Тажикстандын дин иштери, улуттук каада-салт жана ырасымдарды тартипке салуу комитетинин башчысы Салихжан Завкиевдин кабар беришинче, Душанбе шаарындагы бардык мечиттерге видеокамералар орнотулган.
Анын айтымында, бүтүндөй Тажикстан боюнча 365 Жомеъ жана борбордук мечит бар болуп, алардын бардыгы видеокамералар менен камсыздалган. О.э. Душанбедеги беш маал намаз окулуучу 51 мечитке да камералар орнотулган.
Завкиевдин баса белгилешинче, мамлекеттеги бардык мечиттер камералар менен камсыздалат. “Айылдардагы беш маал намаз окулуучу мечиттердин мүмкүнчүлүгү чектелген, биз азырынча Жума намазы окулуучу мечиттерге гана камераларды орнотобуз. А бирок, жакынкы убакта бардык жергиликтүү мечиттерди да күзөтүүчү камералар менен камсыздоо ниетибиз бар”, – деди Завкиев.
2012-жылы Душанбе шааарынын мэри Махмадсаид Убайдуллаев, “намаз окугандардын коопсуздугун камсыздоо” максатында Тажикстандын борборундагы мечиттерди видеокамералар менен камсыздоо маселесин үйрөнүп чыгууну тапшырган болчу.
Тажикстандын Массалык маалымат каражаттары болсо, “камералар жардамында ибадат кылууга келген адамдарды, ошону менен бирге белгисиз адамдардын тажик калкына жат болгон исламий пикирлерди таркатышын о.э. жаш балдардын мечитке барышын көзөмөл кылуу мүмкүн болот” деп эсептешет.
Тажикстан мыйзамчылыгы боюнча, 18 жашка толбогон жарандардын мечитке барышына тыюу салынат жана видеокамералар да мечиттердин эшиктерине жайгаштырылган. Мисалы, Душанбедеги Хажи Якуб деген аталыштагы борбордук мечитте, камералар эшиктердин жанына жайгаштырылган жана мечитке ким кирип жатканын көзөмөл кылууга мүмкүнчүлүк жаратат.
Айт намазы аянтта окулбайт Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Орозо айт намазы 30-мартта жума-мечиттерде өтөрүн…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети Урматтуу бир туугандар…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айында итикаф Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы? Аллах Таала Өзүнүн шариатында бардык иштерибизди таразага салып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл…