Кыргызстандагы АКШ элчиканасы 16-март күнү Крымда болуп өткөн референдумдун натыйжасы боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги таркаткан билдирүүгө нааразы экендигин билдирди.
Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги 20-март күнү таркаткан билдирүүсүндө Крымда болуп өткөн референдум натыйжаларын расмий түрдө тааныган жана муну элдин көпчүлүк бөлүгүнүн каалоосу катары баалаган болчу.
Кыргызстан ТИМи таркаткан билдирүүдө жалпысынан: “Крым калкынын көпчүлүк бөлүгү Россия Федеациясынын курамына кошулуу каалоосун билдирди жана бул каалоону урматтоо керек. Ошону менен бирге, Украинада референдум натыйжасынан нааразы болгондор эки элдин – орустар жана украиндердин ортосунда душмандык отун жагууга аракет кылышууда.
Кыргызстандын расмий позициясы төмөнкүдөй, Крым калкынын каалоосу бул – акыйкат, эл аралык коомчулук жана башка мамлекеттердин ар түрдүү баа берүүлөрүнө карабастан аны кабыл алуу керек. Кыргызстан Украина жана Крымда пайда болгон проблемалар тынчтык жолу менен чечилишинин тарапкечи. Кандай болгондо да күч колдонулушуна жол бербеш керек”, – деп айтылган болчу.
ТИМдин билдирүүсүнө жооп иретинде АКШ элчиканасы Кыргызстандын позициясына тынчсызданганын билдирди.
“Кыргызстан мурункудай, Украинанын мурдагы өкмөтүнүн ойлонбой кылган иши жана коррупцияга баткандыгы кризиске жана ондогон бейкүнөө адамдардын курман болушуна алып келди деген пикирде турат”, – деп айтылат элчикананын 27-март күнү социалдык тармактарда жайгаштырылган кабарында.
Туркистон:
Украинада үч айдан көбүрөөк убакытка уланган нааразылык акцияларында акыры оппозициянын колу үстөм келип, Украина президенти Виктор Янукович бийлигин таштап качып кеткенден кийин Кыргызстандын расмий өкмөтү Януковичти сындап, жаӊы пайда болгон Украина өкмөтүн макулдап билдирүү таркаткан эле. Бирок, расмий Бишкектин бул билдирүүсү Россия өкмөтү тарабынан кескин каршылыкка дуушар болду.
Айрым булактардын келтиришинче, 13-март күнү Россия Тышкы иштер министринин орунбасары Георгий Карасин Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Жунусовду чакыртып, таркатылган кабар боюнча ачууланган. Ошондон кийин Кыргызстан ТИМи шашылыш түрдө өзүнүн кезектеги билдирүүсүн таркатты. Бул билдирүүдө расмий Бишкек Крымда болуп өткөн референдум натыйжаларын элдин каалоосу катары баалап, анын натыйжаларын расмий түрдө тааныды.
Бирок, арадан көп убакыт өтпөстөн, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Гаага шаарында болуп өткөн ядролук коопсуздук саммитинде катышып, анда сөз сүйлөдү жана 25-март күнү ошол шаарда АКШ президенти Барак Обама менен да жолугушту жана бул жолугушууда Казакстандын Крым маселесинде ээлеген позициясы талкуу кылынганы жана Обама Назарбаевге бул маселеде катуу тийгени анык. Анткени, Казакстан да Кыргызстан сыяктуу Крымда болуп өткөн референдумга оӊ баа берген мамлекеттердин бири болчу.
Ошол себептен, Назарбаев жогорудагы саммиттен кайтып келер замат 26 март күнү Алматы шаарында Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул жолугушуу кеӊири ачыкталбаган болсо да, анда бул эки мамлекет жетекчилери мындан кийинки таштай турган кадамдарын келишип алган болушу мүмкүн.
Бул эки “эгемендүү” республика жетекчилеринин жолугушуусунун артынан АКШнын Кыргызстандагы элчиканасы Кыргызстандын Крым маселеси боюнча ээлеген позициясына нааразы экендигин маалымдады.
Бул “эгемендүү” мамлекеттердин бечара жетекчилери дүйнөдө жүз берип жаткан окуяларга өз алдынча пикир билдирүү мүмкүнүчүлүгүнө да ээ эмес. Бул жетекчилер иштеринде эле эмес, ал тургай ойлоп жаткан ойлорунда өз кожоюндары сызып берген сызыктан четке чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Назарбаев Обама менен жолугушуп кайткандан кийин, Атамбаев менен жолугушкандан кийин жана АКШ элчиканасы таркаткан кабардын артынан Кыргызстан эми кандай позицияны ээлейт болду экен?