Самих Райхан Абу Майсаранын
1 – Халифалык термини фикхий терминби же саясий терминби?
2 – Дүйнөдөгү укубат кыяматта күнөөгө каффарат болобу? –
деген суроолоруна жооп
Суроолор:
Ассаламу алайкум, менин эки суроом бар:
Биринчи: Исламий мамлекет үчүн Халифалык термини Аллах ушул мамлекетке фарз кылган фикхий терминби же саясий терминби?
Экинчи: Белгилүү болгондой, Исламда эгерде пенде күнөө кылып халифа ага хад, касас же таъзир колдонсо кыямат күнү андан ушул күнөөнүн жазасы сакит болот (т.а. ушул күнөө үчүн жазаланбайт). Бул жерде суроо төмөнкүдөй:
Биз бүгүнкү күндө зордукчул илманий башкарууга моюн сунуудабыз жана куфр диярында жашап жатабыз. Эгерде пенде бүгүнкү күндө күнөө кылса жана вазъий мыйзамдан келип чыккан укубат менен жазаланса – мисалы адам өлтүргөнү үчүн өлтүрүлсө же уурулук кылганы үчүн камалса, акыйкатта болсо уурулуктун жазасы колду кесүү – кыямат күнү андан ушул маъсияттын күнөөсү сакит болобу? Аллах сизди бизден жана мусулмандардан бардык жакшылыктар менен сыйласын.
Жооптор:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух
Биринчи суроого карата айта турган болсок, Аллах Үммөткө фарз кылган башкаруу түзүмү – Халифалык. Ошондуктан, Халифалык фикхий термин т.а. шаръий акыйкат болуп эсептелет. О.э. Халифалык башкаруу түзүмү болуп эсептелет т.а. Халифалыкта халифа ишке ашыра турган саясий иштер бар. Мунун тафсилаты төмөнкүдөй:
1 – Халифалык фикхий термин – «шаръий акыйкат». Анткени, шаръий нусустар буга далил болуп келген. Ошолордон:
– Аллах Субханаху ва Таала айтат:
«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу)заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул(убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кимселер» [24:55]
– Ахмад жана Абу Давуд Таялисий Хузайфа ибн Ямандан риваят кылган хадисте Расулуллах A:
«إِنَّكُمْ فِي النُّبُوَّةِ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا عَاضًّا، فَيَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ يَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ، ثُمَّ سَكَت»
«Силердин араӊарда пайгамбарлык Аллах каалаганчауланат. Андан кийин Аллах каалаган убакта аны көтөрөт. Андан кийин пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалык болот жана ал Аллах каалаганча уланат. Андан кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Андан кийин раиятына зулум жана адилетсиздиктер жете турганпадышалык болот жана ал Аллах каалаганча уланат. Андан кийин Аллах өзү каалаганда аны көтөрөт. Андан кийин залим жана зордукчул (падышалык) болот жана ал Аллах каалаганча уланат. Андан кийин Аллах өзү каалаганда аны көтөрөт. Андан кийин пайгамбарлык минхажы негизиндегиХалифалык болот, – деди. Андан кийин Пайгамбар A сүкүт сактады».
– Муслим Абу Хозимдин мындай дегенин да риваят кылды: Мен Абу Хурайра менен беш жыл чогуу болдум жана андан Набий Aдын мындай дегенин уктум:
«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأَنْبِيَاءُ، كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لاَ نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَيَكُونُ خُلَفَاءُ فَيَكْثُرُونَ»، قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: «فُوا بِبَيْعَةِ الأَوَّلِ فَالأَوَّلِ، وَأَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ»
«Бани Исраилге пайгамбарлар саясат жүргүзөт эле. Качан бир пайгамбар өлсө, артынан башка бир пайгамбар келет эле. Менден кийин болсо пайгамбар жок. Халифалар болот жана алар көбөйүп кетишет». Ошондо: Бизди эмнеге буюрасыз? – деп сурашкан эле, Расулулла: «Биринчисинин, жалаӊ гана биринчисинин байъатына бапаа кылгыла жана алардын акыларын бергиле, анткени Аллах алардан жарандарды кандай башкарганы тууралуу сурайт», – деп жооп берди.
