Hanin Islemдин
1 – Ширкаттагы мөөнөт
2 – Аукцион
туурасындагы суроолоруна жооптор
Суроолор:
Ассаламу алайкум ва рохматуллахи ва барокатух.
Фазилеттүү шейхибиз жана улуу аалымыбыз, абалыӊыз кандай? Абалыӊыз жакшы деп Аллахтан деп үмүт кыламын.
Биринчи суроом: Алдын ала өз ара келишилген бир анык мөөнөт бир жыл болуп туруп шериктин каалаган убакта ширкаттан чыгып кетиши мүмкүнбү? Ушул нерсени кеӊири жана далилдер менен баян кылып берсеӊиз. Аллах сизге береке берсин.
Экинчи суроо: Аукциондун жалпы токтому өткөрүлөт. Анда соодагерлер ортосунда өтө ашыкча баалар коюлуп, эң акыркы баа негизги баадан көп эсеге ашып кетет, натыйжада кээ бир соодагерлер зыян тартышат. Соодагердин бааны кээде өз атаандашынын зыян тартышына жана банкрот болушуна алып бара турган даражада көтөрүшү шаръий жактан жайизби? Ушуну да далилдер менен кеңири баян кылып берсеңиз. Аллах сизге береке берсин.
Үчүнчү суроо: Бааны өтө эле көтөрүп жиберүүдөн сактануу үчүн жалпы же жекече токтом туурасында аукцион өткөрүлүшүнөн мурда соодагерлер ортосунда келишим болот т.а. кээ бирлери башкаларына акча беришет, аукциондо ортолорунда баа көтөрүлүп кетпесин үчүн же баа чектен ашык даражага жетпесин үчүн ушундай кылышат. Соодагерлердин өз ара бири-бирине акча беришинин өкүмү кандай? Бул соода ишкердигинин өкүмү кандай? Муну да далилдер менен кеңири баян кылып берсеңиз. Аллах сизди бардык жакшылыктар менен сыйласын.
Суроолор узарып жана көбөйүп кеткени үчүн сизден кечирим сураймын. Аллах сизге жардам берсин, сиздин колуӊуз менен фатх жана нусрат берсин
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллахи ва барокатух
Биринчи: Ширкаттагы мөөнөт туурасындагы сурооӊуз:
1 – Ширкат деп лугатта (сөздүктө) эки же андан ашык насибени бирин башкасынан ажыратууга мүмкүн болбой турган даражада аралаштырып таштоо айтылат. Шариятта болсо ширкат – бул эки же андан көбүрөөк адамдар ортосундагы келишим. Бул келишим боюнча алар пайда табуу максатында бир финансылык ишти жүргүзүүгө келишип алышат. Ширкат келишими башка келишимдер сыяктуу эле анда ижаб да, кабыл да болушун талап кылат. Ижаб – бул бири экинчисине мен сени балан нерседе шерик кылдым деп айтуусу болот, экинчиси болсо: кабыл алдым дейт… Бирок, келишим албетте бир нерседе өз ара шериктик маанисинде болушу зарыл.
Ширкат жайиз. Себеби, Набий A пайгамбар кылып жиберилген убакта адамдар ширкат аркылуу өз ара мамиле кылышат эле. Расул A аны макулдады. Расул Aдын адамдардын ширкат аркылуу мамиле жүргүзүүсүн макулдаганы ширкат жайиз экендигине шаръий далил болот. Абу Давуд Абу Хурайрадан риваят кылышынча, Набий A мындай деген:
«إِنَّ اللَّهَ يَقُولُ: أَنَا ثَالِثُ الشَّرِيكَيْنِ مَا لَمْ يَخُنْ أَحَدُهُمَا صَاحِبَهُ، فَإِذَا خَانَهُ خَرَجْتُ مِنْ بَيْنِهِمَا»
«Албетте Аллах: Мен эки шериктин – ырасында экөөнүн бири шеригине кыянат кылбаса – үчүнчүсүмүн, эгерде кыянат кылса алардын арасынан чыгамын, – деди».
