Муслималар үчүн маалымат билдирүүлөр түркүмү (4)
Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын аялдары уюштурган кампания боюнча Хизбдин Борбордук басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү сиңдибиз Имрона Мухаммад жолдогон кайрылуу
Африкадагы муслималарга Батыштагы эже-сиңдилери тарабынан жолдонгон кайрылуу
Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух, Африкадагы муслима эже-сиңдилерибизге саламыбызды айтабыз.
Батышта жашаган ар кандай адам Африканы жакырчылыкка баткан жана ар дайым ички уруучулук согуштаруна кабылган о.э. жер жүзүндө аялдар үчүн эң кооптуу жер деп элестетет. Көптөгөн региондордо Ислам Африканы жакырлаштырган жана үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин катарына киргизген фактор катары каралып, айыпталат. Бирок, эй эже-сиңдилерим, түпкүлүгүндө бул нерселер Батыш колонизаторлугунун зыяндуу таасирлери болуп эсептелет. Себеби, жергиликтүү калктан пайдалануу жана аларды репрессия кылуу ушул колонизатордун түпкү долбоору жана күнүмдүк иш тартибинин катарына кирет. Негизи, дал ушул колонизаторлук айыпталышы керек.
Региондо ишке салынып жаткан ушул жалган демократиялык долбоор Африка аялдарына жана балдарына оор кыйынчылыктарды алып келди. Маалымат каражаттары, бейөкмөт жана эл аралык уюмдар Батыштын экономикалык кызыкчылыктарына кызмат кылуу менен өз вазыйпаларынан жана укуктарынан кыянаттык менен пайдаланган ушул континенттин жетекчилеринин кылмыштарын жашыруу менен аялдардын эзилүүсүнө жардам берүүдө. Статистикалык маалыматтарга ылайык, дүйнөдөгү сабатсыз адамдардын үчтөн бирин аялдар түзүп, алардын көпчүлүгү Батыш Африкада жашайт. Бул континенттеги ачкачылыктан, зулум жана согуштан качкан миллиондогон качкындардын көпчүлүгүн аялдар жана жаш балдар түзөт. Учурда Сахара түштүгүндөгү африкалык аялдар бир жылда 40 миллиард саатын турмуш үчүн зарыл эсептелген суу ташуу менен өткөрүшөт.
«Рио+20»нын акыркы отчётунда айтылышынча, эркек менен аялдын ортосундагы теңсиздик аялдар арасындагы ачкачылык жана жакырчылыктын негизги себептеринин бири. Бирок, төрөлүүнү чектөө программаларын каржылоо, таалим жана башка либерал маданий долбоорлор жана демилгелер аркылуу эки жыныс ортосундагы ушул теңсиздик проблемасын чечип жатышканын айткан Эл аралык Валюта Фонду, Дүйнөлүк Банк жана БУУ сыяктуу уюмдардын колонизаторлуктун пландары түпкүлүгүндө муслима аялдын баалуулуктарын жок кылууга багытталган тил бириктирүүдөн башка нерсе эмес. Бул болсо, чет элдик ач көз компаниялар тарабынан үй-бүлөнү бузуп, аялдарды кул кыла турган жаңы соода базарларында муслима аялдардын эксплуатация кылынышына жол ачат. Тарых көрсөтүп тургандай, колонизаторлук башкаруу доорунда аялдардан Европа экономикалык плантациялары үчүн жалданма жумушчу катары иштөө кээ бир абалдарда мыйзамдуу түрдө талап кылынган. Сиз, муслималардын бүгүнкү куурчак жетекчилер жардамындагы түздөн-түз жана кыйыр түрдө колонизаторлукка каршы турушуңар үстүндө Батыштагы эже-сиңдилериңер изилдөө өткөрүштү. Арийне, ушул колонизаторлук – региондогу бардык эже-сиңдилерибиздин кыйынчылыктарынын негизги себепчиси.
Азиз эже-сиңдилер, билебиз, бул колонизаторлук аялдарыбызды жерге ээ болуудан куру жалак калтырды. Ислам болсо бул маселеге аялдын акысы деп карайт. Бул арада колонизаторлук менчик жерге ээ болуу идеясын алып келген болсо да, Кения 1954-жылдагы «Свиннертон» планына ылайык, аялдарды ушул укуктан бүтүндөй четте калган. Мына ушундай адилетсиз экономикалык саясаттар эркектерди аялдарды таштап, бош иш орундарын толтуруу үчүн башка өлкөлөргө кетүүлөрүнө мажбур кылды. Аялдар айыл региондорунда кыйын абалда калды, чабуулдарда жана барган сайын күчөп бара жаткан зулумга кабылышты.
1919-жылы Кенияда чыгарылган «Норти» сунушуна ылайык, африкалык жетекчилер жана чиновниктер жеке жана коомдук иштерге пайдалануу аялдарды жана өспүрүмдөрдү сатып алууга буйрулган. Нигериядагы колониялык режимдер Исламдагы экономика түзүмүнө карама-каршы түрдө салыктарды салышты. Колонизатор Британия колониялык бийлиги африкалык эркектерден аялдарга салык салууда пайдаланган, ушул салыктар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, кыздар 15 жаштан тартып салык төлөшү шарт болгон! Шек-күмөнсүз, какао, кофе, пахта сыяктуу продукциялар айыл чарба тармагында аялдардын желкесине кошумча жүк болду, натыйжада, ушул продукцияларды кароо жана түшүмүн жыйноо иштери да аялдарга жүктөтүлдү.
