Казакстан Улуттук банкы 11-февраль күнү улуттук валюта теңгенин долларга карата курсун 155 теңге даражасында кармап турууну бекер кылууга жана теңгенин кайра калыптануу процессине аралашууну кыскартууга токтом кылды. Мунун натыйжасында болсо теңгенин долларга карата баасы 20%га түшүп кетти. Улуттук банк тарабынан жаңы алмаштыруу курсу, бир АКШ доллары үчүн 185 теңге кылып белгиленди.
Доллар баасынын кескин көтөрүлүп кетишине каршы 15-16-февраль күндөрү Алмата шаарында нааразылык акциясы болуп өттү. Түрдүү булактардын кабар беришинче, нааразылык акциясына 200дөн 400гө чейин адам катышкан жана алардын көпчүлүгү жаштар болгон.
Митингчилер алгач республикалык маданият сарайынын жанындагы Абайдын айкелинин айланасына чогулууга аракет кылышкан. Бирок, айкелдин айланасын темир кашаа менен ороп алган полиция буга уруксат бербеген. Чогулгандар “Чал, кет” деп кыйкырып, Назарбаевдин отставкага кетишин талап кылышкан. Полиция ушул акцияны шааардыктар көрбөсүн үчүн зарыл болгон чараларды көрдү. Митингчилер чогулган тротуардын чоӊ жол тарабы бийик камаздар менен тосуп коюлду.
Өкмөт расмийлери бул митинг мыйзамсыз экендигин айтып, адамдарды таркап кетүүгө чакырган. Бирок, митингчилер таркабастан шаардык бийликтин имаратын көздөй жүрүшкөн. Полиция митингчилерден алгач жолго чыгып кетпестикти талап кылган, кийинчерээк болсо активдүү болгон митингчилерди камакка алууну баштаган жана митингчилерден мобилдик телефондоруна алган бүгүнкү окуяларды көрсөтүүнү талап кылган.
Айрым булактардын кабар беришинче, нааразылык акциясында активдүү болгон отуздай адам кармалган, бир киши соттун чечими менен 10 суткага камалып, ондон ашык адамга штраф салынган.
Туркистон:
Казакстан улуттук валютасын борбордук банкы аркылуу доллар менен колдоп туруудан баш тартты. Россия да рублдин дээрлик казак теңгеси барабарында инфляцияга учурашына жол берди.
Албетте бул иштер кыргыз сомуна да белгилүү бир даражада таасирин тийгизди.
Бул кайдыгерликпи же бирер максатты көздөгөн аракетпи? Бирер улуттук валютанын девальвацияга учурашы өз мамлекетине пайда же кырсык алып келиши мүмкүн. Бул болсо, ошол мамлекеттин иштеп чыгаруу тармагынын канчалык даражада жолго коюлганына байланыштуу. Жогорудагы инфляциядан бир нече кызыкчылыктар көздөлгөн болушу мүмкүн.
- Бажы биримдигине кошулуунун астында турган Кыргызстандан агылып келип жаткан мыйзамдуу жана мыйзамсыз товарлардан көздөлгөн кызыкчылыктарды сындыруу. Ошону менен Бишкектеги Дордой базарына жана өнүгүп бара жаткан тигүүчүлүк тармагына да алгачкы экономикалык сокку берилген болот. Себеби, ушул иштер менен бир катарда казак өкмөтү жеке адамдар Кыргызстандан алып кириши мүмкүн болгон товарлардын көлөмүн кыскарта турган мыйзамдарды да кабыл ала баштады.
- Бажы биримдигине мүчө мамлекеттер, айрыкча Россия рублдин долларга карата баасын түшүрүү аркылуу, ички иштеп чыгаруу механизмин кайрадан жүрүп кетишинен үмүт кылып аны колдоп жиберүүнү көздөйт. Себеби, рублдин арзандашы, Россия товарларынын да арзандашына себеп болот. Бул болсо, тышкарыдан кымбат валютага келүүчү товарларын убактылуу болсо да баасы көтөрүлүп турушуна себеп болот.
- Өлкөлөрдү тышкы инвесторлордон белгилүү бир даражада тазалоо же аларды эскертип коюу. Ошол эле убакта аларды тартуу да көздөлөт, бирок жаңы шарттар менен.
Россия дүйнөгө “Евразиялык Союз” аймагы ичинде эмнелер кыла алышын көрсөтүп жаткандай. Ал “Европа союзу” сыяктуу жабык экономикалык система жаратып, анда экономикалык, финансылык тармактарды белгилүү бир даражада, эл аралык системадан өз алдынча өзү башкара алышы мүмкүн экендигин көрсөтүп коймокчу. Себеби, кээ бир мамлекеттер бул союздун түзүлүшүнөн жана жанданып кетишинен үмүтсүз болуп барууда. Бирок, эл аралык система анын таасири астында эмес. Ошондуктан, анын максаттары тескерисинен кетип калышы да мүмкүн.