СИРИЯ АЗАТ АРМИЯСЫ АСАД АРМИЯСЫНА КОШУЛМАКЧЫБЫ?

286
0

Ал-Каидага каршы күрөшүү үчүн Сирия азат армиясынын Асад күчтөрү сабына кошулуусу туурасындагы маалыматтар англис гезиттеринин башкы темасына айланды.

Англияда басылып чыгуучу “Индепедент” гезитинин жазышынча, Сирия азат армиясынын башкы командачысы генерал Салим Идрис Ал-Каидага каршы күрөштө Асад күчтөрү менен бир сапта туруп согушуу жөнүндө баянат бергендиги айтылууда.

Гезиттин келтиришинче, Салим Идрис Стамбулда берген басма сөз баянатында “Ирак Шам Ислам мамлекети” жамааты сыяктуу Ал-Каида менен жакын мамиледе болгон куралдуу топторго каршы согушуу үчүн келечекте режимдин күчтөрү менен биригүүсү мүмкүн экендиги тууралуу айткан. О.э. гезит Сириянын келечеги үчүн Идрис бул келишимди түзүшү мүмкүн экендигин белгилеп өттү.

“Таймс” гезити да ушул сыяктуу бир кабар таркатып, куралдар радикалдык топтордун колуна түшүп калышы коркунучу бар болгондуктан Батыш мамлекеттери оппозицияга курал жөнөтүүнү токтоткондугун жазды.

Ал эми Сирия азат армиясынын маалымат жана саясат координатору Луай Микдад Сирия азат армиясынын Асад күчтөрү сабына кошулуусу туурасындагы маалыматтарды четке какты.

Луай Микдаддын айтымында, Сирия азат армиясынын командачысы генерал Салим Идристин интервьюсу туура эмес которулган.

Идрис интервьюсунда: “Асад кулагандан кийин Сирия азат армиясы өлкөнүн туруктуу армиясына айланат. Режимден калган аскерлер таркатып жиберилет. Туруктуу армия пайда болгондон кийин Сирия калкына жана Сирия кызыкчылыктарына зыян жеткирген ар кандай адамдарга каршы күрөшөт”, – деп айткандыгын билдирди Луай Микдад.

Микдад Сирияда Ал-Каидага байланыштуу бир нече топтор бар экендигин маалымдап “бул топтор Сирия азат армиясы ээлеген аймактарда өкүмдарлык кылууга аракет кылып жатат” деп айыптады жана Ал-Каида менен Сирия азат армиясы ортосунда кагышуу болгондугун да айтып өттү.

Асад режимин кулатып, демократиялык башкарууга өтүү менен Сирияда жаңы бир барак ачылышын билдирген Микдад, Сирия калкынын талаптарын эсепке албаган ар кандай адамга каршы күрөш улана тургандыгын кабарлады. Бирок, ал Сирия калкынын жаш-карысы биригип демократияны эмес, шариятты аткара турган Ислам мамлекетин каалап жатканы жөнүндө ооз ачпады. Эгерде ал сөзүндө туруп Сирия калкынын талаптарын эсепке албаган ар кандай адамга каршы күрөшүүнү уланта турган болсо, эң оболу демократиялык башкаруу пикирин көтөрүп чыгып жаткандарга каршы күрөшүүсү керек болот. Себеби, Сирия калкынын чоӊ-кичинеси бир добуштан демократияны четке кагып, шариятты талап кылып жатканы эч кимге сыр эмес.

 Туркистон:

Сирия келечеги жөнүндө кайгыра турган бир нече саясий багыттар бар. Алардын бири жогорудагы “Азат армия” аталуучу качкын аскерлер уюму. Алар Асаддын армиясын таштап кетишти, бирок куфр системасын эмес. Алар Асад армиясы сабында согушуудан баш тартышты, бирок, бир жолу да ага каршы иш кылышпады. Асад  мусулмандарды массалык түрдө кыргын кылып жатканда булар Түркиядан башбаанек таап унчукпай тынч отурушту. Эми иш аяктап калганда болсо, куфр кызыкчылыктарын көтөрүп, өздөрүн элдин кызыкчылыктарын коргоочу кылып көрсөтүшмөкчү. Туура, алардын арасында өзүнүн калкына ишенимдүү кызмат кылып жаткандар да бар. Бирок, жогорудагы генералдар – кудум Мисир генералдары сыяктуу – ыӊкылапты уурдоону пландаштырууда. Албетте, бул куфр күчтөрүнүн жардамысыз болбойт. Бирок, күрөш мусулмандар арасында болушу пландаштырылган. Демек, Асад режиминин кулашы жакын калган. Куфр анын ордун баса ала турган күчтөрдү даярдоого катуу киришти. Анын долбоору боюнча, коалициялык күчтөр жетекчи топко айландырылат, азат армия аскерий күчкө айландырылып, убактылуу өкмөт Асаддын ордун ээлейт. Бирок, согуш жаӊы күчтөр менен азыркыдай, жашыруун эл аралык аскерий жана техникалык кубаттар менен улантыла берет. Бирок, чыныгы күч жогорудагы генерал айтмакчы калктын каалоосу жана раъйына байланыштуу болуп кала берет. Калк ушул эки кубаттын бирин т.а. иш жүзүндө элдин коргоочусу болгон Исламий ыӊкылаптык күчтөрдү же куфр кызматы жана кубатына таянуучу жасалма бийликти тандашы керек болот. Аныгыраак кылып айтканда, ыӊкылаптык аракеттин өзү калк болуп, ал эми тигилер таянышы мүмкүн болгон калк дээрлик жоголуп бара жатат. Алардын түзүп жаткан долбоорлору дээрлик куру негизге курулган инша Аллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here