Вестгейт чабуулунан кандай сабак алуу мүмкүн?

280
0

Найробидеги Вестгейт соода борборуна чабуул кылынып, ондогон кишилер набыт болуп, ондогону жаракат алды, адамдар жакындарынан айрылды. Биз, Ислам мабдасын карманган саясий хизб болгон Хизбут-Тахрир–Чыгыш Африканын мүчөлөрү, бул окуядан үрөйүбүз учуп, кайгыдабыз жана бир нече жагдайларга токтолуп өтмөкчүбүз:

Биринчи: бул чабуул Кенияда коопсуздук кандай абалда экенин анык көрсөтүп турат. Чабуулдан мурун Мандир, Бангома жана Гарисса сыяктуу түрдүү региондордо мекендештерибиздин өлтүрүлгөнүнө күбө болгон элек.

Ал тургай, Кениянын чоң шаарларында жашагандар да бул кылмышкерлердин басымына дуушар болушу табигый. Бул – коопсуздук кызматы адамдарды таптакыр коргой албай жатканына жаркын далил. Көпчүлүк адамдар бүгүн: эгер бийлик өз күчтөрүн «Линда Нши» операциясы менен Сомали ишине аралаштыруу аркылуу таштаган кадамы артындагы чыныгы максат өлкөбүздүн коопсуздугун бекемдөө болгон болсо, анда, бул чабуулдар эмнеге болуп жатат? – деген суроону беришүүдө. Бийликтин мындай кадамы артында Батыш, өзгөчө, Британия жана Американын саясий басымдары жатканы эбак эле маалым болгон. Бул мамлекеттер Сомали байлыктарын талап-тоноо жана ал жердеги коррупциячыларды колдоп-кубаттоо үчүн өз малайларын сактап калууну көздөшөт.

Экинчи: Чоң маалымат каражаттары бул окуя агымын өзгөртүштү. Мисалы, бул агенттиктер оболу бул чабуулдарды жасаганадар кылмышкер топтор деген эле. Кийин бир нече саат өтүп «ал-Жазира» каналы «Шабаб» кыймылы чабуул жоопкердигин өз мойнуна алды дегенден кийин пикирлерди өзгөртүштү да, бул террористтик чабуул дешти. Бул болсо, батыштыктар чоң маалымат агенттиктери үстүнөн өкүмдарлык кылып, алардан Исламды жаман көрсөтүү, мусулмандар менен кайрымусулмандар ортосунда душмандыкты козгоодо пайдаланып жатышканын ачык-айкын көрсөтүп койду. Бул өлкөдө диний зомбулук деген нерсени оңой эле жаратуу мүмкүндүгү жагынан, бул иш өтө кооптуу. Белгилүү болгондой, эгер адам өлтүрүү мусулмандар колу менен жасалган болсо, муну террорчулук дешет, бирок, бул, кайрымусулмандардын колу менен жасалган болсо, муну динге да байлашпайт, террорчулук да дешпейт! Бул бизге Парагвайда 42 полицейдин өлүмүнө алып келген 2012-жылы, июль айындагы чабуулду эске салат. Ошондо бул чабуул басма сөздө таптакыр террорчулукка байланбады, чабуул акыбети эмне менен аяктаганын билбедик дагы. Хизбут-Тахрир мындай террористтик зомбулуктардын баары Исламга каршы иштер экенин дагы бир ирет баса белгилейт. Бирок, Батыш терроризмге өз максатына ылайык түрдө башкача маани берди т.а. анын капиталисттик кызыкчылыктарына каршы болгон ар бир адам террорист эсептелет. Буга далил катары Британия Мау Мау согушкерлерин колонизатор британиялыктардын зулумуна каршы чыгышканы себептүү террористтер деп атап жатканын көрүүбүз мүмкүн. Дагы бир мисал, батыштыктар Ислам идеологиясы жана акыйдасы капиталисттик идеология жана акыйдага тескери болгондуктан алар мындай бузгунчу идеологиядагы зулум жана коррупцияга каршы чыгып жаткан ар бир мусулманга террорчулук сыпатын жабыштырып жатышат.

Үчүнчү: бул чабуул Батыш акимдеринин жалганчылыгын ачыктоодо, анткени, алар курман болгон аялдар жана балдар үчүн кайгырып жаткандай болуп, калп эле жаш төгүшүүдө, ошол эле учурда, анын колдору Ирак, Афганистан, Пакистан жана Яман сыяктуу бир катар өлкөлөрүбүздө аялдардын, балдар жана карылардын канына бөлөнгөн. Исламий өлкөлөрдөгү куурчак малайларына калкка каршы химиялык курал иштетүүгө уруксат эле берип калбастан, буга баш-көз болуп тургандар – мына ушул Батыш акимдери. Мисалы, Сирияда куурчактары Башар Асад жасаганы сыяктуу…

Кениялыктар жараттангандарга жардам берүү үчүн медицина борборлоруна кан тапшыруу үчүн келип жатса, бул лидерлер коопсуздукту жүйөлөп коомдук жайларга барбоого жана үйдөн чыкпоого үндөшүүдө. Арийне, алар кениялык жарандарга эмес, өз жарандарына кайгырып жатышат. Өз жарандарын Кенияда коопсуздук жоктугу себептүү ал жерге барбоо жана кирбөө жөнүндө эскертүү беришүүдө. Бирок, Кенияда байлыктарды талап-тоноп жаткан өздөрүнүн түрдүү компанияларына мындай эскертүүлөрдү беришкен жок.

Хизбут-Тахрир сөзүнүн аягында ушуну ачык баян кылат, терроризм – Батыш Африкадагы, алардын катарында, Кениядагы бай ресурстарды ташып кетүү үчүн кирүү максатында алга сүрүп жаткан кезектеги шылтоо. Батыштыктардын капиталисттик идеологиясы бүткүл дүйнөгө коопсуздук, амандык алып келүүдө ийгиликсиз болуп чыкканы эбак эле далилденди. Адамдарды текчилдик, диндарлык жана уруучулук негизинде бөлүп жаткан бул идеология дүйнө бойлоп туруктуулук жана тынчтыкты изинен чыгарууда. Терроризмге каршы күрөш деген нерсенин артындагы негизги максат, түпкүлүгүндө, Ислам күнү чыгышын о.э. анын бардык инсаний проблемаларга толук чечим берип жаткан турмуш программасы бар идеология катары бүткүл дүйнөгө жетекчилик кылышын токтотуп калуу. Ислам 13 кылым дүйнөнү башкарды о.э. коомдун диний, тектик, уруучулук жана региондук түрдүүлүгүнө карабастан, тынчтык, коопсуздук жана биримдик орнотууда ийгиликке жетишип келди.

 

Шаъбан Муаллим

Хизбут-Тахрирдин Чыгыш Африкадагы
басма сөз бөлүмүнүн өкүлү

 

Телефон: 254 717 606 667, +254 737 606 667

Электрондук почта: abuhusna84@yahoo.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here