ШАХИДДИК МУБАРАК БОЛСУН

319
0

2013-жылдын 15-сентябрь күнү саат 23:00 дө Дагестан Республикасынын Кизлар шаарында Хизбут-Тахрирдин активдүү мүчөсү 1976-жылы туулган боордошубуз Гаппаев  Абдуллах Магамедрасулович өлтүрүлдү.

Абдуллахты достору машина менен үйүнө алып барып койгондон кийин, боордошубуз үйүнө карай бара жаткан маалда белгисиз адамдар тарабынан ага карата ок атылган. Абдуллахтын үйүнүн жанында номери жок кара түстөгү 14-моделдеги жигули машинасы күтүп турганын жана ушул машинадан Абдуллахка карата ок атылганын күбөлөр тастыктап жатышат. Боордошубузду дароо ооруканага алып барышты жана ал ошол жерде шахид болду. 16-сентябрда таң эрте Кизлар шаарынын көрүстөндөрүнүн биринде боордошубуз жайына узатылды.

إِنَّالِلَّـهِوَإِنَّاإِلَيْهِرَاجِعُونَ

«Албетте, биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз Ага кайтуучубуз», [2:156]

Биз боордошубуз Абдуллахты душмандарынан коркпогон Ислам арстандарынан деп билебиз! Абдуллах өзүнүн чынчылдыгы жана эр жүрөктүүлүгү менен душмандарынын жүрөгүнө коркуу салар эле.

Абдуллах күчтүү шамал сыяктуу Дагестан өлкөсүндө жахилият булуттарын таркатып жиберер эле. Душмандары Абдуллахты бир нече жолу коркутууга аракет кылышкан. Бирок,анын жүрөгүндө орношкон ыйман нуру өзүнүн акыйкат экендигине күмөн салбады о.э. ал ыйманында бекем турду.

Я Аллахым! Биз сенден бул боордошубузга акыретте бардык жакшылыктарды тартуу кылышыӊды суранабыз о.э. Абдуллахты сүйүктүү Пайгамбарыбыз с.а.в. менен бирге кылышыӊды жана Абдуллахтын үй-бүлөсүнүн кадамдарын бекем кылышыӊды о.э. аларга эӊ көркөм сабыр беришиӊди суранып калабыз.

مِّنَالْمُؤْمِنِينَرِجَالٌصَدَقُوامَاعَاهَدُوااللَّـهَعَلَيْهِ ۖ فَمِنْهُممَّنقَضَىٰ نَحْبَهُوَمِنْهُممَّنيَنتَظِرُ ۖ وَمَابَدَّلُواتَبْدِيلًا ﴿٢٣

Момундар арасында өздөрү Аллага берген ахд-шерттерине садык болгон кишилер бар. Эми, алардан (айрым) кишилер өз шерттерин аткарды (т.а. шахид болушту), алардан (айрым) кишилер болсо (шахид болууга) ынтызар. Алар (мунафыктарга окшоп берген убада-шерттерин) өзгөртүшкөн жок.[33:23]

16. 09. 2013

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here