Хизб-ут-Тахрир-Индонезиядан баянат Борбордук Африкадагы мусулмандар кыргыны
«ВВС» тармагы 2014-жылы 17-февраль күнү тараткан кабарга ылайык, Борбордук Африка өлкөсүндөгү тынчтыкты сактоочу күчтөр масихий куралдуу топтордун чабуулунан качып Камерунга өтүп кеткен 2000 тегерегиндеги мусулманды депортация кылган. Руанда күчтөрүн коштоп барган «ВВС» кабарчысынын айтымында, жүк ташуучу автомобилде бара жаткан качкындарга куралдар, жаа, найзалар, кылычтар, таштар жана бычактар менен чабуул жасалган.
Насранийлердин мусулмандарды өлтүрүп жатканы, денелерин акаараттап, кала берсе, эттерин жеп жатканы жөнүндөгү кабарлар тарады. «ВВС» 2014-жылы 13-февралда өч алуу үчүн өз курманынын этин жеген киши жөнүндөгү кабарды кеңири таризде басып чыкты. Күбөлөрдүн баса белгилешинче, 20 чакты адам автомобиль айдоочусун мажбурлап токтотушуп, бир мусулманды сүйрөп түшүрүшкөн. Алар аны уруп-сабап акааратташкан жана башын таш менен жарып кийин аны өрттөп жиберишкен. Алардын бири анын бир бутун кесип алып жей баштаган. Топтолгондор мындай жийиркеничтүү кылмышты кубануу менен карап турушкан жана тигил канкорду каарман деп алкышташкан. Алардын бири: «Баарыбыз мусулмандардан абдан жек көрөбүз, ошондуктан, аны токтотуу үчүн аралашпадык», – деди.
Франция зомбулукту бастырууда Африкадагы тынчтыкты сактоочу күчтөргө жардамдашуу деп өз күчтөрүн ал жерге жиберген. Бирок, анын бул күчтөрү мусулмандарга жана алардын ыйык нерселерине каршы кылмыштарды жасап жаткан насраний топтордун тарабына өтүп алды. Ошондуктан, Борбордук Африкадагы эл аралык күчтөрдөн жардам сурагандардын абалы жамгырдан качып мөндүргө кабылган адамдын абалына окшоп калды.
Бул окуялар Ислам жана мусулмандардын душманы болгон жырткыч кресттүүлөр Борбордук Африкадагы мусулман боордошторубузга карата ишке ашырган кылмыштардын бир тамчысы гана. Азыр ал жерде мусулмандар эң жийиркеничтүү түрдө өлтүрүлүүдө, өлгүчө уруп-сабалууда, денелери кесилүүдө, өрттөлүүдө жана эттери желүүдө. Бул иштер Франциянын кызматташтыгы, эл аралык деңгээлде жашыруун тил бириктирүүлөр жана мусулман акимдердин жардамсыз таштап коюшу негизинде ишке ашырылды. Бул окуя 1995-жылы Сребреницада жүз берген окуяга окшойт. Ошондо 8 миңден ашуун мусулман өлтүрүлгөн жана босниялык аялдар БУУ-Голланд күчтөрүнүн көз алдында зордукталган. Америкага малай болгон режимдин колу менен Шам канга бөлөндү, Бирмада, Палестинада, Патанда, Кашмирде, Чыгыш Түркстанда жана булардан башка мусулман өлкөлөрүндө ушундай окуялар жүз берди. Мусулмандардын мындай мусийбаттарын, запкыларын Үммөттүн калканы жана коргоочусу болгон Халифалык гана токтото алат.
Ушуга байланыштуу Хизб-ут-Тахрир–Индонезия президенттик сарайдын алдында о.э. БУУнун Жакартадагы штаб-квартирасынын алдында демонстрация уюштурат жана төмөндөгүлөрдү жарыя кылат:
1 – Биз Борбордук Африка республикасындагы режимден мусулмандарга каршы кылынып жаткан мындай кыргындарды тезинен токтотууну талап кылабыз.
2 – Исламий өлкөлөрдөгү бардык акимдерден, алардын катарында эң чоң исламий өлкөнүн жетекчиси Сусило Бамбанг Юдхойонодон Борбордук Африка республикасындагы мусулмандарды коргоо үчүн өз куралдуу күчтөрүн сапарбар кылууну талап кылабыз. Арийне, дүйнөнүн бардык жериндеги мусулмандар өз ара боордош. Түпкүлүгүндө, Борбордук Африка республикасындагы мусулмандардын кыйынчылыктары – бардык мусулмандардын кыйынчылыгы. Ошондуктан, аларды куткаруу үчүн аракетке келүү биздин милдетибиз. Расулуллах A мындай дейт:
«مَثَلُ الْمُؤْمِنِينَ فِي تَوَادِّهِمْ وَتَرَاحُمِهِمْ وَتَعَاطُفِهِمْ، مَثَلُ الْجَسَدِ إِذَا اشْتَكَى مِنْهُ عُضْوٌ تَدَاعَى لَهُ سَائِرُ الْجَسَدِ بِالسَّهَرِ وَالْحُمَّى»
«Момундардын өз ара мамилелери, ырайымдуулуктарыжана бири-бирине жан тартуусу кудум бир дене окшойт. Эгер, анын бир денеси ооруп калса калган мүчөлөрү да ысытмалап, уйкусуз болуп чыгат».
3 – Бардык мусулмандарды, өзгөчө, Борбордук Африкадагы мусулмандарды тогуттардын мындай балээлерине каршы күрөштө сабырдуу болууга, аларга каршы күрөштү улантууга, зулумдукка каршы күрөшкөн кубатты пайда кылуу үчүн бир дене, бир жан болуп аракет кылууга чакырабыз. Бул карасанатайлыктын жеңилүүгө учурай турган күнү албетте келет. Мусулман зулумга каршы, Ислам жана мусулмандардын аброю тебелеп-тепселишине каршы күрөштөн таптакыр баш тартпайт. Аллахтын уруксаты менен, Халифалык мамлекети тикеленсе, ал инсандарды коргойт жана Ислам Үммөтүнө зулум кылган бардык кимселерди жазалайт.
Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:
«Албетте, мумин жана муминаларды фитнага салган, анан тообо кылбаган кимселер үчүн тозок азабы бар жана алар үчүн от азабы бар!» [85:10]
Мухаммад Исмаил Юсанто
Хизб-ут-Тахрирдин Индонезиядагы расмий сүйлөөчүсү
Телефон: 0811119796 – (021) 83787370
Факс: (021) 83787372
Электрондук почта: info@hizbut-tahrir.or.id
Дарек: Kantor Pusat Hizbut Tahrir Indonesia
Crown Palace, A25. Jalan Prof. Dr Soepomo SH No. 231, Jakarta Selatan 12810