Мындан он эки жыл мурда түптөлгөн Шанхай кызматташтык уюмуна “Шанхай бешилтиги” (Шанхайская пятёрка) уюму негиз болгон. Расмий маалымат боюнча, бул бешилтик “аскерий багытта бири-бирине ишеним көрсөтүү жана чек ара аймактарындагы куралдуу күчтөрүн кыскартуу” максатында түзүлгөн.
Ал эми акыйкатта болсо, бул уюмдан көздөлгөн башкы максат, Россиянын Орто Азиядагы кызыкчылыктарын сактап калуу эле. Анткени, АКШ анда бул аймакка карата саясий жана экономикалык жактан активдүү экспансия саясатын жүргүзүп жаткан. Максаты, Россиянын Орто Азиядагы колонияларын тартып алуу болчу. Россия болсо өз энчисине басып алган сырьёлук базасын жана орус товарлары үчүн өтүмдүү базарын Америкага алдырып жиберүүнү каалабайт эле. Ал бул регионду саясий жана аскерий жактан чеңгелинде кармап турууга кудуреттүү болсо да, бирок, экономикалык жактан кармап турууга кадыр эмес эле. Ошондуктан, Американын регионго каратылган экономикалык экспансиясына каршы туруу үчүн, ага Кытай кызматташтыгы зарыл болду.
Мындай уюмдун түзүлүшү Кытай кызыкчылыктарына да дал келер эле. Кытай дүйнөлүк ири державалар катарына киргени менен, ИДП боюнча дүйнөдө Америкадан кийинки 2-орунда турганы менен, бирок, анын умтулуулары жана иш жүргүзүүлөрү дүйнөлүк деңгээлде эмес. Б.а. ал дүйнөгө өз идеологиясын жайбайт жана дүйнөнүн башка аймактарындагы колонияларды башка колонизаторлордон тартып ала албайт. Анын аракети өз айланасындагы аймактарга гана чектелген. Кытай таасири мындан ары өз айланасындагы региондорго кеңейип кетпеши үчүн, Америка анын таасирин ар дайым камап туруу үстүндө иш алып барат. Ал эми Шанхай бешилтиги Россиядан пайдалануу жана Орто Азияга карай кеңейүү мүмкүнчүлүгүн берет эле.
2001-жылы бул бешилтикке Өзбекстан алтынчы болуп кошулуп, бул “шестерка” Шанхай кызматташтык уюму аталып калды.
Расмий маалымат боюнча, ШКУнун башкы милдеттери: мүчө-мамлекеттерди бириктиктирүүчү кең майданда туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө, терроризм, экстремизм, сепаратизм,наркотрафика менен күрөшүү, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, энергетикалык өнөктөштүк, илимий жана маданий кызматташтык болуп калды.
Булардын акыйкаты болсо мындай:
Туруктуулук жана коопсуздукту бекемдөө деген нерселер куру ураандардан башка нерсе эмес.
“Коопсуздук” дегендин ичине эки маани кирип кеткен. Биринчиден, коопсуздук делгенде орус-кытай кызыкчылыктарына туулган кооп-коркунуч түшүнүлөт. Экинчиден, бул сөз колонизаторлор тарабынан колониядагы мамлекетчелерди коркууга салуу үчүн колдонулат. “Тиякта бөкөчө бар, биз силерди ошондон коргойбуз, болбосо ал бөкөчө силерди кор кылат” деген сыяктуу. Негизи, Орто Азия мамлекетчелери кайсы кордуктан кооптонот, алар өзү кордукта жашап жаткан болсо, орустар качан эле басып алган болсо. Албетте, азыр да Америка ачкөздүгүнөн жана Кытай сугалактыгынан кооптонуш керек, бирок, алар кооп-коркунуч катары көрсөтүлбөй жатпайбы.
“Туруктуулук” дегени да Орто Азия мамлекетчелери үчүн жашабайт. Анткени, ири державалар качан болбосун бул аймактагы чегара, улуттар аралык ж.б. чыр-чатактарды чыгара алат.
“Терроризм”ге каршы күрөш болсо Америка чыгармасы. “Шүмшүк Сэм” аны башка бирөөлөрдүн колонияларын күч менен болсо да тартып алуу жана бул ишин бардыгына макулдатуу үчүн иштеп чыккан. Ал эми орус “аюусу” андан эки жолдо пайдаланууда: Исламга жана исламий жамаааттарга каршы күрөштө; Америка менен Европанын Россияга каршы алып барган саясатына каршы күрөштө.
Белгилүү болгондой, Батыштын Россияны дүйнөлүк держава макамынан түшүрүп жиберүү планы бар. Керек болсо бул “апсагайды” Москва менен Новгородго гана камап коюуну көздөшөт. Алар бул үчүн түрдүү ыкмаларды ишке салышат. Мисалы, колонияларды тартып алуу, федерация курамындагы калктарды “эгемендүү” кылуу ж.б.у.с. Россия муну жакшы билет жана ага каршы күрөшөт. Бирок, “ала кушту атынан айтпай”, аны “терроризмге каршы күрөш” деп тергеп коёт.
Кытай да мусулман уйгурлардын исламий жамаааттарына каршы күрөшүнө жана аларды кырышына “терроризмди” шылтоо кылып алган.
