ПУТИН СИРИЯ ПРОБЛЕМАСЫ БОРБОР АЗИЯГА ЖАЙЫЛЫП КЕТИШИНЕН ЭСКЕРТТИ

346
0

Россиянын Сочи шаарында болуп өткөн ОДКБнын кезектеги саммитинде Россия президенти Владимир Путин Сириядагы жарандык согуш Борбор Азияга да жайылып кетишинен эскертти.

Путин: “Бул мамлекеттин аймагында иш алып барып жаткан басмачы топтор өзүнөн-өзү пайда болгон эмес жана өзүнөн-өзү жок болуп кетпейт. Террорчулуктун бир мамлекеттен экинчи бир мамлекетке көчүп өтүшү толук реалдуу жана  ар бир мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч туудурушу мүмкүн”, – деди.

Кырдаалды күзөтүп жаткан адистердин айтышынча, 2014-жылдан кийин бул аймактарда кырдаал курчуп кетиши мүмкүн.

Ошол себептен, Россия президенти Владимир Путин Тажикстандын Афганистан менен болгон чегарасында коргоо шакегин түзүүнү сунуштады. Ушуга ылайык, ОДКБга мүчө мамлекеттер 2014-жылы НАТО кошуундарынын Афганистандан чыгарылышына байланыштуу афган-тажик чегарасын бекемдөөгө киришет.

Саясий серепчи Дмитрий Сусловдун оюнча, Афганистанда кырдаал чындап эле изден чыгып кетсе, анын учкуну Борбор Азиянын экономикалык жана саясий жактан татаал болгон аймактарына жайылып кетет.

Борбор Азия боюнча эксперт Леонид Гусев Азаттык радиосуна берген интервьюсунда “мунун акыбетинен кудай сактасын” деди.

Гусев: “Чындыгында эле мен сүйлөшкөн көптөгөн аскерий талдоочулар “проблема Сириянын тышкарысына жайылып кетсе, ал жердеги исламий топтор Кавказ жана Борбор Азия чегараларына көчүп өтүшү мүмкүн” деп божомолдошууда. Сириядагы жалын тынчыбай жаткан Иракка, жалпысынан Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине өтүп кетишинен кудай сактасын. Кала берсе, 2014-жылы Америка кошуундарынын Афганистандан чыгарылышы буга кошумча детонатор милдетин аткарышы мүмкүн”, – деди.

 

Туркистон:  Ооба жогорудагы саясий серепчилер айтып жаткан сөздөрдүн ыктымалы бар. Бирок, бул Путиндин саясий чөйрөсүнүн кызыкчылыгынан келип чыгып пикирлей турган адамдардын сөздөрү.

Негизги проблеманын пайда болушу жана аны чечүүнүн жолдору Путин жана анын талдоочулары тарабынан жашырылат.

Түпкүлүгүндө, проблема Путин жана ал башкарып жаткан Россия империясынын өзүндө. Ал бул проблемаларды жасалма түрдө көбүртүп жатып, чындыгында эле жалындатып жибериши мүмкүн экендигин түшүнбөй жатат. Себеби, аны Бүгүнкү күндө Россия федерациясынын бүтүндүгүн сактап калуу үчүн Орто Азияны кармап калуу маселеси гана кызыктырат. Сирия анын эл аралык саясатка таасир өткөрүп туруудагы акыркы стратегиялык чекиттеринен болгон болсо, Борбор Азия анын Кытай жана Евробиримдикке карата экономикалык стратегиясын кармап туруудагы негизги колониялары болуп эсептелет. “Аркада Москва турат” деген сөздү колдонууга болот.

Ошондуктан, Путин өзүн барган сайын бурчка тыгылып бара жаткан келемиштей кармай баштады. Ал  тургай, ал өзү айтып жаткан эскертүүлөрдү балким өзү уюштурууну да пландаштырып жаткандыр. Биз аны Андижан окясында Каримовдун шериги болгонун жана Ош окуясында Отунбаева анын буйругун аткарганын өтө жакшы билебиз.

Демек, биз жашаган аймактардын калкы Россия жана дагы ал сыяктуу башка куфр мамлекеттеринин кызыкчылыктары астында көптөгөн иштерди башынан өткөрүшү мүмкүн экен да. Ушулардын бардыгынан анык кабардар болуп туруп, жетекчилерибиз жалаӊ гана өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн бейпилдигин ойлоп, жогорудагы ыпыластыктарга жол коюп беришет. Кантип эле биз калк чыныгы бийлик ээси болуп туруп, бул сыяктуу ыпыластарга биздин кызыкчылык жана бейпилдигибизди куфр мамлекеттеринин кызыкчылыктарын сактоо жолдоруна күрөөгө коюп жиберишине унчукпай карап турабыз?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here