Сенаттын тышкы иштер боюнча комитети Сирияга каршы аскерий күч колдонууга санкция берүүчү резолюцияны колдоп берди. Комитеттеги сенаторлордун 10у колдоп, жетөөсү каршы чыкты, бирөө ортазар калды.
Эми бул документ сенаттын толук курамына кароо үчүн жөнөтүлөт.
Администрация өкүлдөрү тастыкташынча, Сирияга кургактыктан кирип барылбайт о.э. кол салуу масштаб жана убакыт жагынан чектелүү болот.
Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитетиндеги угууларга коргоо министри Чак Хейгель, мамлекеттик катчы Жон Керри жана штабдар начальниктери комитетинин (ШНК) төрагасы Мартин Демпсилер катышты.
Сирияга карата чектелген аскерий күч колдонуу АКШ бюджети үчүн ондогон млн долларларга түшөт деп, Пентагон башчысы Чак Хейгель “баа” койду.
“Биз иш-аракеттердин варианттарына жараша түрдүү бааларды белгиледик, алардын бирин президент тандап алат”, – деди коргоо министри.
Ушул эле учурда, көз карандысыз аскерий эксперттер эсебинде, Сирияга каршы чектелген аскерий операция үчүн жүз миллиондогон каражаттар талап кылынат экен. Бери эле дегенде, анын наркы 200 млн долларга түшөт. Эксперттер Пентагондун бир эле “Томагавк” канаттуу ракетасын колдонуусу 1,5 млн долларга турарын эскертишет.
Ушуга байланыштуу, айрым мыйзамчылар АКШ бюджетинин таңсыктыгы шартында мындай чыгымдар үчүн кыжалат болуп жатышкандыгын айтып чыгышты.
Алардын көңүлүн мамкатчы Керри: “Бул сарп-каражаттардын айрым бөлүктөрүн Араб Мамлекеттери Лигасынын мүчөлөрү жаап берүүгө даяр”, – деп тынчтандырды.
Комитеттеги угуулар учурунда, конгрессмендердин бири генерал Демпсинин катын эстетип өттү.
ШНК эсеп-чоттору боюнча, Сирияда учууга тыюу салынган зона түзүүгө сарпталган бир эле жолку каражат 500 млн долларды түзөт, ал эми мындай режимди сактап калуу үчүн айына миллиарддаган долларлар талап кылынат.
Буфердик зоналардын чыгашалары да ай сайын 1 млрд доллар болот.