«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн(итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул(убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кимселер» [24:55]
«Федерация – калк талабыбы же Батыштын талабыбы?!»деген аталышта өткөрүлгөн басма сөз конференциясында айтылган баяндама
Яман калкы козголоңго чыгышы менен Батыш аны өзүнө малай болгон уюмдар, партиялар жана саясатчылар аркылуу муунтууга аракет кылды. Себеби, Яман калкы турмуштун бардык тараптарында: саясий, экономикалык, социалдык, таалим жана башка тармактарда азап тарткан зулумга чек коюуга умтулушкан. Бул зулум Яман калкы капитализм түзүмүн колдонгондугунун акыбети эле. Себеби, бул түзүмдө ири инвесторлор жоопкерчиликти даяр олжо деп эсептеп бийликти да, финансыны да өз чеңгелдеринде топтоп алуу үчүн адамдарга, алардын мал-мүлктөрүнө кожоюн болуп алышат.
Албетте, Яман калкы федерация жана регионалдыкты талап кылуу үчүн козголоңго чыгышпады, бул алардын оюнда да жок эле. Бирок, Батыш, айрыкча Америка өзүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн муну ыңгайлуу учур деп билди. Америка аракеттенүүнү жана хувсийлерди Иран аркылуу колдоп-кубаттап Яманды бөлүп, майдалап таштоону каалайт. Ошондуктан, Америка ыдыратууга чөйрө даярдоо үчүн эки регионго бөлүнүү вариантынын артында турду.
Британия да өзүнүн кызыкчылыктарын сактап калууга шашылды. Ал өзүнүн ошол убактагы элчиси айткандай бул мамлекетте болуп жаткан жараяндарды мамлекетке аким болуп алган үч үй-бүлөнүн ортосундагы кризис жана жеке күрөш деп эсептеди. Ошондуктан, Британия өзүнүн кызыкчылыктарына жана ушул үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыктарына коркунуч туудурбай турган чечимди пайда кылууга, Америка жолун тосуп коюуга аракет кылды. Британия өзүнүн кызыкчылыктары жок болуп кетпеши үчүн бир нече региондорго бөлүнүү максатын ортого салуу артында турду.
Белгилүү болгондой, калк козголоңдо федерацияны талап кылган жок, бул анын оюнда да жок эле. Тескерисинче, федерация өзүнүн түрдүү кызыкчылыктарын көздөгөн Батыш элчиликтери тарабынан «экспорт» кылынган чечим. Мында бул өлкөдөгү нефть, газ, түрдүү кендер жана башка байлыктар үстүндөгү күрөш даана байкалып турат.
Калк өзүнө жана байлыктарына кожоюн болуп алган зордукчул кимселердин айынан азап тарткан «ооруга» каршы чыккан эле. Бул оору жакырчылык, сабатсыздык, жумушсуздук, саясий зулум, социалдык, саясий, экономикалык, таалимий жана башка тармактардагы абдан жаман абалдан турган белгилери бул калкта айкын көрүнүп турат.
Мына эми Батыш тумшугун тыгып, ооруга өзүнүн «диагнозун» коюп, дагы бир оору болгон «дарыны» берип жатат. Мында ага саясатчылар шерик болууда. Алар ушул «диагнозду» тастыктап кол коюшту. Бул саясатчылар калкка саткындык кылышты. Алар калкка насаат кылышпады, ага жакшылык тилешкен жок, тескерисинче, алар калкты «ооруңдун дабасы мына ушул» деп ишендирүүдө Батышка шерик болушту. Натыйжада, чечим – федерация болду.
Түпкүлүгүндө, Яман калкы азап тартып жаткан проблеманы чечүү үчүн оболу аны билүү, аныктоо жана анын себептерин үйрөнүп чыгуу керек. Мына ошондон кийин бул проблема колонизатор Батыш жана анын малайлары болгон пайда парастар, Батышка кул саясатчылар тарабынан эмес, тескерисинче, Үммөттүн ишеничтүү эр азаматтары тарабынан чечилиши керек.
Федерация шаръий жана реалдуу түрдө – батыл жанаыплас:
Шаръий түрдө батылдыгы ушунда, Исламдагы башкаруу түзүмүндө региондору автономиялык эгемендүүлүк менен өзгөчөлөнүп турган федерация түзүмү деген нерсе жок. Исламдагы башкаруу түзүмү бардык региндору бирдей каралган унитардык болот. Ислам башкаруу түзүмүндө бардык региондордун финансысы бир бүтүн финансы жана бир бүтүн бюджет болуп эсептелет. Бул финансы жана бюджеттен – кайсы вилаяттар болушуна карабастан – бардык жарандардын кызыкчылыктарына сарпталат. Эгер, бирер вилаят машруъ малдан топтоп алган кирешелери анын муктаждыктарынан ашыкча болсо, анда, ага жыйып алган кирешелери өлчөмүндө эмес, муктаждыктары өлчөмүндө сарпталат.
