Абу Умар Насар тарабынан берилген айбандын бавл жана тезеги жөнүндөгү суроого жооп

486
0

Суроо:

Ассаламу алейкум ва рохматуллохи ва барокатух!

Урматтуу шейхибиз, Анас ибн Малик хадисинде мындай келет:

«Расулуллах Aдын алдына Укл же Урайнадан бир коум келди, алар Мединада алдан таюу оорусу менен ооруп калышты. Ошондо Расулуллах A (сахабаларына) алар үчүн саан төө алып келүүнү буюрду, аларга болсо, анын бавлы (сийдиги) жана сүтүнөн ичүүнү буюрду» (Сахихи Муслим).

Биздин табаннийибиз боюнча, бавл нажасат эсептелип, нажасаттан пайдалануу бүтүндөй арам, бул нажасат бавл болобу же тезекпи, эти желген айбандардыкыбы же башканыкыбы, айырмасы жок.

Алардан пайдалануунун арамдыгына истинжа кыссасындагы Расулуллах Aдын (тезек жөнүндөгү) сөздөрү далил: «إنها ركسалбетте, ал рикс (нажас) ». Ибн Хузайма риваятында «إنها ركس إنها روثة حمار албетте ал рикс, ал эшектин тезеги», деген сөз кошумчаланган. Мен Шавканийдин «Найлул автар»ында Тамимийден тезек ат, качыр жана эшеке хос экенин зикр кылганын окуганмын. Ушул эки хадисти жамдоодон эти желген айбандардын тезегинен эгин иштерине жер семирткич катары пайдалануу мүмкүндүгү келип чыгат. Бизге ушуну түшүндүрүп берсеңиз, Аллах сизге береке тартуу кылсын.

Жооп:

Ва алайкум ассалом ва рохматуллохи ва барокатух!

1 –   Айбандын бавлы жана тезеги нажасат экендиги жөнүндө:

Эти желбеген айбандардын бавли да, тезеги да арам экендигинде эч кандай ихтилаф жок. Ал эми, эти желген айбандардыкы жөнүндө ихтилаф бар.

Мен үчүн далили күчтүүрөөгү, булар пайдалануу мүмкүн болбогон, бир гана дарылануу үчүн жана макрух абалда мүмкүн болгон нажас. Муну кийинчерээк баян кылып өтөбүз. Ырас, нажас болгон соң, пайдалануу да мүмкүн эмес. Муслим Ибн Аббастан риваят кылат: Умарга Самуранын хамр сатканы жөнүндө кабар келди. Ошондо Умар мындай деди: Аллах Самураны кыйратсын, акыры ал Расулуллах Aдын мындай дегенин укпаганбы:

«لَعَنَ اللَّهُ الْيَهُودَ، حُرِّمَتْ عَلَيْهِمُ الشُّحُومُ، فَجَمَلُوهَا، فَبَاعُوهَا»

«Аллах яхудийлерди наалаттады, себеби, аларга айбандын майы арам кылынган эле, аны эритип сатышты». Демек, нажастан пайдалануу арам.

2 –   Бавлдын нажастыгына далилдерден:

–     Имам Бухарий өз Сахихинде Анас ибн Маликтен риваят кылат, «Бир бадавий келип, мечит короосуна бавл кылды, адамдар ага кыйкырып кууп башташты, ошондо Набий A аларды кайтарды. Бадавий бавл кылып болгон соң, Набий A бир чака суу алып келүүнү буюрду жана ал жууп жиберилди».

–     Имам Бухарий өз Сахихинде Ибн Аббастан риваят кылат: Набий A эки кабырдын жанынан өтүп бара жатып, мындай деди:

«إنّهُمَا لَيُعَذَّبَانِ، وَمَا يُعَذَّبَانِ فِي كَبِيرٍ، أَمَّا أَحَدُهُمَا فَكَانَ لاَ يَسْتَتِرُ مِنَ البَوْلِ، وَأَمَّا الآخَرُ فَكَانَ يَمْشِي بِالنَّمِيمَةِ»

«Бул экөөсү тең азапталып жаат, бирок, оор күнөө себептүү эмес. Бири бавлдан сактанбайт эле, экинчиси чагымчылык кылып жүрчү».

–     Дарикутний Анастан риваят кылат, Расулуллах A мындай деди:

«تَنَزَّهُوا مِنَ الْبَوْلِ فَإِنَّ عَامَّةَ عَذَابِ الْقَبْرِ مِنْهُ»

«Бавлдан тазалангыла, себеби, кабыр азабынын баары ошондон».

