РОССИЯ КАНТ АВИАБАЗАСЫНДА САМОЛЁТТОРУН ЭКИ ЭСЕГЕ КӨБӨЙТӨТ

Россия менен Кыргызстан ортосунда жетишилген келишимдерге ылайык, Кыргызстанда жайгашкан Кант авиабазасы дагы кеӊейтилет жана жаңы техника менен кайрадан камсыздалат о.э. анын курамына бир катар аскерий объектилер киргизилет.

Россия аба күчтөрүнүн командачылыгына таянып “Новости” маалымат агенттигинин кабар беришинче, Россия Кыргызстанда жайгашкан “Кант” аскерий базасындагы аскерий самолётторун 2013-жылдын декабрына чейин эки эсеге көбөйтүү ниетинде.

“Россия аскерий аба күчтөрү командачылыгынын жооптуулары ушул жылдын аягына чейин Кыргызстандагы Кант аскерий базасындагы Россиянын аскерий самолётторун эки эсеге көбөйтүү тууралуу токтом кабыл алышты”, – деп кабарлады Россия аба күчтөрүнүн командачысы Виктор Свастинов.

Свастиновдун айтымында,  муктаждыкка карай бул аскерий базадагы Россия аскерлеринин саны да көбөйтүлөт. Учурда авиабазанын аймагында православдык чиркөөнүн курулушу бүтөйүн деп калган.

Дал ошол эле убакта Кыргызстан НАТО менен да кызматташтыгын улантмакчы.

Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин жогорку кызматтагы жооптууларынын бири, Бишкек НАТОго мүчө болгон өлкөлөр менен кызматташтыгын кеӊейтүү ниетинде экендигин билдирди.

“Форс” маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Кыргызстан Тышкы иштер министринин орунбасары Эрнис Оторбаев Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында Кыргызстан НАТО менен аскерий эмес программалар, ошону менен бирге куралдуу күчтөрдүн офицерлеринин тажрыйбасын ашыруу о.э. отставкадагы аскерий кадрлардын социалдык абалын жакшыртуу туурасындагы долбоорлордо өз ара кызматташтыкты улантуу үчүн аракет кылып жаткандыгын билдирди.

Оторбаев Кыргызстан тарабы жардыруучу заттар коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалдарда коркунучту азайтуу жаатында кызматташуу сыяктуу тармактарда да НАТО менен кызматташууну улантууга умтулуп жаткандыгын кошумчалады.

Туркистон:

Атамбаев өтө кыйын абалда калды. НАТО менен аскерий эмес алакалар дегенде, ал тургай, кайсы абалдарды назарда тутуп жатканын да билбейт. Акыры мунун саясий эмес аскерий блок экендиги анык эмеспи? Ал бечара “Россиянын ачуусуна тийбей турган бардык тармактарда” демекчи болуп жатат. Муну да НАТОго эмес, АКШга айтмакчы болууда.

Колония 4 багытта кармап турулат. 1) саясий колония; 2) экономикалык колония; 3) сакафий колония; 4) аскерий колония.

Жогоруда Кыргызстан жетекчилиги АКШга “ушулардын ичинен аскерий колонизатордукту Россияга берели, сен калгандарына аракет кыл” демекчи болууда. Учурдагы абал да ушуну талап кылат. Россия аскерий тармактан башканы дээрлик эптей албай калды. Экономикабыз Кытайга байланып бара жатат. Сакафатыбыз исламийлешүү менен бирге Батышка ыктап бара жатат. Саясатыбыз ШОС, БУУ, ОДКБ, СНГ жана дагы түзүлүшү күтүлүп жаткан “Жибек Жолу” бажы союзу сыяктуу уюмдардын арасында талаштуу абалда калды.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

12 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago