Президент жазды күтүп отурбастан, натыйжасы кандай болушу анык болбогон багытта оппозицияга каршы күрөштү баштап жиберди

421
0

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (ыйман-итикаддуу)заттарды (жер жүзүнө) халифа-өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм-бекем кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин тынчтык-бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кишилер»    [24:55]

Президент жазды күтүп отурбастан, натыйжасы кандай болушу анык болбогон багытта оппозицияга каршы күрөштү баштап жиберди.

Жазында кырдаал курчуп кетишин ал жакшы билет. Себеби, абалдар оппозициялык күчтөрдүн мекенчилдиген келип чыкпагандыгын, Атамбаев өзүнүн бийликке келишинин тарыхынан жакшы билет. Ал да кудум азыркы оппозиция сыяктуу, Бакиевди кыргыздардын мүлкүн талап-тоногондукта, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып мамлекеттин жана элдин мүлкүн өздөштүрүп алууда айыптап чыккан, дагы кудум ушул Кумтөр маселесин да көтөргөн эле. Эми өзү да Бакиевдин кудум ошондогу абалына түшүп калды. Кызыгы, алардын фактылар менен келтирип жаткан далилдерин бул да танып, кудум Бакиев сыяктуу сот жана күч структураларын, өзүнүн кызыкчылыктарын көздөй бир тараптуу пайдалана баштады. Акыйкатта болсо, Атамбаевдин бийликтеги орду ошол кездеги Бакиевдин бийликтеги ордунан бекемирээк эмес. Бирок, оппозиция да мурункулардан бир топ алсыз.

Демек, маселе бул эки тарапты колдоп жибере турган эл аралык саясаттагы чоӊ мамлекеттердин таасирине байланыштуу. Булардын экөө теӊ алардын колдорундагы курал сыяктуу болуп, алар өзүнүн кызыкчылыктарына ылайык иштете алышат. Мисалы: Атамбаев Россия менен АКШнын ортосунда калды. Ал экөөнү теӊ ыраазы кылууну каалайт. Бирок, абал муну четке кагып, эки тарап теӊ андан өз кызыкчылыктарын бир тараптуу чечип беришин талап кылып басым өткөрүп келет. Россияны ыраазы кылуу максатында Манастан НАТОнун базасын чыгарып жаткан болсо, Түркияны ортомчу ылып АКШ менен да мамилелерин кайрадан оӊдоого аракеттенип жатат. Кээ бир маалыматтарга караганда, АКШ менен жашыруун келишимдерди түзүп жаткан имиш о.э. АКШ Кыргызстандагы элчиканасынын астына эӊ керектүү болгон жана Россияны коркунучка салган байланыш толкундарын көзөмөл кылуучу технологияларын жайгаштыруу максатында жер астында база даярдап жаткан имиш. Эгерде ал ушул иштер менен АКШны да ыраазы кыла алган болсо, оппозициялык күчтөргө каршы коркпостон чабуулга өтүшү анык. Себеби, бийликти кулатуу үчүн алып барылуучу бардык аракеттер ушул чоӊ мамлекеттердин биринин колдоосу менен ишке ашат. Себеби, оппозиция алып барып жаткан аракеттер ынкылаптык идеологиялык күрөш эмес, тескерисинче, материалдык пайдаларга ээ болуу, же өздөрүндөгү байлыктарды бийлик аркылуу сактап калуу максатындагы күрөш болуп эсептелет. Адатта бул күрөш, дээрлик максатсыз, натыйжалары тууралуу анык бир элестете албаган жана алардын тили менен айтканда экстремисттик көрүнүштө алып барылат

Эй, ушул сыяктуу иштердин айынан ондогон жигиттеринен айрылган кыргыз калкы!

Силерди дагы алдамакчы болууда: айткылачы, алардын бири кетип, ордуна башкасынын келиши силердин абалыӊарды жакшы тарапка аз болсо да өзгөрттүбү? Же силерди калкан кылып, каныӊардын акысына бийликке келип алгандан кийин силерге мурда берген бирер убадасын аткара алыштыбы? Ал тургай, мурда өздөрү айыптаган акимдердин баарын алмаштыра албай туруп, революция аяктады деп айтышты. Ар бир бийликтин кулатылышы болсо, карпайым калктын жана мамлекеттин алсырашына алып келди.

Эй Кыргызстандагы мусулман боордоштор!

Билип койгула, чоӊ куфр мамлекеттерине таянып силерден пайдаланмакчы болуп жаткан  күчтөрдүн  өздөрү эч кандай күч-кубатка ээ эмес. Ал тургай, алардын бийликке келиши же кетиши да өздөрүнө байланыштуу эмес. Бакиев АКШнын Манастагы базасын чыгарып жиберүү тууралуу Россияга берген убадасын аткара албаганы себептүү алып ташталды. Акаев да Россиянын ушул талабын ишке ашыра албаган болчу. Эми кезек Атамбаевге келди.

Бирок, бул куурчактар өздөрүнө убада кылынган кызыкчылыктарга жетишүүдө силерден пайдаланышат.

Хизбут-Тахрир исламий саясий партиясы силергекайрылат!

Көӊүл буруп жаткан болсоӊор Ислам кылымы башталды. Мусулман адам өзүнүн күч-кубатын жалаӊ гана Ислам жана мусулмандар кызыкчылыгына иштетиши керек. Ал үчүн силерден жогорудагылар талап кылып жаткан мыйзамсыз жолдор талап кылынбайт. Тескерисинче, турмуштун ар бир тармагында Ислам менен аракет кылышыбыз үчүн үйрөнүшүбүздү о.э. башка кызыкчылыктарыбызды анын негизинде жана алкагында алып барышыбызды талап кылат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан өтө кооптуу абалда калды. Бирок, коркунуч ички күчтөр тарабынан эмес, тескерисинче, эл аралык саясатты башкарып келе жаткан мамлекеттер ортосунда Кыргызстан стратегиялык жактан талаштуу аймакка айланып калгандыгында. Т.а. коркунуч тышкы күчтөр тарабынан арабыздагы адамдар аркылуу келет. Бул саясий бороонду биз мусулмандар Ислам идеологиясы негизинде дос менен душманды ажырата билүү аркылуу токтотуп кала алабыз.

«Силер (Аллах) бир да далил түшүрбөгөн буттарды Аллахка шерик кылуудан коркпойсуңар да, мен силер Аллахка шерик кылып алган буттарыңардан кандайча корком?! Эгер билсеңер (айткылачы), кайсыл топ коркпой жайбаракат болууга ылайыгыраак?»                               [6:81]

“Эгер билсеӊер (айткылачы), кайсы топ коркпой кадыржам болууга ылайыктуураак? Ыйман келтирген,ыймандарын зулум (ширк) менен аралаштырбаган заттар — мына ошолор кдыржам болуучулар жана ошолор хидаят табуучулар”. [6:81:82]

Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы бсма сөз бөлүмү.

28-ноябрь, 2013-жыл.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here