Хизб-ут-Тахрир–Мисир вилаяты Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаяты тарабынан чыгарылган баракчаны Пакистан элчилигине тапшырды

362
0

Басма сөз баянаты

Хизб-ут-Тахрир–Мисир вилаяты Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаяты тарабынан чыгарылган баракчаны Пакистан элчилигине тапшырды

Мисирдеги Хизбдин борбордук алакалар комиссиясынын төрагасы мухандис Алауддин Занатий башчылыгындагы Хизб-ут-Тахрир–Мисир вилаятынын делегациясы 2014-жылы 8-апрель күнү «Навид Батты тезинен азат кылгыла» деген аталыштагы кампания алкагында Каирдеги Пакистан элчилигине Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаяты тарабынан чыгарылган баракчаны тапшырды. Бул кампанияны Хизб-ут-Тахрир Пакистандагы режимдин жүзүн, куфр жана колонизатор күчтөргө малай экендигин ачыкка чыгаруу, Ислам жана мусулмандарга душман болгон, Үммөттүн даъватчы абройлуу калыс жигиттерине каршы, эң оболу Пакистан вилаятындагы Хизб-ут-Тахрир расмий сүйлөөчүсү, сабырдуу боордош Навид Баттка каршы кек сактаган чыныгы жүзүн ачыктоо үчүн дүйнөнүн ар тарабында баштады. Боордош Навид Батт Пакистан режиминин карамүртөздөрү тарабынан эки жылдай мурун уурдалып кеткенден бери дагы эле белгисиз бойдон калууда. Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаяты тарабынан чыгарылган баракчада мындай делет:

«Адамдар арасында таанымал, коомдо чоң урматка ээ Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын расмий сүйлөөчүсү Навид Батт 2012-жылы 11-майда режимдин карамүртөздөрү тарабынан уурдалып кеткен. Мына, болжол менен эки жыл өттү, анын кайда кармалып турганы белгисиз калууда.

Навид Батт колонизаторлордун мусулмандарга каршы ишке ашырып жаткан фитналарын ачыкка чыгарып келди, Ислам менен башкаруу абалын баян кылды жана Ислам менен башкаруу бүткүл мусулмандарга, кала берсе, бүткүл адамзатка канчалык даражада маанилүү экендигин түшүндүрдү. Анын бул аракети саясий жана аскерий жетекчиликтеги саткындарга жаккан жок. Ошондуктан, алар бүткүл дүйнөдө Халифалык мамлекетине каршы күрөш алып барып жаткан колонизатор кожоюндарына сокурларча итаат кылып Навид Баттын үнүн өчүрүү үчүн карамүртөздөрүн ишке салышты.

Бул карамүртөздөр Хизб-ут-Тахрир жигиттерин куугунтуктап, кайда болбосун аларга чабуул кылууну улантууда. Ал тургай, алар айрым абалдарда көчөдө баракча таратып жаткан Хизб жигиттерине да чабуул кылышты. Алар муну менен гана чектелбестен, Исламга каршы ишке ашырышкан көптөгөн кылмыштарынын катарына Навид Баттка чабуул кылуу кылмышын да кошушту. Алар акыйкат даъватка бүтүндөй каршы болушканынан улам Навид Батты жаш перзенттеринин көз алдында уурдап кетип, бүгүнкү күнгө чейин зынданда кармап туруу мүмкүнчүлүгүн табышты».

Шариф Зайид

Хизб-ут-Тахрирдин Мисирдеги басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

Адрес: Жала көчөсү 31 – Каир

Телефон: 01015119857 – 0227738076

Электрондук почта: hizb.ut.tahrir.eg@gmail.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here