Тажикстандын борбору Душанбе шаарында 17-апрель күнү болуп өткөн жыйынга ШКУга мүчө Өзбекстан, Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан Коопсуздук кеңештеринин башчылары катышты.
ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук жетекчилеринин кезектеги IX жыйынында Кытай Жамааттык коопсуздугу министри Го Шенкун: “Бардыгыбызга жакшы белгилүү болгон “Өзбекстан исламий кыймылы”, “Исламий жихад” жана “Чыгыш Туркистан исламий кыймылдары” регионго активдүү көрүнүштө кайтып келүүдө”, – деп айтты.
Анын айтымында, “Халифа аскерлери”, “Салафий”лер сыяктуу жаңы террористтик уюмдар жана башка диний экстремисттик уюмдар “ого бетер ашкере көрүнүштө жана уятсыздарча” аракет кылышууда.
“Наркотрафиктин көптөгөн багыттары Өзбекстан исламий кыймылы (ИДУ) жана Хизбут-Тахрир көзөмөлү астында болуп, бул иштер терроризм жана наркобизнес ортосундагы жакын мамилеге күбөлүк берип турат”, – деди Го Шенкун.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алайхи ва саллам)дан риваят кылынган хадисте пайгамбарыбыз: “Эгерде уялбасаң, каалаганыӊды кыл!” – деген (Имам Бухарий риваяты).
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алайхи ва салламдан риваят кылынган жогорудагы хадиске ылайык келген көрүнүштө бүгүнкү күндөгү жетекчи мамлекеттердин башчылары менен саясатчылары Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө эч нерседен кайра тартпастан жана эч кимден уялбастан курулай доомат жана жалган жалааларды уюштуруп келе жатышат.
Алар мусулмандарды террорист жана экстремисттикте айыпташты. Жырткыч, канкор жана өнүгүүдөн аркада калып кеткен кылып көрсөтүүгө аракет кылышты. Халифалык түзүмүн ортоӊку кылымдарга таандык болгон, бүгүнкү күндөгү “өнүккөн” коомдорго туура келбей турган түзүм катары мусулмандар аӊ-сезимине жайгаштырууга умтулушту. Эми болсо исламий кыймылдарды наркотикалык заттарды өстүрүү жана сатуу менен алек болгон кыймылдар сыпатында көрсөтүп жатышат.
Америка башчылыгындагы куфр түзүмү Ислам жана мусулмандарга каршы баштаган кеӊ масштабдуу согушта, дүйнөдөгү номер биринчи террорист өзү экендигине карабастан, исламий кыймылдарды жана айрыкча, Хизбут-Тахрир саясий партиясын да террористтик уюмдар тизмесине киргизүүгө аракет кылды. Дүйнөдөгү көптөгөн диктатордук түзүмдөр Хизбут-Тахрирди эч бир негизсиз эле террористтик уюмдар тизмесине киргизишти. Анын мүчөлөрүн ар түрдүү жалаа жана курулай дооматтар менен узак жылдарга камакка алышты о.э. бүгүнкү күндө да ушул нерсе уланууда. Бул иштерде айрыкча Борбор Азия республикалары, Россия жана Кытай мамлекеттери алдыӊкы орунда турушат.
Бул колонизатор мамлекеттер жана алардын жугундукор малайлары Хизбут-Тахрирге террористтик уюм айыбын жабыштыруу үчүн көптөгөн убактысын бекерден-бекерге өткөрүштү. А бирок, муну ишке ашыра алышпады. Хизбут-Тахрир пайда болгонуна 60 жылдан ашкандыгына карабастан, бирер мамлекеттин бир да тыӊчылык уюмдары Хизбдин террор менен алектенгендиги туурасындагы бирер далил келтире алышпады о.э. курулай доомат жана жалааларды уюштуруудан башкага жараган жок.
Хизбут-Тахрир саясий хизб болуп, мабдасы Ислам, исламий турмушту кайрадан баштоодо жана Халифалык мамлекетин тикелөөдө пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алайхи ва салламдын Исламий мамлекетти тикелөөдөгү тарыйкатын өзү үчүн тарыйкат (жол) кылып белгилеп алды. Араб өлкөлөрүндө, Борбор Азия республикаларында жана айрыкча, Өзбекстанда миңдеген Хизб жигиттери курулай доомат менен камакка алынып, жүздөгөн жигиттер шейит болушуна карабастан, бир жолу да материалдык ишке аралашпады.
Хизбут-Тахрир “Халифалык мамлекети тикеленгенге чейин материалдык иш менен алектенүү же колго курал алуу, Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи ва салламдын тарыйкатына тескери болгон иш” деп эсептейт. Ал Халифалык мамлекетин тикелөөдө жалаӊ гана пикирий жана саясий күрөшкө чектелип, Үммөттү пикирий жол аркылуу Халифалык мамлекетин көздөй жетектейт.
Бүгүнкү күндө болсо Кытай Жамааттык коопсуздук министри Го Шенкун эч уялбастан Хизбут-Тахрирге жалаа жабууда жана Хизбди наркотрафиктерди көзөмөл кылуучу уюм катары баалап жатат.
Шенкундун бул сөздөрү, исламий мабда жана исламий пикирге каршы коюу үчүн жарактуу мабда жана пикир таба албагандыгын о.э. бул күрөштө өзүнүн материалдык күчү жана таянган уятсыз түзүмүнүн чыныгы кебетесин ачыктап турат.
Абдурахман Адилов
18-апрел, 2014-жыл.