2 – Ширкат келишиминде мөөнөттүн айтылышы зарыл эмес. Себеби, ширкат түзүлүшүндө мөөнөткө муктаж болбойт, тескерисинче ал түзүлө берет, анын келишими түзүлүшүндө мисалы ижара сыяктуу бир анык мөөнөт зарыл болушу үчүн кабарсыздык деген нерсе болбойт. Себеби, ижара – эгерде мөөнөт айтылбаса – белгисиз болуп калат. Ошондуктан, ижара келишими мөөнөт айтылышы менен гана түзүлөт, мында мөөнөт күндүк же айлык же жылдык жагынан башкасынан өзгөчө болобу же иштин өзүнө байланыштуу болобу – мисалы, дубал курууга же кудук казууга жалдоо сыяктуу, себеби мында мөөнөт ишти бүтүрүүгө байланыштуу болот – мунун айырмасы жок.
3 – Ширкатты бузуу (бекер кылуу) ар бир шериктин каалоосуна байланыштуу. Себеби, эки шерик ширкатты белгилүү бир иштин үстүндө түзүшөт жана аны өздөрү каалаган убакта бузушат.
Экономикалык түзүмдө ширкаттын бузулушу жөнүндө төмөнкүлөр келген:
«Ширкат шаръий жайиз келишимдерден болуп, ал эки шериктин биринин өлүмү менен, же жинди болуп калышы менен, же тентектиги үчүн аны иштен тосуп коюу менен, же эгерде ширкат жайиз келишим болгону үчүн эки кишиден турган болсо экөөнүн биринин бузушу менен бекер болот. Ширкат ошону менен кудум ваколат сыяктуу бекер болот. Мисалы, эгерде эки шериктин бири өлсө жана анын акыл-эстүү мураскору болсо ал ширкатты тикелеши, шерик анын иш жүргүзүшүнө уруксат бериши мүмкүн, ал үлүштү талап кылышы мүмкүн. Эгерде эки шериктин бири келишимди бузууну талап кылса башкасы анын талабын кабыл алышы керек. Ал эми эгерде көп шериктер болсо жана алардын бири ширкатты бузууну талап кылса, калгандары болсо ширкаттын сакталып калышына ыраазы болушса, андай абалда учурдагы ширкат бузулуп калгандар ортосунда жаңыланат. Бирок, музораба ширкаты менен башка ширкаттар ортосунда бузулууда айырма бар. Себеби, музораба ширкатында жумушчу сооданы талап кылса, акча ээси болсо үлүштү талап кылса жумушчунун талабы кабыл алынат. Себеби, анын пайда көрүүгө акысы бар, пайда болсо соодада гана жүзөгө чыгат. Ал эми ширкаттын калган түрлөрүндө эки шериктин бири бөлүштүрүүнү талап кылса, башкасы болсо сооданы талап кылса соода талабы эмес, бөлүштүрүү талабы кабыл алынат».
Мөөнөтсүз ширкат келишими байлануусу абалында биз табанний кылган нерсе мына ушул. Себеби, ширкат келишими сахих-туура болушу үчүн мөөнөт зарыл эмес.
4 – Ал эми эгерде ширкатта мөөнөт айтылган болсо, бул фукахалар ихтилаф кылган маселе. Ошондуктан, сиз бул маселеде ижтихадына өзүӊүз ишенген мужтахидге таклид кылышыӊыз мүмкүн. Мен сизге кээ бир этибардуу мужтахиддердин бул маселе туурасындагы раъйларын келтиремин:
– Ханафий жана Ханбалий мазхабында музорабанын анык мөөнөт, убактысын белгилеп коюу жайиз. Бул убакыт аяктаса ширкат бүтөт.