Ал эми Орто Азиянын малай акимдери кафир кожоюндарын маңкурттарча ээрчип, өз калкынын мусулман перзенттерин репрессия кылышат.
ШКУ “экстремизмге каршы күрөшүү” шылтоосу менен да Исламга жана исламий жамааттарга каршы күрөшөт, Халифалыктын кайтып келишине тосмолорду коёт.
“Сепаратизмге каршы күрөшүү”дөн державалар ар кандай бөлүнүп чыгуулардан сактанууну көздөшкөнү менен, акыры келип эле мунун запкысын да мусулмандар тартып жатышат. Мисалы, Россияда кавказ мусулмандары, ал эми Кытайда уйгурстан мусулмандары “сепаратизм” курмандыктары болушууда.
Жогорудагылардан белгилүү болгондой, ШКУ максаты – орус-кытай кызыкчылыктарын коргоо, ал эми милдети – Америка экспансиясына жана Исламга каршы күрөшүү.
ШКУ: декларациядагы көп сөз – жок сөз
Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммити башталардан алдын: “Аймактык коопсуздук маселеси — ШКУ саммитинде талкууланчу номур биринчи маселе. Андан кийин тар чөйрөдө жана кеңейтилген кездешүүлөрдө экономикалык проектилер, алардын жылыштары о.э. аймактык экономикалык кызматташтыктын өнүгүүсү жана кеңейүүсү талкууланат”, – деп билдирген эле президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков.
Мына эми ШКУнун Бишкек саммити аяктады. Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары анын жыйынтыгы боюнча декларация кабыл алышканы, президенттер сепаратизм, терроризм жана экстремизм, наркотрафика, уюшкан кылмыштуулук, дүйнөлүк экономиканын туруксуздугу, климаттык өзгөрүүлөр жана башка бир катар маселелерди атап, Ооганстан, Сирия, Иран, Түндүк Кореянын айланасындагы абалга токтолушканы кабарланды.
Аныгы, бул декларациядагы “көп сөз – жок сөз”.
Негизи иш президенттик аппарат өкүлү айткандай “Аймактык коопсуздук маселеси — ШКУ саммитинде номур биринчи маселе” болду. Т.а. Афганистан маселеси алдыңкы орунга коюлду. Ал эми Сирия, Иран, Корея тууралуу айтылгандар калкты адаштыруучу калптардан башка нерсе эмес. Муну саясий аң-сезими бар ар бир инсан аңдап турат.
Себеби, ШКУ максатына ылайык, орус-кытай кызыкчылыктарына коркунуч туудурган биринчи проблема азыр Ооганстан болуп турат: Афган жеринен чыгып бараткан Америка Орто Азияга отурукташып албайбы; Эл аралык күчтөр чыгып кетсе, аларга моюн бербеген мужахиддер каршысында орус-кытай абалы эмне болот?
Бирок, азырынча бул жаатта кимге кандай милдеттер жүктөлгөнүн жана ким эмнелерди желкесине алганын айтуу мүмкүн эмес. Анткени, андай милдеттемелер жабык эшик артында, кожоюн-малай тета-тет абалында жүктөлөт эмеспи. Бул милдеттер бара-бара акимдердин амалынан айкын болор.
О.э. мында белгиленген позициялар ушул октябрда Бишкекте өтө турган Ооганстан боюнча эл аралык конференцияда да ачыкка чыгышы күтүлөт.
ШКУ: насроний жана мушрик кожоюндар кызматына…
Кожоюндар келерде:
“Чоң коноктордун келишине байланыштуу, Кыргызстан борборунда күчөтүлгөн коопсуздук чаралары киргизилди”, – деп билдирди Бишкек ИИБдин пресс-кызматы.
“Бишкек ички иштер органдарында ушул иш-чара убагында тартип жана коопсуздукту камсыздоо боюнча пландар иштелип чыккан, бөлүмдөрдүн өздүк курамынын күч жана каражаттарынын эсеп-китептери тастыкталган. Бул максатта 2 миң 500 милиционер аракетке келтирилет”, — деп белгиледи аталган ведомство.
Саммит ишин президент жана өкмөттүн иш башкаруу башкармалыгынан о.э. коргоо минстрлигинен 119 автотранспорт тейлейт, алардын 50сү брондолгон. Саммит коноктору брондолгон BMW, Cadillac жана Toyota унааларында алып жүрүлөт, – деп билдирди президент жана өкмөттүн иш башкаруу башкармалыгынын башчысы Туруспек Коеналиев.
“Чоң коноктор” келгенде:
Жаңы курулуштардын иши токтотулду. Мындай имараттардын чокусуна президенттик кортежди бутага алчуулар чыгып албасын деп, коопсуздук чараларынан улам аларды милиция кызматкерлери кайтарып жатты.
“Чоң коноктор” өтө турган жолдордун үстү эле эмес, алды дагы кылдат кайтарылууда. Жертөлө өтмөктөрдөгү түйүндөр жабылып, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.
Жер алдындагы өтмөктөрдөгү соода түйүндөр убактылуу жабылып, улуттук коопсуздук кызматынын мөөрү басылган… ж.б.д.у.с. айта берсе толтура
Мында таң каларлык нерсе деле жок, “бизди коргоочу” биздин органдар – калкын тоногонго жана малай акимдерди кафир кожоюндары менен бирге коргогонго гана ылайыкташтырылган.