БУУ ИРАН ӨКМӨТҮНҮН ЖЕНЕВА-2 КОНФЕРЕНЦИЯСЫНА КАТЫШУУСУНА ТЫЮУ САЛДЫ

Мындан бир аз мурда Сирия оппозициясы “Эгерде Тегерандын өкүлдөрү Женева-2 конференсиясына катышса, аны бойкот кылабыз” деп билдирген эле. Эми болсо Иран өкмөтүнүн өкүлдөрү конференцияда катышпайт. Женева-2 конференсиясында катышуучулар Сирия кризисин тынчтык жолу менен чечүү маселесин көрүп чыгышат. БУУ өзү жакында Иран өкмөтүнө жиберген чакыруу катын дүйшөмбү күнү бекер кылды. БУУнун маалымат катчысы Мартин Несирки мындай баянат берди: “Иран өкмөтүнүн Сирияда өткөөл мезгил үчүн убактылуу өкмөт түзүүгө тиешелүү нааразылыгын сынга алмакчымын. Ошол себептен улам Пан Ги Мун Монтрёдогу  бир күндүк жолугушууга Тегерандын катышпастыгы тууралуу токтом кылды”. Ошондон кийин Сирия Улуттук Коалициясы конференцияда катыша тургандыгын маалым кылды.

Би-би-синин кабар беришинче, эгер ирандыктар катышса, Коалиция Женева-2 конференсиясын бойкот кыла тургандыгын кабарлаган.

Комсомольская правда, 21-январь.

Туркистон: АКШнын Иранды Женева-2 конференциясына катыштырбастыгы эмнеден кабар бериши мүмкүн?  “Сирия улуттук коалициясы Иран бул конференцияга катышуусу үчүн Сириядагы күчтөрүн алып чыгып кетишин жана Женева декларациясын расмий түрдө кабыл алышын шарт кылат”, – деп айтылат коалициянын расмий сүйлөөчүсү Луай ас-Сайфтын билдирүүсүндө.

Демек, бул коалиция, эртеӊки шайлана турган убактылуу өкмөттүн позициясын көтөрүп чыгууда. Мында шийаларга каршы калыптанган раъйи оммду өзүнө тартууга болгон аракет бар. Муну  менен куфр дүйнөсү биригип Ислам дүйнөсүнө каршы жүргүзүп жаткан согушту куфр системасын сактап калуу максатында, сунийлерге каршы шийалар жүргүзүп жаткан мазхабчылык согушу кылып көрсөтүү үчүн пайдубал түзүлөт. Ирандан Женева-2 келишимин расмий түрдө моюнга алуу талап кылынып жаткандыгынан, кабыл алынышы күтүлүп жаткан келишимдерде Иранга караштуу күчтөрдү Сириядан алып чыгып кетиши керек болгондо БУУга бул ишти өз мойнуна алуу жоопкерчилигин жүктөөнү максат кылат. Куфрдун коалицияга түзүп берген бул долбоору,  эл аралык системаны  бул сыяктуу талаптарды ишке ашырууга үндөп, алардын колдору менен болсо да Сирияны тазалоо менен калктын райын өзү жана биротоло куфр системасы тарапка бурууну максат кылат.

Демек, бүт куфр дүйнөсү бир ууч таасири жок болгон, ал тургай Сирия калкынын арасында эч кандай салмагы болбогон, өздөрү кылып жаткан иштеринин маанисин түшүнө албай турган адамдарды мусулман дүйнөсүнүн тагдырий маселесин чечүүгө жооптуу кылып шайлап алышты. Мындан белгилүү болгондой, куфр системасы буларды маска кылып алып алардын колу менен келе жаткан Халифалык мамлекетине каршы күрөшкө өзү чыгууга мажбур болгон. Себеби, булардын Афганистандагы Карзайча күч-кубатка ээ болушу да өтө кыйын. Каршылыктын кубаты болсо өтө чоӊ. Куфрдун башы каткан, бирок, оӊой жан берүүнү да каалабайт.

turkistonkg

Recent Posts

Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы?

Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы? Аллах Таала Өзүнүн шариатында бардык иштерибизди таразага салып…

15 hours ago

Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

15 hours ago

Орозо кармоо жана түнү намазга туруу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо кармоо жана түнү намазга туруу Урматтуу бир туугандар…

15 hours ago

Орозо кармагандар үчүн Ар-Райян дарбазасы ачылат

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо кармагандар үчүн Ар-Райян дарбазасы ачылат Урматтуу бир туугандар…

15 hours ago

Орозо жана бейиштин эшиктери

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо жана бейиштин эшиктери Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

15 hours ago

Муфтият айт күнүн алдын ала белгиледи

Муфтият айт күнүн алдын ала белгиледи Муфтият Орозо айт күнүн 30-мартка белгиледи. Бул тууралуу билдирүү…

2 days ago