– Муслим Абу Саид Худрийден риваят кылган хадисте Расулуллах A:
«إِذَا بُويِعَ لِخَلِيفَتَيْنِ، فَاقْتُلُوا الْآخَرَ مِنْهُمَا»
«Эгерде эки халифага байъат берилсе, алардын экинчисин өлтүргүлө», – деген.
Шаръий нусустар түзүм «Халифалык» экендигин, бул түзүмдөгү акимдер болсо «халифалар» экендигин баян кылган. Аларды Расулуллах A жана хулафаи рошидиндер ушундай аташкан. Халифа момундар амири жана мусулмандар имамы болуп, аларды Аллах Субханахунун шарияты менен башкарат. Т.а. «Халифалык» жана «халифа» ага далил келген фикхий терминдер – «шаръий акыйкат» болуп эсептелет. Биз бул далилдерди жогоруда айтып өттүк.
2 – Эми Халифалык түзүмүнүн фарздыгына келсек, буга Куран, Сүннөт жана сахабалар ижмасынан далилдер келген. Ошолордон Куранда Аллах Таала Расулуллах Aга хитаб кылып мындай деди:
«алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын жана сага келген акыйкаттан жүз үйрүп, алардын көӊүл каалоосуна ээрчибе!» [5:48]
«(Эй Мухаммад), алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын напис-каалоосуна ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитнага салып коюшунан этият бол!» [5:49]
Расулуллах Aга “адамдар ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын” деп айтылган хитаб ал кишинин Үммөтүнө болгон хитаб болот. Мунун мафхуму “Расулуллах Aдан кийин адамдар ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылуучу акимди пайда кылгыла” дегени. Бул хитабдагы буйрук катъийликти түшүндүрүп жатат. Анткени, бул жерде хитаб мавзусу фарз. Бул болсо, усул илиминде болгону сыяктуу катъийликке далалат болот. Расулуллах Aдан кийин адамдар ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылуучу аким бул – халифа. Мына ушундай башкаруу түзүмү Халифалык түзүмү болуп эсептелет. Мындан тышкары, хаддарды жана башка өкүмдөрдү тикелөө важиб, алар болсо аким аркылуу гана тикеленет. «Важиб эмне менен ишке ашса, ал да важиб» коидасына ылайык, шариятты тикелей турган акимди пайда кылуу важиб. Андай аким халифа, башкаруу түзүмү болсо Халифалык түзүмү болуп эсептелет.
Сүннөткө келсек, Нофеъден риваят кылынышынча ал мындай деди: Мага Абдуллах ибн Умар айтты: Мен Расулуллах Aдын мындай дегенин уктум:
«مَنْ خَلَعَ يَدَاً مِنْ طَاعَةٍ لَقِيَ اللَّهَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ لاَ حُجَّةَ لَهُ، وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»
«Кимде-ким итаат кылуудан баш тартса, кыямат күнү Аллахка хужжаты жок абалда жолугат. Кимде-ким мойнунда байъат жок абалда өлсө жахилият өлүмү менен өлүптүр»(Муслим риваяты). Демек, Набий A ар бир мусулманга мойнунда байъат болушун фарз кылды, мойнунда байъатсыз абалда өлгөн адамды “жахилият өлүмү менен өлүптүр” деп сыпаттады. Байъат Расулуллах Aдан кийин халифага гана берилет, башка эч кимге берилбейт. Бул хадис ар бир мусулмандын мойнунда байъат болушун важиб кылууда т.а. анын жүзөгө чыгышы менен ар бир мусулман байъат берүүгө акылуу болгон халифанын болушун важиб кылууда. Эгерде мусулман халифа бар болбой туруп өлсө, анын өлүмү жахилият өлүмү болот. Бул Ислам менен өкүм жүргүзүүчү халифаны пайда кылууга аракет кылбастыктын күнөөсү оор экендигине далалат кылат.
