МИСИРГЕ “ЖАРДАМ”

335
0

Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттигинин кабарлашынча, Барак Обаманын улуттук коопсуздук жана тышкы иштер маселелери боюнча кеңешчилери президентке Египетке берилчү жардамды токтотуу кеңешин беришкен. Айтымда, мындай рекомендация президентке бир апта мурун берилген. Бирок, буга карата Обаманын чечими АКШ Конгресси Сирияга кол салуу маселесин чечкенге чейин берилбей турганы белгиленүүдө.

Вашингтон Каирге жылына 1,5 млрд доллар тегерегинде жардам берет. Бул сумманын 1,3 млрд доллары ар түрдүү аскерий жардамдарга кетет. Ал эми калганы экономикалык кызматташтыкка арналат. Египетке жардам берүүнү “тоңдуруу” жана анын канчалык көлөмдө болушу жөнүндөгү акыркы сөздү Обама айтат.

Мындан мурдараак АКШ F-16 үлгүсүндөгү учактарды берүүнүн кезектеги партиясын токтотуп койгон эле. Бул согуштук самолеттор Египетке берилчү 1,3 млрд долларлык аскерий жардам пакетинин бир бөлүгү болчу. 2010-жылы бекитилген жардам көлөмүнүн алкагында Каирге жыйырма F-16 берилмек. Азыр анын дээрлик жарымы берилип бүткөн. Сегиз Ф-16 учагын Египет январда алган. Дагы төртөө августта берилмек, бирок бул партия токтотуп коюлду. Ал эми калган сегизи декабрда берилиши керек.

Американын мындай иш-аракеттери “жардам” деп аталганы менен, негизи алар колониалдык саясат алкагында, анын региондордогу кызыкчылыктарын коргоо үчүн болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here