Ахмад Авис тарабынан берилген
1 – Кызыл ашыктын ылдыйын жабуу туурасындагы өкүмдөр,
2 – Бруней султанынын ниетим шариятты колдонуу деген билдирүүсү жөнүндөгү суроолорго жооп
Суроо:
Ассаламу алайкум, кадырлуу шейхибиз!
Эгер, убакытыңыз болсо, суроолорума жооп берерсиз деген үмүттөмүн, Аллах сизге береке берсин:
Биринчи суроом: «Исламда ижтима түзүмү» китебинен:
1 – Китепте «Бул абалда буттар (кызыл ашык томугунун төмөн жагы) жабык болгону үчүн аларды жабууга зарылдык жок», деген сүйлөм келет. Бул сүйлөм жалпы турмушта кийиле турган кийим астындагы авратты (томуктардын астын) жаба турган бирер нерсени кийүү фарз эместигин түшүндүрөбү?
2 – Ушул китепте дагы «Себеби, бутка чейин (томукка чейин) түшүп турган кең кийим фарз» делген. Бул жердеги حتى сөзү жилбаб кийүүдө эки томукту өз ичине албашына ишара кылбай жатабы… Бул лугавий жактан ушундай. Антпесе, мурдагы абзац ороо шарттыгына далалат кылат эле, бирок, лугавий танких боюнча ала турган болсок, «حتى أسفل القدمين эки томуктун ылдый жагына чейин» деп айтылса туурараак болбойбу?
Экинчи суроом: Фейсбукта келген айрым кабарларга караганда, Бруней султаны ниети шариатты колдонуу экендиги жана ушул максатта дастурга өзгөртүү киргизмекчи экендиги туурасында билдирүү берген. Мунун вакиъси кандай? Аллах сиз амирибизге береке берсин!
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллахи ва барокатух!
Биринчи: «Исламда ижтима түзүмү» китебиндеги маселеге тиешелүү суроого келсек:
1 – Сиздин сурооңуздагы «бул абалда буттар (кызыл ашык томугунун ылдый жагы) жабык болгону үчүн аларды ороого зарылчылык жок», деген биринчи сүйлөмгө келсек, ооба туура, аял киши жалпы турмушта кийе турган кийими астынан томуктарын орой турган нерсени кийиши зарыл эмес. Себеби, ушул сурооңузда келтирилген толук абзацта айтылгандай, бул кийим жерде бир карыш же бир зироъ узундукта асылып жүргөн.
2 – Сиздин сурооңуздагы «Себеби, бутка чейин (томукка чейин) түшүп тура турган кең кийим фарз» деген экинчи сүйлөмгө келсек, бул томуктуун асты жагы качан байпак же ушуга окшош нерсе менен жабык болсо, умумий турмуштагы кийимдин жерге тийип турбастан кызыл ашыктар үстүнө чейин жетип турушу жетиштүү экедигин түшүндүрөт. Себеби, ошону менен аятта келген «ылдыйга чейин түшүрүү» ишке ашкан болот. О.э. бул нерсе ушул экинчи сүйлөмдө келтирилген толук абзацтан да ачык көрүнүп турат.