Эми сахабалар ижмасына келсек, сахабалар – алардан Аллах ыраазы болсун – Расулуллах A өлгөндөн кийин ал кишинин халифасын тикелөө керектигине ижма кылышкан. Сахабалардын халифаны тикелөө важибдигине катъий ижма кылгандыктары Расулуллах A көз жумгандан кийин Пайгамбарыбыз Aды жайына узатууну кечиктирип, ал кишинин халифасын тикелөө менен алек болушунда даана көрүндү. Акыйкатта болсо, сөөктү тезирээк жайына узатуу фарз. Расулуллах Aды даярдоо жана жайына узатуу менен алектениши керек болгон сахабалардын бир бөлүгү аны менен алек болбой, халифаны тикелөө менен алек болушту. Сахабалардын калган бөлүгү болсо буга сүкүт сакташты жана алар да сөөктү жайына узатууну эки күнгө кечиктирүүдө шерик болушту. Акыйкатта болсо, буга каршы чыгышы жана сөөктү узатуу менен алектениши мүмкүн болчу, буга кудурети жетет эле. Расулуллах r дүйшөмбү күнү шашкеде дүйнөдөн кайтты, шейшембиге өткөн түнү да да, Абу Бакрга байъат берилген шейшемби күнү күндүзү да жерге коюлбады. Ошондон кийин шаршембиге өтө турган түнү жерге коюлду. Т.а. жерге узатуу эки түнгө кечиктирилди. Расулуллах r жерге коюлушунан мурда Абу Бакрга байъат берилди. Демек, сөөктү жерге коюудан мурда халифаны дайындоо менен алектенүү ижма болуп калды. Бул халифаны дайындоо сөөктү жерге узатуудан важибирээк болгондугуна далил болот.
Ушуга ылайык, Халифалыкты тикелөө жана халифаны пайда кылуу эң маанилүү фарз болуп эсептелет.
3 – Эми Халифалык Исламдагы башкаруу түзүмү экендигине, анда халифа ишке ашыра турган саясий иштер бар экендигине келсек, саясат иштерди камкордук менен башкарууну түшүндүрөт. Халифалык жана халифанын негизги иши Үммөттүн иштерин камкордук менен башкаруу жана аким тарабынан иштердин башкарылышы саясат болуп эсептелет.
Саясат сөзү лугатта «ساس يسوس» сөзүнөн алынган болуп, акимдин иштерди башкарышы түшүнүлөт. Комусул Мухитте «سست الرعية سياسة жаранга саясат кылдым: Аларды буйрудум жана кайтардым» деп келет.
Мухторус Сихахта «سوس» бөлүмүндө төмөнкүдөй келет: «سَاسَ الرَّعِيَّةَ يَسُوسُهَا سِيَاسَةً بِالْكَسْرِ».
Үммөттүн иштерин башкарууну халифага байлаган хадистер да келген. Ошолордон:
Бухарий Ибн Шихабдан риваят кылды… ага Салимдин айтышынча, Абдуллах ибн Умар мындай деди: Мен Расулуллах Aдын мындай дегенин уктум:
«كُلُّكُمْ رَاعٍ، وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، الإِمَامُ رَاعٍ وَمَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ…»
«Ар бириӊер жетекчисиӊер жана ар бириӊер өз раиятыӊардан жоопкерсиӊер. Адамдарга башчы болгон имам жетекчи жана ал өз раиятынан жоопкер». Халифанын иши жарандардын ишин камкордук менен башкаруу. Аким тарабынан иштердин башкарылышы лугавий мааниге ылайык, саясат болуп эсептелет.