– Маликий жана Шофеий мазхабында болсо музораба убактысын белгилеп коюуну кабыл албайт. Себеби, Маликийлер айткандай музорабанын өкүмү мөөнөтсүз болушу, ошондуктан, эки шериктин ар бири аны өзү каалаган убакта таштап кетиши мүмкүн. Себеби – дейт Шофеийлер – музораба убактысын белгилеп коюу жумушчуга өз ишинде басым өткөрүүгө алып барат. Нававий «Равза»да: Музорабада мөөнөттү баян кылуунун этибары болбойт… – деген.
Экинчи: Сиздин аукцион жөнүндөгү сурооӊузга келсек:
1 – Аукцион жайиз. Т.а. сатуучу өз товарын кардарларга сунуш кылат жана аны көбүрөөк төлөгөн кишиге сатат. Мунун далили төмөнкүдөй:
Ибн Мажа Анас ибн Маликтен төмөнкүнү чыгарды:
«أَنَّ رَجُلاً مِنْ الأَنْصَارِ جَاءَ إِلَى النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم يَسْأَلُهُ فَقَالَ: لَكَ فِي بَيْتِكَ شَيْءٌ؟ قَالَ: بَلَى،حِلْسٌ نَلْبَسُ بَعْضَهُ وَنَبْسُطُ بَعْضَهُ وَقَدَحٌ نَشْرَبُ فِيهِ الْمَاءَ، قَالَ: ائْتِنِي بِهِمَا، قَالَ: فَأَتَاهُ بِهِمَا، فَأَخَذَهُمَا رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم بِيَدِهِ ثُمَّ قَالَ: مَنْ يَشْتَرِي هَذَيْنِ؟ فَقَالَ رَجُلٌ: أَنَا آخُذُهُمَا بِدِرْهَمٍ، قَالَ:مَنْ يَزِيدُ عَلَى دِرْهَمٍ مَرَّتَيْنِ أَوْ ثَلاثًا، قَالَ رَجُلٌ: أَنَا آخُذُهُمَا بِدِرْهَمَيْنِ، فَأَعْطَاهُمَا إِيَّاهُ وَأَخَذَ الدِّرْهَمَيْنِ فَأَعْطَاهُمَا الأَنْصَارِيَّ…»
«Ансорлордон бир киши Набий A алдына ал кишиден бирер нерсе суроо үчүн келди. Набий A ага: Үйүӊдө бирер нерсе барбы? – деди. Ал: Ооба, жамынгыч бар, бирин кийебиз, бирин болсо астыбызга төшөйбүз, бир чөйчөк да бар, андан суу ичебиз, – деди. Пайгамбарыбыз: Экөөнү теӊ алып кел, – деди. Ошондон кийин ал экөөнү теӊ алып келди. Расулуллах A экөөнү колунда кармап туруп: Бул эки нерсени ким сатып алат? –деди. Ошондо бир киши: Мен экөөсүн бир дирхамга аламын, – деди. Пайгамбарыбыз: Ким бир дирхамдан эки же үч эсеге көтөрөт, – деп сурады. Ошондо бир киши: Мен экөөсүн эки дирхамга аламын, – деди. Ошондон кийин Пайгамбарыбыз экөөсүн ага берип, эки дирхамды алып ансорийге берди…».
2 – Бирок, бул соодада «нажш» жайиз болбойт. Т.а. сатып алуу үчүн эмес, балким башкалар товарды кымбат баада сатып алсын үчүн ошол башкаларды алдоо максатында бааны көтөрүү жайиз болбойт. Ушул нерсе «нажш» деп аталат… Бухарий Саид ибн Мусайябдан анын Абу Хурайра Gдан мындай дегенин уккандыгын чыгарды: Расулуллах A:
«…ولا تناجشوا…»
«… жана бири-бириӊерди алдабагыла…» – деди. Бухарий Ибн Умар Hдан да мындай дегенин чыгарды:
«نَهَى النَّبِيُّ صلى الله عليه وسلم عَنِ النَّجْشِ»
«Набий A нажштан кайтарды».
