?

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!

Биз бул маселеге, парик кийүү зийнат эсептелгени үчүн парик кийип көчөгө чыгуу жайиз эмес деп жооп берип интернет бетибизде басып чыккан элек. О.э. ушуну да айтканбыз, жалпы турмуштагы кийимде үч абал шарт кылынат. Алар: авратты жабуу, зийнат болбошу жана жилбаб кийүү. Парик кийүү зийнаттануу эсептелет. Ошондуктан, жоолук парикти бүтүндөй жаап турган абалда гана көчөгө чыгуу жайиз.

Эгер, сиз «куллия» деген сөзүңүз менен аялдын парикте университетке баруусун назарга алып жаткан болсоңуз, бул жайиз эмес. Ал эми, аял парикти үйүндө кийиши, аны махрамдары жана эри гана көрсө жайиз. Бирок, эринин ага-иниси анын парик кийип жүргөнүн көрүшү жайиз эмес.

Ал эми, парикти чач улоочу жана улатуучу маанисинде айтуу туура эмес. Себеби, васила (чач улоочу) чачынын үстүнөн парик кийүүчү эсептелбейт, тескерисинче, чачын узун кылуу үчүн чачына башка чач улоочу аял васила саналат. Васила кайда болбосун, ал тургай, үйүндө болсо да арам. Бухарий Абу Хурайра Gдан риваят кылган хадисте Набий A:

«لَعَنَ اللَّهُ الوَاصِلَةَ وَالمُسْتَوْصِلَةَ…»

«Аллах чач улоочу жана улатуучу аялды… наалаттады», – деди.

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта                                               

   19-шаъбан, 1434-х.

   28-июнь, 2013-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here