Мисирде мамлекеттик төӊкөрүштү ишке ашырган аскерий хунтаны финансылык жактан камсыздап келген Сауд арабиясы Каирге дагы 5 миллиард долларлык жардам бере тургандыгын кабарлады.
Мисирдин финансы министрлигине караштуу булактардан алынган кабарда айтылышынча, Мисир жана Саудиянын ортосунда бир айга уланган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Эр Рияддын Каирге 5 миллиард долларлык жардам бериши туурасындагы келишимге жетишилген. Булактын келтиришинче, бул маселеге тиешелүү расмий билдирүү жакынкы күндөрдө берилет.
Белгилүү болгондой, жардамга берилүүчү акчалар Мисир банкына аманат катары жаткырылат. Бир миллиард доллар хадя катары нефть продукциялары көрүнүшүндө Мисирге жеткирилет.
Мисир бийлигин ээлеп алган кызматкерлердин айтымында, бул акчалар оболу курулуш, туризм жана мамлекеттик секторлорду өнүктүрүүгө, андан кийин алсырап калган Мисир экономикасын жандантуу жана жумушсуздукту азайтуу максатындагы программаларга жумшалат.
Мисирде болуп өткөн аскерий төӊкөрүштүн артынан Саудия, Кувейт жана Бириккен Араб Эмираттары Каирге финансылык жардам көрсөтүп келе жатат. Саудия бере турган 5 миллиард долларды кошкондо, бул үч мамлекеттин Мисирге көрсөткөн жардамы 12 миллиард долларга барабар болот.
Туркистон:
Саудия, Кувейт жана Бириккен Араб Эмираттары Мисирге жардам көрсөтүшөт го, бирок, Сиси жана анын куйруктары АКШга кулдук кылышат. Себеби, бул мамлекеттер ал тургай эхсанды да эл аралык системанын кызыкчылыктарына ылайык багытташат. Бул жардам нефть сыяктуу сырьё болгондуктан, аны чоӊ мамлекеттер арзан баада сатып алып, акчаларынан Батыш банктарында сүткордукта пайдаланып турушат. Бул нерсе аӊ сезимсиз мусулмандарга жем таштоо сыяктуу болуп, алар Ислам жана мусулмандарга каршы аракеттенип жаткан убакта алар үчүн бул каражаттардан тамчылатып турушат. Иш тескери көздөй кеткенде болсо, бул каражаттар дароо тоӊдурулат жана Батыштын кызыкчылыгына конфискацияланат.