3 – Сизге жакшы түшүнүктүү болушу үчүн өткөн суроого берген жообумду дагы кайтарам:
а) Чөлдө аялдар жылаңаяк жүрүшүп же кепич же ушул сыяктуу бут кийим кийишип, томуктарынын ылдыйкы бөлүгү таптакыр жабык болбойт эле. Эгерде аял киши басканда буттары көрүнүп калбасын үчүн көйнөгүн жерге сүйрөлтүп жүрбөсө, томуктарынан ылдый жагы көрүнүп турат эле. Расулуллах A кийимдерди кибр менен сүйрөлтүп жүрүүдөн кайтарды. Ошондо Умму Салама эгерде аял кишинин кийими жерде сүйрөлүп жүрбөсө, жылаңаяк же кепич кийип жүргөнү үчүн томуктарынан ылдый жагы ачылып калышын түшүндү. Ошондуктан, Расулуллах Aдан: «Анда аялдар этектерин эмне кылышат», – деп сурады. Себеби, аялдар томуктарынан ылдый жагы көрүнүп калбасын үчүн жилбабдарын сүйрөлтүп жүрүшөт эле. Ошол себептен улам, Расулуллах A аларга томуктарынын астынан бир карыш, андан кийин болсо бир зироъ узартып жүрүшүнө уруксат берди, ошондо аялдын буттарынынын томуктан ылдый жагы – ырасында кийими жерге сүйрөлө турган даражада узун түшүрүлгөн болсо – ачылып калбайт. Демек, маселе томуктардын астын жашыруу жөнүндө. Т.а. суроо томуктан ылдый жагын жашыруу үчүн берилди, башкача айтканда, жилбабды томуктар астына чейин жерге сүйрөп жүрүүдөн максат томуктардын ылдый жагын жашыруу үчүн болуп, кийимди жерге сүйрөп жүрүүнүн иллети буттун томуктан ылдый жагын жашыруу болот. Маълул (иллеттенген нерсе) бар жана жок болууда иллет менен бирге айланат. Ошондуктан, эгерде томуктардын асты жашырылган болсо, кийим жерге сүйрөп жүрүлбөйт башкача айтканда
«Үстулөрүнө жилбабдарын жамынышсын!» аятында келген түшүрүү т.а. узун кылуу мааниси жүзөгө чыгышынын өзү жетиштүү болот. Т.а. кийимдерди томуктардын ылдый жагын тосуп тура турган даражада түшүрүү жетиштүү.
б) Эми, Умму Салама карыш же зироъну каерден өлчөгөнүнө келсек, маселе кийимди жерге сүйрөп жүрүү маселеси эле. Ал мына ошону сурап, түшүндүрмө талап кылды. Ал аялдар кийимдерин сүйрөп жүрүшпөсө томуктарынын асты көрүнүп калышын түшүндү, бул нерсе чыныдыгында да ошондой болот. Себеби, кийим жерге сүйрөлгөн абалда узун болбосо, кадам ташталганда жылаңаяк болгон же кепич кийген буттар көрүнүп калышы анык. Ошондуктан, Расулуллах A кийимди бир карыш узартып жерге чейин сүйрөлтүүгө уруксат берди. Хадис кийимди сүйрөлтүп жүрүү туурасында болуп, араб тилинде (جرّ) сөзү жерге сүйрөлтүүнү түшүндүрөт, ошондуктан, ал жерге сүйрөлө турган карыш томуктун астынан экендигине далалат кылат.
Кайталап айтамын, бул жердеги максат басканда томуктар асты ачылып калбастыгы, Эгерде томуктардын асты жабылган болсо, жилбабды байпактар менен жашырылган буттардын үстүнө чейин түшүрүүнүн өзү жетиштүү болот т.а. ырасында томуктар асты жабык болгон соӊ, жилбабды томуктарга чейин узун кийүүнүн өзү жетиштүү.
Экинчи: Бруней темасына келсек:
Ооба, сурооңузда айтканыңыздай болду. Бирок, Ислам өкүмдөрүн колдонуу куру жаза-чараларын колдонуунун эле эмес. Балким, Исламды турмуш, мамлекет жана коом үчүн түзүм катары толук кабыл алган мамлекет тарабынан туура колдонулушу керек. Мына ошондо Ислам ичкериде колдонулат, тышкарыда болсо даъват жана жихад жолу менен бүткүл дүйнөгө жеткирилет, мамлекеттин амал жана коопсуздугу мусулмандар салтанаты аркылуу жана колонизатор кафирлер таасиринен алыс көрүнүштө болот.
Бруней ал тургай, колдонулушун жана алар кафирлерге эмес жалаң мусулмандарга гана колдонулушун айткан жаза-чараларын бүгүнкү күнгө чейин колдонгон жок. Белгилүү болгондой, Бруней дарбазалары кафир чет элдиктер үчүн ачык. О.э. коопсуздук жана амандыгы да өз салтанаты менен эмес, балким, Батыштын, айрыкча Британиянын салтанаты менен. Ошондуктан, булар мусулмандарды туйгулантуу үчүн гана айтылган сөздөр болуп эсептелет.
Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рошта
12-жумадус-саний, 1435-х.
12-апрель, 2014-м.