4 – Эми акыркы: «Укубат кыямат күнү күнөөгө каффарат болобу?» – деген суроого келсек, эгерде укубат исламий мамлекет тарабынан т.а. вазъий мыйзамдар менен өкүм жүргүзө турган эмес, тескерисинче, Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзө турган мамлекет тарабынан колдонулган укубат болсо күнөөгө каффарат болот. Мунун тафсилаты төмөнкүдөй:
– Муслим Убада ибн Сомиттен риваят кылган хадисте ث айтат: Биз Расулуллах A менен бир жыйында бирге элек. Ошондо Расулуллах A:
«تُبَايِعُونِي عَلَى أَنْ لَا تُشْرِكُوا بِاللَّهِ شَيْئًا، وَلَا تَزْنُوا، وَلَا تَسْرِقُوا، وَلَا تَقْتُلُوا النَّفْسَ الَّتِي حَرَّمَ اللَّهُ إِلَّا بِالْحَقِّ، فَمَنْ وَفَى مِنْكُمْ فَأَجْرُهُ عَلَى اللَّهِ، وَمَنْ أَصَابَ شَيْئًا مِنْ ذَلِكَ فَعُوقِبَ بِهِ فَهُوَ كَفَّارَةٌ لَهُ، وَمَنْ أَصَابَ شَيْئًا مِنْ ذَلِكَ فَسَتَرَهُ اللَّهُ عَلَيْهِ، فَأَمْرُهُ إِلَى اللَّهِ، إِنْ شَاءَ عَفَا عَنْهُ، وَإِنْ شَاءَ عَذَّبَهُ»
«Силер мага Аллахка ширк кылбастыкка, зына кылбастыкка, уурулук кылбастыкка жана Аллах (өлтүрүүнү)арам кылган жанды акысы менен гана өлтүрүүгө байъат бергиле. Силерден ким байъатына бапаа кылса анын ажры Аллахтын мойнунда. Ким ушул иштердин бирди-жарымын кылып, кылмышына жаза алган болсо, жазасы ал үчүн каффарат болот. Ким бул иштердин бирди-жарымын кылса да, Аллах аны жашырган болсо, анын иши Аллахка калат, эгерде кааласа кечирет, кааласа азаптайт», – деди. Хадис ким дүйнөдө жаза алган болсо жазасы кыямат күнү ал үчүн каффарат болушун баян кылууда. Ошондуктан, ал ушул күнөөсүнө акыретте жазаланбайт. О.э. бул хадистен ачык көрүнүп тургандай, күнөөгө каффарат боло турган жаза – бул Ислам менен өкүм жүргүзүшү үчүн халифага байъат берилген исламий мамлекет тарабынан колдонулган жаза. Анткени, Расулуллах Aдын хадиси:
«تُبَايِعُونِي… فَمَنْ وَفَى مِنْكُمْ فَأَجْرُهُ عَلَى اللهِ، وَمَنْ أَصَابَ شَيْئًا مِنْ ذَلِكَ فَعُوقِبَ بِهِ فَهُوَ كَفَّارَةٌ لَهُ»
«Силер мага… байъат бергиле. Силерден ким байъатына бапаа кылса анын ажры Аллахтын мойнунда. Ким мына ушул иштердин бирин кылып, кылмышына жаза алган болсо, жазасы ал үчүн каффарат болот», – деген сөз менен башталууда. Күнөөгө каффарат боло турган жаза байъатка байланыштуу. Байъат Ислам менен өкүм жүргүзө турган акимге берилет. Ушуга ылайык, акыретте күнөөгө каффарат боло турган, ушул дүйнөдө берилген жаза – бул Ислам менен өкүм жүргүзгөн мамлекет тарабынан колдонулган жаза. Аллах Өзү билүүчү.
Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта
21-робиул-аввал, 1435-х.
22-январь, 2014-м.