ПУТИН: ИСЛАМ – ТАРЫХЫБЫЗДЫН АЖЫРАГЫС БИР БӨЛҮГҮ

Россия диний мекемеси түзүлгөндүгүнө 225-жыл толгондугуна байланыштуу уюштурулган жыйында Россия президенти Владимир Путин мусулмандар муфтийи жана диний мекеменин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу маалында Путин: “Ислам Россия тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет жана Россия сакафатында маанилүү орунду ээлейт. Россия түрдүү улуттар арасындагы достук мамилеге сокку берилишине жол бербейт”, – деп билдирди.

Президент Путин муфтийлер менен өткөргөн жыйында эл аралык мамилелер жана диний уюмдарга тиешелүү зарыл маселелер жөнүндө талкуу кылып, Россия диний согуштарга жана талаш-тартыштарга күбө болбогондугуна ишара кылып, Россияда диний мекемеге уруксат берилишин диний толеранттуулукка мисал кылып келтирди.

Путин жолугушуу маалында Исламдын саясатташуусуна каршы күрөшүүгө чакырды. О.э. ал: “Бүгүнкү күндө бүт дүйнө жүзү жогорку көрсөткүчтө уланып жаткан жараянга  күбө болуп жатат. Бул болсо, ар дайым эле оӊ көрүнүштө боло бербейт. Азыркы болуп жаткан жараян Ислам динине саясий түс бере турган жараян болуп эсептелет. Бул абалда Россия өкмөтү жана Россияда жашап жаткан мусулман коомчулук бир жакадан баш чыгарып чечүү мүмкүн болгон жаңы проблемаларга дуушар болууда. Кээ бир саясий күчтөр, айрыкча, россиядагы мусулмандарга жат болгон радикалдык Исламий агымдар, мамлекетибизди алсыратуу жана Россия ичкерисинде жаӊжалдуу аймактарды пайда кылуу максатында Исламдан пайдаланышууда”, – деди.

О.э. тарыхый каада-салттарды бекем кармоо аркылуу  мусулмандар бул аракеттерге каршы демилге менен чыгышы зарыл экендигин баса белгилеген Путин, Россия мусулмандарын башка диндердин өкүлдөрү, айрыкча, Православ чиркөөсү менен алаканы бекемдөөгө чакырды. О.э. Россиядагы мусулмандар ар дайым бир болуп коом жана мекенге кызмат кылып келгендигин баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Батыш менен Ислам дүйнөсү ортосунда душмандык күн өткөн сайын күчөп барууда. Бул жерде ушундай абалдан пайдаланып отко май тамыза тургандар бар.  Бул нерсе биздин кызыкчылыгыбызга тескери келет”, – деди Путин. О.э. ал: “Мамлекеттер жана элдерди кыйроого алып баруучу бул долбоорлорду бузуу үчүн дагы да активдүүрөөк аракеттенишибиз керек”, – деп кошумчалады.

Туркистон:

Путин Исламга каршы күрөшүүдөн чегинди. Эми ал дагы Исламга каршы мусулмандар кубатынан пайдалануу ыкмасын тандады.

Оболу ички кубатына катуу ишенип, басым менен Исламды тосуп коюуну пландаштырган Путин, Хизбут-Тахрир менен саясий майданда идеологиялык күрөшкө чыгып калды. Россияда эл колдогон бирер идеология жоктугу себептүү, бул күрөштө тез эле жеӊилиши белгилүү болуп калды. Путин жогорудагы баянаты менен, идеологиялык күрөшкө жарабастыгын моюнга алды. Себеби, “демократиянын энеси” деп аталган Европа мамлекеттери да бул күрөшкө кирүүгө батына алышпайт.

Россия да дүйнө мамлекеттери колдонуучу кеӊири жайылган ыкмага кайтты. Исламга каршы тура ала турган бир да идеология жоктугу себептүү, бул күрөштө Ислам жана мусулмандардын өзүнөн пайдаланууга аракет кылышат. Исламды экиге бөлүп, “салттуу жана радикалдык исламчылар” деп аташат. Улуттук исламчылар, демократиядан таасирленген же пайдаланган мусулмандардан турат. Радикалдары болсо, алардын назарында, Исламдан башкага көнбөйт жана Ислам негизинде аракеттенет о.э. Исламды турмушка кайтаруу үчүн саясий жана аскерий аракеттерди алып барышат.

Бирок, Путиндин учурдагы аракеттери, Каримовдун мурдагы аракеттерин эске түшүрөт. Ошондо бир катар белгилүү мусулмандар өздөрү аман калуу үмүтүндө Хизбге каршы позицияда турушкан эле. А бирок, алардын дээрлик баары бүгүнкү күндө качкында, камакта же дайынсыз жок болушту. Ыймандарынан баш тарткандары болсо дагы эле Каримовдун айланасында жүрүшөт. Кантип эле, Россия мусулмандары арасынан да жогорудагылар сыяктуу ыйманынан баш тартып болсо да арзыбаган мансаптарын сактап калууга умтулуучулар болсун. Себеби, Хизбут-Тахрир өзүнүн кызыкчылыгын эмес, Ислам жана мусулмандардын кызыкчылыгын көтөрүп чыкты. Ушул жолдо шейиттерди жана мазлумдарды берди. Мусулман калк муну көрүп турат. Кантип эле силер Ислам жана мусулмандар душманы болгон Путин тарабында туруп аракеттенүү менен Хизбут-Тахрир жана мусулмандарга каршы күрөштө жеӊишке жетебиз деп ишенесиӊер. 

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

19 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

3 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

3 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

3 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

3 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

3 days ago