Нажш – бул товардын баасын өзү сатып албаса да көтөрүп жиберүү. Т.а. аны сатып алмакчы болбогон кимсенин аны соодалаша турган кишилерди өзүнө ээрчитүү максатында товардын баасын көтөрүүсү. Себеби, ошондо башка кардар бул кимсе жөнүндө: Эгерде товардын баасы мынча болбогондо ал бааны мынчалык көтөрбөйт эле, – деп ойлойт. Натыйжада ушуга алданып калып, аны сатып алуу үчүн ашыкча баа төлөйт.
3 – Кардарлардын товардын баасы туурасында алдоого өз ара келишип алуулары жана төмөнкү баадан көп төлөбөстүккө, андан ашырбастыкка келишип алышы да жайиз эмес. Мында сатуучуну мына ушул арзан баада сатууга мажбур кылуу максат кылынат. Себеби, ал мында көбүрөөк төлөй турган соодагерди таба албайт… Адатта соодагерлер бир соодагер менен келишип алышат, ал аларга акча берет, бул акчаны ал өзү төлөй турган баадан ашырып жибербестиги үчүн аларга берет. Ошондон кийин ал товарга арзан баа төлөйт, алар болсо келишүү боюнча андан да азыраак беришет. Мына ошондон кийин товар ээси товарды ошол соодагерге арзан баада сатууга мажбур болот, себеби, бардык соодагерлер келишим боюнча андан да аз баа коюшат. Бул болсо, эч күмөнсүз алдоо бөлүмүнө кирет. Ибн Хиббан өзүнүн сахихинде Зиррден, ал болсо Абдуллахтан мындай дегении чыгарды; Расулуллах A:
«مَنْ غَشَّنَا فَلَيْسَ مِنَّا، وَالْمَكْرُ وَالْخِدَاعُ فِي النَّارِ»
«Ким бизди алдаса ал бизден эмес, макр (айла-амал иштетүү) жана алдоо тозокто», -деген. Исхак ибн Рохавийя болсо өзүнүн муснадында Абу Хурайрадан мындай дегенин чыгарды, Набий A:
«الْمَكْرُ وَالْخَدِيعَةُ فِي النَّارِ»
«Макр жана алдоо тозокто», – деген. Бул хадисти Баззор өзүнүн муснадында чыгарды.
Аллах Субханаху адамдарды алдап алардын нерселерин алуудан кайтарды. Мисалы, кардарлар алдап товар баасын арзыбас кылып көрсөтүшөт. Мындай алдоону иштеткен кимсе товарды арзыбаган баада сатып алат. Аллах Субханаху мындан кайтарып мындай деди:
«Жана адамдардын акыларынан уруп (алып) калбагыла» [7:85]
Куртубий бул аяттын тафсиринде мындай дейт: «بخس кемсинтип азайтуу, ал товарды айыптуу кылып көрсөтүү, анын баасын арзыбас кылып көрсөтүү же баада алдоо, кайл-өлчөөнү көбөйтүүдө жана андан азайтууда айла – амал иштетүү менен болот. Булардын бардыгы малды батыл жол менен жегендин түркүмүнө кирет».
Ошондуктан, эгерде соодагерлер балан товарды арзыбаган баага сатып алууга өз ара келишип алышып, алардын бири товардын баасын өзү сатып алмакчы болгон баадан ашырбасын үчүн башкаларына акча берсе, башкача айтканда, соодагерлер ал сатып алмакчы болгон баадан – ал өздөрүнө акча беришинин акысына – аз баа беришсе, бул иш арам болот. Себеби, ал товар ээсин – ал товарды арзан баада сатууга мажбур болушу үчүн – алдоо бөлүмүнө кирет. Мында ошол соодагер башка соодагерлерден алуучу акча да арам болот.
Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта
12-робиус-саний, 1435-х.
12-февраль, 2014-м.