РОССИЯНЫН МУСЛИМАЛАРГА МАМИЛЕСИ

Россиянын Сочи шаарында өткөрүлүүчү кышкы олимпияда оюндары жакындап келе жаткандыктан, Россия өкмөтү түндүк Кавказда коопсуздукту ого бетер күчөтүп, бир нече иш-чараларды өткөрүүдө. “Хижаб кийип жүрүүчү муслима аялдар жандуу бомба болушу мүмкүн”, – деген шылтоо менен алардын ДНК маалыматтары алынууда.

Россия өкмөтү улуттук коопсуздук күчтөрү тарабынан ишке ашырылган операцияларда күйөөлөрү өлтүрүлгөн аялдардан тынчсызданууда. Алардын айтымында, “Кара жесир” деп сыпатталган бул аялдар күйөөлөрүнүн өчүн алуу үчүн жандуу бомба болууга аракеттениши мүмкүн. Ушундай шылтоо менен Россия өкмөтү хижабдуу аялдардан ДНК анализин алууну баштаган. Максаты, аялдар тарабынан ар кандай бомба чабуулу уюштурулса, денесинин калдыктарынан анын өздүгүн аныктап алуу.

Рейтер маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, орус өкмөтү Сочиден бир нече жүз километр алыстыкта жайгашкан Түндүк Кавказдагы муслима аялдардын ДНК анализдерин ала баштаган. Агенттикке байланышкан Дагестандык 8 аял ДНК анализи үчүн оозунан шилекей берүү талап кылынгандыгын маалымдаган. Мындай иш-чаралар регион калкынын ого бетер каарданышына себеп болуп жатканы айтылууда.

О.э. коопсуздук күчтөрү диний билим берилүүчү мектептерге жана кайрымдуулук уюмдарына да чабулун күчөттү. Булардын бир нечеси жабылды. Өткөн айда Новосаситлиде эки медресеге баскын уюштурган коопсуздук күчтөрү окуучу кыздарды сүрөткө тартып, бармак издерин алган. Медресенин мугалими Абдуррахим Магамедов өкмөттүн бул аракетине нааразы болуу менен медреседе диний билим алуучу кыздардын абалы тууралуу: “Коркуга түшүп калган кыздардын кандай көз жаш төккөндүгүн сүрөттөп айтып бере албаймын”, – деди.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

5 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago