ПЕНТАГОН “МАНАС” АВИАБАЗАСЫНАН КӨЧҮҮНҮ БАШТАДЫ

308
0

Америка Кошмо Штаттары Афганистандагы аскердик иш-чараларды колдоп-кубаттап  туруу үчүн пайдаланып келген “Манас” базасынан көчүп баштады. АКШ аскерий башкармасынын кабар беришинче, “бул майданды жана имараттарды 2014-жылдын июль айына чейин Кыргызстанга өткөрүп берүү пландаштырылууда”.

Пентагон басма сөз кызматы таркаткан кабарда: “АКШ коргоо министрлиги эл аралык “Манас” аэропортундагы транзиттик борбордон көчүп кете баштады”, – деп айтылат.

Мындан кийин Афганистандагы аскерий иш-чаралар Румыниянын Констанца шаарында жайгашкан “Михаил Когалнишеан” аэропортунан колдоп-кубаттап турулат. Бул тууралуу Пентагондун расмий өкүлү подполковник Кэти Уилкинсон кабар берди.

Ушул жылдын жайында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев “Манас” аэропортунун ижарасы боюнча АКШ менен түзгөн келишимди бүтүрүү туурасындагы мыйзамга кол койгон эле. Кабарларга ылайык, бул келишимден жыл сайын республикалык бюджетке 200 миӊ доллар түшүп турат эле.

АКШ жана НАТО 12 жылдан бери Афганистандагы коалициялык күчтөрдү аскерий техника, аскер жана башка керектүү нерселер менен камсыздап туруу үчүн Манас аэропортунан пайдаланып келди.

Туркистон:

Өтө улуу иш башталыптыр. Атамбаев кандай шартта, кандай ниет менен болгондо да мусулмандар мойнунда важиб болгон өтө пайдалуу ишти баштаптыр. Бул анын мамлекет жетекчиси катары Аллахтын алдындагы милдеттеринин бири болчу.

Мусулмандар бул сыяктуу аракеттерди алкышташыбыз жана колубуздан келишинче ага салым кошушубуз керек. Атамбаев да бул ишти эки дүйнөсүнө пайдалуу болушу үчүн, Ислам жана мусулмандар кызыкчылыгына байлашы жана иштин натыйжасынан келе турган зыяндарда мусулмандардан жардам талап кылышы керек. Себеби, АКШ бул сыяктуу ызалуу куугунду сиӊдирип жибербейт. Ал мамлекетке колунан келишинче зыян жеткирүүгө аракет кылат. Россия болсо, Атамбаевге басым өткөрүүдөн башка ишке өтпөйт. Ал Кыргызстан үчүн НАТО менен көп тиреше бербейт.

Атамбаев Россия кетирген катадан өзүн тыйышы керек. Ал АКШ ойлоп тба турган жалган террористтер коркнучунан коркуп, мусулмандарга зулумду күчөтүп жиберүүдөн тыйылышы керек. Себеби, АКШ ушул нерсени күтөт. Ар кандай кырдаалдын курчуп кетиши, тышкы мамлекеттерге туура келет. Мамлекеттин Ислам жана мусулмандар менен кызыкчылыктарды паралеллдештирүүсү болсо, тышкы карасанатай күчтөрдүн пландарына зыян жеткирет. Себеби, алар ички карама-каршылыктарыбыздан пайдаланууга көнүп алышкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here