Бавлдын вакиъси бирдей, адамдыкы да, айбандыкы да, айырмасы жок, нажастык далалаты туура келе берет, адамдын бавли болсун, эти желген айбандын, эти желбеген айбандын бавлы болсун, ар кандай бавл нажасат болуп, бавлдын вакиъси бир.

–     Имам Бухарий Анас ибн Маликтен риваят кылган: «Расулуллах Aдын алдына Укл же Урайнадан бир коум келди, алар Мединада алсыздык оорусуна чалдыгышты. Ошондо Расулуллах A (сахабаларына) алар үчүн саан төө алып келүүнү буюрду, аларга болсо анын бавлы жана сүтүнөн ичүүнү буюрду», деген хадиске келсек, ал дарылануу темасы. Ибн Мажада хамр менен дарылануу жөнүндө хадис бар, ал төмөнкүдөй: Ибн Мажа Тарик ибн Сувайд Хазрамийден риваят кылат: Мен: Я Расулуллах, жерибизде жүзүмдөр бар, анын суусун алып хамр (мас кылуучу ичимдик) жасайбыз, андан ичсек болобу? – деп сурадым, ал зат: «Жок», деди, мен: биз аны оору үчүн шыпаа катары иштетебиз, дедим, ал зат: «Ал шыпаа эмес, тескерисинче, ал – оору», деди. Ушул эки хадисти жамдоо натыйжасында нажасаттан дабаа катары пайдалануудан кайтаруу катъий эместиги, демек, макрухтугу айкын болот. Кыскасы, бавлды ичүү аркылуу дарылануу макрух болуу менен бирге жайиз жана бул нерсе анын нажасат эместигин түшүндүрбөйт.

3 –   Тезектин нажасаттыгына болгон далилдерден:

–     Имам Бухарий өз Сахихинде Абдуллахтан риваят кылат: Набий A дааратка барды жана мага үч таш алып келүүнү буюрду, мен эки таш таптым, үчүнчүсүн издеп,  таба албадым, ошондо бир тезекти кошуп алып бардым. Ал зат эки ташты алды да, тезекти ыргытып жиберди жана: «Ал – рикс», деди. Рикс – нажас, дегени.

Сиз тезек деп жалаң эти желбеген айбандын чыгындысы дедиңиз жана Ибн Хузайма риваятында «ал рикс, ал эшектин тезеги», деген сөз кошумчаланганын айттыңыз. Бирок, имам Бухарий жана бир топ сунан ээлери – Ахмад, Насаий, Тирмизий, Табароний, Дарикутний, Байхакий, Баззар, Абу Яъла сиз айткан «ал эшектин тезеги», деген сөздү айтышпаган. Ошого карабастан, мен Ибн Хузаймадан төмөндөгү риваятты таптым: Абу Хурайра Набий Aдын мындай дегенин риваят кылат:

«إِنَّمَا أَنَا لَكُمْ مِثْلُ الْوَالِدِ لِوَلَدِهِ، فَلاَ يَسْتَقْبِلْ أَحَدُكُمُ الْقِبْلَةَ وَلاَ يَسْتَدْبِرْهَا – يَعْنِي فِي الْغَائِطِ – وَلاَ يَسْتَنْجِ بِدُونِ ثَلاَثَةِ أَحْجَارٍ لَيْسَ فِيهَا رَوْثٌ وَلاَ رِمَّةٌ»

«Албетте, мен силер үчүн атанын баласына (мээримдүүлүгү)сыяктуу (мээримдүүмүн), анан, силердин эч бириңер(дааратта) кыблага жүздөнүп да, артын буруп да олтурбасын жана үчтөн аз таш менен истинжа кылбасын, алардын арасында тезек да болбосун, сөөк да». Бул хадистин санады хасан. Ушуну менен бирге, бавл жөнүндө айтканыбыздай, тезектин да вакиъси бир, ал эти желген айбандыкы болобу же эти желбеген айбандыкыбы, айырмасы жок, ошондуктан, ага нажасат өкүмү колдонулат. Эшек тезеги нажасат болгондой, уйдун тезеги да нажасат т.а. тезек – эти желген айбандыкы болобу, эти желбеген айбандардыкыбы – баары нажасат.

Мен ушуларды таржих кылдым (башкасына караганда күчтүүрөөк деп билдим). Таржих кылдым дегенимдин себеби, бул жерде эти желген айбандын бавлы жана тезеги нажасат эмес деген этибарлуу пикирлер да бар.

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта                          

 22шаъбан, 1434-х.

 1июль, 2013-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here