МАКСАТ, РОШИД ИСЛАМИЙ МАМЛЕКЕТТИ ТИКЕЛӨӨ

295
0

Сирияда Асадга каршы согушуп жаткан жихадий топтор биригүүнү улантууда. Бир нече күн мурда түрдүү аймактарда согушуп жаткан жети жихадий топ “Жабхатул Исламийя” деген аталышта бириккендигин жарыя кылды.

Жамааттын жетекчиси Ахмад Иса Шайх мындан максат Исламий мамлекетти тикелөө экендигин билдирди.

“Жабхатул Исламийя саясий, аскерий, ижтимаий топ болуп, Сирияда Башар Асад режимин кулатууну жана рошид Исламий мамлекет тикелөөнү максат кылып алган. Бул мамлекетте бийлик жалгыз Аллахтыкы болот. Жеке адам жана мамлекет иштерин тартиптештирүү үчүн анын шариятына кайрылынат”, – деди жамааттын жетекчиси.

Бул жамаат “Ахроруш Шам”, “Жайшул Ислам”, “Алвиятус Сукуруш Шам”, “Ливоут Тавхид”, “Ливоул Хакк”, “Катаибу Ансоруш Шам” жана “Жабхатул Исламийятул Курдийя” жамааттарынын биригүүсүнөн түзүлдү.

“Жабхатул Исламийя”нын жетекчиси Ахмад Иса Шайхтын кабар беришинче, бул жамааттын дагы бир максаты аскерий аракетте түрдүү кадамдарды таштоо жана бардык тармакта Асад режиминин ордун ээлей турган көрүнүштө саптарды бириктирүү.

Бул жамаат кылган иштер менен Сирия азат армиясы ортосунда карама-каршылык жоктугун баса белгилеген Иса Шайх “Жабхатул Исламийя” тез күндө Сирияда калыс аракет алып барып жаткандардын баары менен кызматташууну жолго коё тургандыгын билдирди. Ал: “Бул иш топторду пикирий жана уюштуруу жактан бириктирүү”, – деди.

“Ливоут Тавхид” тобунун мурдагы командачысы Абдул Кодир Солих “Ахроруш Шам”, “Жайшул Ислам” жана “Сукуруш Шам” командачылары менен тынымсыз жолугушуп, бул жамааттарды бириктирүүгө чакырып келе жаткан болчу. Ал шейит болгондон бир апта өтүп бул нерсе ишке ашты.

Аскерий жана стратегиялык иштер боюнча адис Файз Давирий амалий жана саясий майданда жоголуп бара жаткан азат кошуундун тагдырын суроо астына коюп: “Жабхатул Исламийя”нын түзүлгөндүгүн жарыя кылуу кудум Сирия улуттук колициясы жана Сирия азат кошуунунун ордун ээлегендей болду, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here