Айрымдар ушул колонизаторлук заманы технологиялык өнүгүүгө өз салымын кошту, бул өнүгүү ушул региондогу маданияты артта калган, жашоо деңгээли төмөн абалдын өсүшүнө себеп болду деп айтышат. Бирок, тарыхка назар салуу менен бул идея батылга чыгарылып, жок болот. Мисалы, эгин талаасына соко киргизилиши менен эгин эгүү, чөп отоо сыяктуу оор иштер аялдын желкесинде кала берди. Бүгүн болсо дүйнөдөгү СПИДге чалынган балдардын 91%ын африкалыктар түзүүдө, бүгүн Батыш компаниялары патент берүүнү жана дарылардын баасын көтөрүүнү биринчи орунга коюу менен орулууларга жардам көрсөтүүчү технологиялардан пайдаланууга – ал тургай, адам өмүрү кыйылса да – тоскоолдук кылууда. Эгер, биз Исламий Халифалык астында жашаганыбызда бул жардамдар акысыз көрсөтүлмөк. Бул айтылгандар колонизаторлук Африка аялдарына кырсык алып келген балээлердин бир тамчысы гана.
Буларга карама-каршы түрдө, исламий саясий түзүмү астында аялдардын турмушу бүтүндөй башкача болгон, байлык калктын арасында айланышына өбөлгө түзгөн жана мамлекеттик ресурстардын менчиктелишине тоскоолдук кылган бардык экономикалык саясат Африканы дүйнө азык-оокаты себетине айланткан.
Социалдык тармакта болсо, аял корголушу важиб болгон ар-намыс эсептелип, эксплуатация жана кулдуктан корголот. Халифалык мамлекети аял кишиге саясий жана социалдык турмушта активдүү катышууга уруксат берип эле калбастан, өз билимин жогорулатууга жана аялдык сыпатына тескери келбеген тармактардын баарында өсүшүнө мүмкүнчүлүк жаратып берген. Мындай улуу иш-чаралар Ислам башкаруусу астында коом үчүн, өзгөчө, аялдар үчүн Африканын фатх кылынышына алып келди, аны колония кылуу жана ресурстарды ташып кетүү үчүн эмес, адамдарды зулум жана зомбулуктан азат кылуу, аялдарды өтмүштө өкүмдарлык кылган, дагы эле өкүмдарлык кылып жаткан диктатор режимдерден куткаруу үчүн фатх кылды. Мунун натыйжасында Ислам колдонулган бардык региондор саясий жана социалдык жактан ойгонушуна алып келди. Ушул өлкөнүн улуу мусулман араб тарыхчылары Бакрий, Масъудий, Ибн Батута жана Ибн Халдун сыяктуу белгилүү жазуучулары бул жөнүндө чыгармаларды жазышкан. Мисалы, Нигерияда жайгашкан Борну акими Али Газий (1476-1503) Нигазарагаму деген аталыштагы жаңы шаарды курду, бул шаар исламий башкаруу астында экономикалык жана социалдык жактан гүлдөп-өстү. Бул аким Ислам жана анын шариятынан көбүрөөк билим алуу максатында имам Умар Масарамба менен көп жолугушкан о.э. ал кадыр-барктуу адамдарды жана жетекчилерди төрт аял менен чектелүүгө көндүргөн, бул жагдай ошол убакта аялдардын ижтимаий эксплуатациядан азат болушуна алып келген. Судан түндүгүндө жайгашкан ири шаарлар таалим тармагында негизги борбор вазыйпасын өтөгөн. Ошол убакта биринчи исламий университет болгон Томбуктудагы «Санкоре» университетинде аялдар муаллима болуп чыгышкан.
Эй африкалык муслималар!
Батыштагы муслима аялдар либерал баалуулуктар аялдар абалын өзгөртө албаганына күбө болушту. Мына алар бүгүн да маяна алууда, коомдогу өкүлдүктө да укуктары үчүн күрөшүүдө. Абал ушундай болгон соң, муслима аял мындай баалуулуктар о.э. либерал аялдардын жалган ураандары астында бирер өнүгүүнү табышы мүмкүнбү?! Биз африкалык муслималарды аялдарга чыныгы өнүгүү бере турган Аллах Тааланын түзүмүн тикелөө үчүн олуттуу аракет кылууга чакырабыз. Аллах Таала силердин деңгээлиңерди көтөрдү, жалган эл аралык уюмдар жүзөгө чыгара албаган улуу сыймыктуу макамга алып чыкты, бул жалган уюмдар түпкүлүгүндө силердин муслималык өздүгүңөрдү ойрон кылууга, Исламга болгон талпынууңарды жок кылууга багытталган. Максат, өз кызыкчылыктары үчүн силерден пайдаланып, силерди алып-сатыла турган бир товарга айлантуу, кийин пайдаланып болушкан соң, коомдун таштандысына ыргытуу. Биз дүйнө жана Акырет сообу үчүн силердин жогору максаттарыңар жолунда силерге жардам беребиз, себеби, биз Аллах Тааланын жалгыз Өзүнө эч нерсени шерик кылбастан итаат кылган кулдарыбыз.
Биз силердин кыздарыңарга жакшы, коопсуз, улуу келечекти жүзөгө чыгаруучу Исламий Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда – инша Аллах – силер менен биргебиз о.э. ушул аят кариманы турмушта колдонуу жолунда – инша Аллах – биз силер мененбиз:
«Эркекпи же аялбы, кимде-ким, момун абалда бирер салих амал кылса, Биз ага пакиза жашоо беребиз жана аларды өздөрү жасап өткөн эң чырайлуу амалдары үчүн ажр-сооптор менен сыйлайбыз» [16:97]
Жалгыз Халифалык гана африкалык аялдарды чыныгы бакытка жеткирет.
Хизб-ут-Тахрир Судан вилаятынын аялдар жааты
Телефон: 0912377707 – 0912240143
Электрондук почта: spokman_sd@dbzmail.com