Эгер, бирер вилаяттын кирешелери анын муктаждыктарын каптабай турган болсо, бул вилаятка – анын кирешелери муктаждыктарына жетиши же жетпешине карабастан – анын муктаждыктары өлчөмүнө карап жалпы бюджеттен сарпталат.
Демек, башкаруу түзүмү федерация эмес, тескерисинче, толук бир бүтүн. Ошондуктан, Исламдагы башкаруу түзүмү негиздерде азыркы учурда белгилүү болгон башка түзүмдөрдөн – анын кээ бир көрүнүштөрү алардагы кээ бир көрүнүштөргө окшош болуп көрүнсө да – бүтүндөй айырмаланган жетик түзүм. Мунун үстүнө Ислам башкаруу түзүмү башкаруу жаатында борборлошкон болуп, жогорку бийлик жалпы борбордун колунда гана болот, ага мамлекеттин чоң-кичине бардык бөлүмдөрү үстүнөн толук өкүмдарлык укугу берилет, мамлекет ыдырап кетпеши үчүн андан бирер бөлүктүн көз карандысыз болушуна таптакыр жол берилбейт. Ушул жалпы борбор командачыларды, валийлерди, акимдерди, финансы жана экономикадан жооптуу кишилерди дайындайт, ал бардык региондордогу казыларды башкарат, башкаруу ишин алган ар бир амалдарды дайындайт. Ал бүткүл өлкө бойлоп башкарууга тиешелүү ар бир нерсени түздөн-түз башкарат. Демек, ал башкаруу жаатында борбордук, идара жаатында болсо борбордук эмес.
Исламий мамлекет Халифалык мамлекетинин территориясы кеңейгендигине жана ошол доорлордогу каражаттар жөнөкөй болгондугуна карабастан байлыктар ар бир жаранга бөлүштүрүлгөн. Халифа айбандардан да жоопкермин деп эсептеген.
Умар ибн Хаттаб мындай дейт: «Эгер Иракта бирер кой же качыр жолдо чалынып кетсе ал жөнүндө Умар жоопкер болушунан коркомун, эмнеге ага жолду оңдоп койбодуң, деп жоопкердикке тартылышымдан коркомун». Умар ибн Абудулазиз болсо Халифалык доорунда: «Тоолор бооруна да дан чачкыла, мусулман өлкөлөрүндө бирер куш ачка калыптыр деген кеп-сөз болбосун» деген.
Ислам мына ушундай болот, Ислам мамлекети мына ушундай болот, Ислам адилети жана түзүмү мына ушундай болот. Андыктан, тигил сыймыктанып жаткандар эмне менен сыймыктанып жатышат?!
Реалдуулук жагына келсек: федерация Яман калкы проблемасынын чечими эмес. Себеби, байлыкты бөлүштүрүү проблемасын федерация менен чечип бере албайт. Себеби, федерация ар бир адамдын региондордогу өз байлыктарынан пайдаланышына мүмкүнчүлүк берген түзүм эмес. Тескерисинче, Ислам жана анын мамлекетиндеги экономикалык түзүм байлык ар бир жаранга бөлүштүрүүнү кепилдейт. Себеби, Халифалык мамлекетинде борбор байлыкка бир өзү ээ болуп албаган, тескерисинче, байлыкты вилаяттардан алып кийин бул байлык ар бир адамдын колуна тийиши үчүн – ал тургай, адам мамлекеттин четинде болсо да – аны Ислам өкүмдөрү боюнча бөлүштүргөн. Харунаррашид булутка карап: «Каалаган жайыңа жамгыр болуп жаай бер, баары бир хиражың мага келет» деп айткан.
Федерация түзүмдөрү, айрыкча, Америка муунтуучу экономикалык кризистерден кыйналып жатат. Америка федерациялык түзүм болуп эсептелет. Ошондуктан, Обама шайлоодо жеңишке жетишкенден кийин Американын 20 штаты бөлүнүп чыгуу жөнүндө арыз берди. Себеби, бул штаттар кембагал штаттардын оор жүгүн көтөрүүнү каалабайт.
Америка калктарды колонияга айлантуу аркылуу дүйнө байлыктары үстүнөн кожоюн болуп алып, бул калктардын байлыктарын сүлүктөй соруп жаткан болсо да, бирок, анын карыздары 17 триллион долларга жетип калды. Америка калкынын 40 миллиондон ашууну кембагалдык астында күн кечирүүдө. Дүйнөдөгү башка федерация мамлекеттерге карасак дал ушундай абалды көрөбүз, алардын калкы колдонулуп жаткан капитализм түзүмү отунда күйүп, өрттөнүп жатканын көрөбүз.
