Өзбекстандык укук коргоо органдарындагы булактарга негизделип Uzmetronom.com сайтынын кабар беришинче, Ташкентте уурулук жана каракчылык кылмыштары көбөйүп кеткен. Участкалык инспекторлор үйлөрдү кыдырып, бейтааныш адамдарга эшикти ачпоо жана башка бирөөлөрдүн квартирасына кирүүгө аракет кылып жаткан, же үйлөрдүн алдында максатсыз тентиреп жүргөн бардык күмөндүү адамдар тууралуу милицияга кабар берүү тууралуу эскертишүүдө. Чындыгында эле тынчсызданууга негиз бар. Мунун себеби акыркы бир нече күндө бир гана Юнусбад районунда 18 уурулук жана каракчылык кылмышы жүз берген. Ташкенттеги мындай кылмыштар жөнүндөгү маалыматтан маалымат каражаттары жана карапайым жарандар кабарсыз.
ИИМ кызматкерлеринин божомолу боюнча, бул кылмыштар жаштар тарабынан ишке ашырылууда. Айрым далилдер алардын Ташкентте жашабастыгына далалат кылууда. Алар паспорттук режимди бузгандыгы үчүн Россия жана Казакстандан депортацияланган мигранттар болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Көз карандысыз серепчилердин эсеби боюнча, бүгүнкү күндө Ташкентте областтардан келген, бирок каттоодон өтпөгөн, туруктуу жумушу жана туруктуу жашаган жери жок 500 миӊден ашык адам бар.
Туркистон:
Каримов алып барып жаткан диктаторлук саясаттын натыйжасында өзбекстандыктар саясий эле эмес, экономикалык жактан да оор абалда калууда. Завод жана фабрикалардын токтоп калышы, иштеп жаткан убакта болсо бере турган айлыгы өтө аз экендиги себептүү миллиондогон адамдар жумуш издеп кошуна республикаларга, айрыкча Россияга чыгып кетишти.
Ал эми, акыркы убактарда орус өкмөтүнүн мигранттарга каршы алып барып жаткан күрөшү себептүү Россияда иштеп үй-бүлөсүн багып жаткан өтө көпчүлүк адамдар, айрыкча, өзбекстандыктар депортация кылынууда. Үйүнө кайтып келгендер болсо жумуштун жоктугуна улам, айрымдары кылмыш көчөсүнө кирип кетип жаткан болсо, айрымдары документтерин өзгөртүп дагы кайрадан сыртка чыгып кетүүгө аракет кылууда.
Мындан тышкары, Каримовдун Ислам динине жана анын коомдогу ар кандай көрүнүшүнө каршы алып барып жаткан күрөшүнүн натыйжасында адамдар, айрыкча, жаштар адал жана арамды ажыратпай турган, жалаӊ гана материалдык пайда жөнүндө ойлоно турган болуп бара жатышат. Мунун натыйжасында болсо кылмыштуулук күчөп бара жатат.
Үстүбүздөгү жылдын башында да Ташкент шаарын коркунуч каптаган эле, мунун себеби, пенсионерлерди жана жалгыз жашаган карыяларды тоноп кетүү жана өлтүрүү көбөйүп кеткен эле. Алты айдын ичинде 20дан ашык карылар ушундай кол салуулардын курмандыгына айланышты.
Жалаӊ гана айыпсыз мусулмандардын чөнтөктөрүнө наркотикалык зат, үйлөрүнө баракча, диск жана курал таштап, “кылмышкер”лерди кармап, подвлдарда жырткычтык кыйноолор аркылуу алардын “айыптарын” мойнуна коюуга уста болгон ИИМ жана ГКНБ кызматкерлери бул кылмыштын бетин ачууга алсыздык кылышкан болчу. Бул кылмышкерлерди табуу үчүн Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмышкерлердин фотороботтору тартылган жарыяларды көчөлөргө жабыштырып, шектүү адамдар жөнүндө милицияга кабар берген адамга 5 миллион сом сыйлык убада кылган болчу.