АКЫРЫ ТИЗГИН ПРЕЗИДЕНТТИН КОЛУНДА

284
0

Бүгүн Кыргызстан республикасынын экинчи борбору деп аталуучу Ош шаарында шаар мэрдигине шайлоо болуп өттү. Массалык маалымат каражаттары жыйындын жүрүшүнөн тынымсыз кабардар кылып турушту. Мэриянын тышкарысында болсо, шаар мэрлигине талапкерлердин бири Мелис Мырзакматовдун 10 миӊден ашуун тарапкечтери тарабынан митинг уюштурулду. Демонстранттар арасында 60тан ашык атчандар да бар болчу. Бул тынчтык митингинде Кыргызстандын түрдүү областтарынан келген элдин өкүлдөрү сөзгө чыгышты. Бардыгынын көӊүлү мэрия тарапка каратылган болчу. Жана акырында жыйын аяктап, талапкерлердин бири көбүрөөк добушка жетишип, шаар мэрлигине шайланды. Аныгыраагы, “Улуттар биримдиги” партиясынын жетекчиси Мелис Мырзакматов 19 добушка, ал эми анын атаандашы Айтмамат Кадырбеков болсо 25 добушка ээ болду. Бул натыйжадан кабардар болгон калк ызы-чуу көтөрүп, нааразылыктарын билдиришти. Микрофон талаш болуп кетти, бир аял ыйлап-ыйлап: “Бул эмне деген абал эй кыргыз калкы, мен мурда бир аз ишенет элем, эми Кыргызстанда акыйкат жок, бардык жетекчилер жалганчы, эч ким элдин камын ойлобойт деп анык ишеним менен айта аламын”, – деп өзүнүн пикирин билдирди. Бирок, шайлоодо утулуп калган Мырзакматов адамдарды тынчтыкка, сабырдуулукка чакырып майдандан кетип калды.

Мына ушул бүгүнкү шайлоо да куфр айла-амалынын бир көрүнүшү болуп эсептелет. Т.а. “ жамандын жакшылыгында да коркунуч бар” деп айтылган. Бул иштер Атамбаевдин көрсөтмөсү жана Россиянын кеңеши менен ишке ашты. Атамбаев 2010-жылдан бери ишке ашпаган максатына акыры жетти. Бүгүнкү мэрдин колу байланган болуп, аны Кыргызстан президенти  өзү тарапка тартат. Атамбаевдин тизгини болсо азырынча Россиянын колунда. Ортодо калган бечара калк болсо чөнтөктөрү карызга толгон абалда,  мына бул тамашанын көрүүчүсү жана курмандыгына айланат. Бул калктын ал тургай бөбөктөрү да мойнунда карыз менен төрөлүүдө.

Демонстрацияга чыккандарды болсо көргөн адамдын боору ачыйт. Бечара калк дагы алданууда. Набий с.а.в.: “..Тозок калкы беш тайпа… күнү-түнү сенин үй-бүлөӊ жана малыӊ туурасында алдай турган киши…”, – деген. (Муслимден).

Анысы кетет, мунусу келет, абал болсо барган сайын начарласа начарлайт го, бирок, таптакыр жакшы болбойт. Анткени, бул фасык жетекчилер Кыяматтагы абалы жөнүндө эч ойлонушпайт. Пайгамбар (с.а.в.): “Фасык күнөөлөрүн мурдунун жанынан учуп өткөн чиркей сыяктуу көрөт…” – деген.

Аллахтан башка адилеттүү өкүм чыгаруучу жок! Боордоштор, биз туура жолду көрдүк. Мына бул карапайым калк караӊгылыкта сарсан болуп жарыктык издеп жатат. Сиздер болсо колуӊарда шам бар болуп туруп анын шооласын кызганасыӊар. Эгерде биз кыргыз калкынын кайратын туура жолго багыттасак, инша Аллах алардан пешкадамдар, солихтер, сиддиктар чыгышы анык. Убакытты текке кетирбейли, сиз Кыямат күнүндө билген нерселериӊиз тууралуу албетте сураласыз, себеби, акыйкатты билип туруп жашыруу яхудий жана насронийлерге таандык сыпат.  Пайгамбар с.а.в.: “Өзүӊөргө ыраа көргөн нерсени башка мусулманга да ыраа көрмөйүнчө момун болбойсуӊар”, – деген.

Азиз боордош кайда болсоӊуз да адамдарга жарыктык таркатыӊыз, адамдардын зулматтан нурга чыгышына жардам бериӊиз, анткени азыркы минуттар өмүрүӊүздүн акыркы ирмемдери болушу мүмкүн…

Сиддика

 2014-жыл, 15-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here