Федерациядан байлыкты адилеттүү бөлүштүрүү келип чыкпайт. Федерацияда бийлик өз ара күрөшүп жаткан пайдапарастар ортосунда бөлүштүрүлөт. Дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан капитализм түзүмү шартында байлык Батыш компанияларынын жана Батышка малай болгон таасирдүү кимселердин капчыгына гана түшөт.
Федерация – өтө чоң зулум. Себеби, анда бир регион өз байлыгына жеке өзү ээ болуп алып, аны башка региондорго бербейт. Негизи, байлыктар Исламда Исламий мамлекеттеги бардык жарандардын жалпы мүлкү болуп эсептелет. Расулуллах A мындай дейт:
«النَّاسُ شُرَكَاءُ فِي ثَلاَثٍ: الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ»
«Адамдар үч нерседе шерик: суу, чөп жана отто». Демек нефть, газ, кен, деңиздер, жээктер, коомдук жерлер, порттор… жана башка ушул сыяктуулардын баарына жалпы мүлк деген наам туура келет. Булардын баары мамлкет мүлкү эмес же бир адамдын гана мүлкү эмес, тескерисинче, мамлекет аларды көзөмөлдөп турса да Исламий мамлекеттин бардык жарандарынын мүлкү.
Федерация бир региондун өзүндө да же аны менен чектеш региондор ортосундагы тайпачылык жана жердешчилик чыр-чатактарына алып келет.
Кала берсе, федерация адамдарга зулум кылат, алардын ортосунда душмандыкты пайда кылат. Себеби, федерация бирер региондогу мансапты башка региондордон келген адамдан көрө ушул региондогу адам ээлешин жогору коёт.
Басма сөз конференциясына келген боордоштор: федерация мамлекетти ыдыратуунун жана региондордун бөлүнүп чыгышынын башталышы. Айрыкча, ач көз колонизатор мамлекеттер байлыктар үстүндө өз ара күрөшүп жаткан азыркы шартта ушундай болушу анык. Батыштын, айрыкча, Американын ыплас пландары силерге ачык-айкын.
Биз динден бүтүндөй үзүлгөн тигил илманий кимселерден көрө өздөрүн Исламий хизбдер жана исламий идеологдор деп атап жаткан кимселерди көбүрөөк айыптабайбыз. Себеби, бул кимселер адамдарга федерация Исламдан, себеби, Исламий мамлекеттеги «вилаяттар» деген термин капитализмдеги «федералдык штаттар» деген терминге окшойт деп фатва беришүүдө. Акыйкатта болсо, Исламдагы вилаяттар формасында да, мазмунунда да капитализмдеги штаттарга бүтүндөй тескери экендиги жакшы маалым.
Мындан да таң калычтуусу ушул кимселер Исламда башкаруу же экономика түзүмү жок, бул туурасында Китепте да, Сүннөттө да бир да насс келбеген деп сандырак айтып жатышканы?! Алардын назарында Ислам эмнеден турат? Жалаң хайз жана нифас өкүмдөрүнөн гана турабы?!
Силер мындай сөзүңөр менен Аллах жана адамдар тарабынан жек көрүлдүңөр.
Эгер, бул айтып жатканыңар туура болсо, анда, эмнеге бийлик артынан алдастап жүгүрүп жатасыңар?! Адамдарга эмне менен өкүм жүргүзмөкчүсүңөр?! Каалооңор жана Батыштан алынып келинген ыплас мыйзамдарыңар менен өкүм жүргүзөсүңөрбү?!
Хизб-ут-Тахрир Үммөт алдына ойгонуу долбоорун эбак эле алып чыккан. Бул долбоор Үммөт аны өз кучагына алышына ылайык. Ал – фарз жана убада. Мындай болушу табигый. Себеби, ал ушул Үммөт акыйдасынан алынган жана анын затынан. Ал турмуштун бардык проблемаларын чечип жолго коёт. Демек, Яман калкы ушул долбоорду гана кабыл алуусу, фитна уялары болгон элчиликтерден экспорт кылынган тигил чечимдерди болсо четке ыргытуусу важиб.
Аракет кылуучулар мына ушундай ишке аракет кылышсын. Валхамду лиллахи Роббил аламин.
Абдулмумин Зайлаъий
Хизб-ут-Тахрирдин Яман
вилаятындагы басма сөз бөлүмү
Телефон: 735417068
Электрондук почта: aan1924@gmail.com
Хизб-ут-Тахрир сайты: www.hizb-ut-tahrir.org
Хизб-ут-Тахрирдин басма сөз бөлүмүнүн сайты: www.hizb-ut-tahrir.info