Палестинанын башчысы Махмуд Аббас Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху менен тынчтык келишимин түзүү үчүн каалаган убакта жолугушууга даяр экендигин билдирди.
“Мен Нетаняху менен бардык убакта жолугушууга даярмын”, – деди Аббас. Анын айтымында, палестиналыктар жана израилдиктер тынчтык келишимине жетишүү үчүн акыркы мүмкүнчүлүккө ээ.
Аббастын баса белгилешинче, АКШ ортомчулук кылган Палестина-Израиль сүйлөшүүлөрүндө – эки тарап теӊ бири-биринин айыбын ачуу менен баштагандыктан – маанилүү жылыш болбоду.
Мындан бир аз убакыт мурун, Махмуд Аббас тогуз айдан кийин тынчтык келишимине жетишүү үчүн Израиль менен сүйлөшүүлөрдү улантуу максаты бар экендигин о.э. Израиль менен убактылуу келишимдер өз калкын канааттандырбастыгын билдирген эле.
Туркистон:
Шамда эмнелер болуп жатканынан Махмуд Аббас кабарсыз окшойт. Ал өзүнүн саясатын Израиль менен беймаани келишимдерди түзүүдө деп билет. Израилдин болсо, азыр анын аброюн көтөрүү үчүн аны менен сүйлөшүүлөр оюнун ойноого убактысы жок. Себеби, Шамда анын өмүр-өлүм маселеси чечиле турган кооптуу абал пайда болуп турат.