Энергетика жана өнөржай министрлигинин статс катчысы Батыркул Баетов журналисттер менен болгон жолугушууда Кыргызстанда электр энергияга болгон бааны 2014-жылдын жай мезгилинен баштап көтөрүү пландаштырылып жатканы тууралуу билдирди.
“Өкмөт энергетика министрлигине 2013-жылы электр энергиясынын баасын көтөрбөстүк тууралуу көрсөтмө берди. 2014-жылдын 1-апрелинен баштап светтин баасын көтөрүү чараларын талкуулоону баштайбыз. Мындан тышкары, электр энергиясынын баасын көтөрүү талкуу башталгандан үч ай өтүп т.а. 2014-жылдын июль айынан башталат”, – деп түшүндүрмө берип өттү.
Анын айтымында, электрдин баасы акырындап т.а. ар жылы 10 пайыздан көтөрүлөт.
Баетовдун ббилдиришинче, мындай акырындык менен бааны көтөрүү саясаты,ремонттоо үчүн кеткен каражаттардын ордун толтуруу, кайра куруу, техникалык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү жана энергетика тармагына жаткырылган кредиттерди төлөө максатында болууда. “Мындай иш алып баруу беш жылдан кийин өзүнүн чыгымдарын өзү каптоого жардам берет”, – деди. О.э. бүгүнкү күндө буга байланыштуу бир нече документтерди иштеп чыгуу зарыл экендигин айтып өттү.
Туркистон:
Үчүнчү дүйнө мамлекеттерине назар таштай турган болсок, бардыгынын проблемалары бир негизге барып такалат т.а. колонияга негизделген эл аралык саясаттын түпкү маанисин жашырууга барып такалат!
Бул үчүн алар бир нече түрдүү аракеттерди алып барууга адаттанышкан. Негизинен мурдагы СССР колониясындагы мамлекеттер материалдык таӊкыстык жана жакырчылык абалдарын жасалма жол менен пайда кылууга жана аны кармап турууга негизделишкен. Батыш колония мамлекеттеринде теӊсиздик жана кымбатчылыкты кармап туруу жана алардын өнөржайынын өнүгүшүнөн тосуу үчүн ал өлкөлөргө чоӊ инвесторлорду киргизишкен.
Экөө теӊ ушул өлкөлөрдү өздөрү үчүн сырьё базасы кылып алууга шарт жаратуу максатында аракет кылышкан. Бул үчүн Ферганадагы Орто Азия мамлекеттерине кызмат кылуучу электр энергиясын тазалоо жана пайдаланууга даярдоо станциясынан пайдалануу Өзбекстан тараптан четке кагылганда, Кытай тарап Кыргызстанга жаӊысын куруп берди. Бишкек ТЕЦин 386 млн долларга ремонттоп берди. Ал ушул аркылуу кыргыз электр энергиясынын чоӊ үлүшүнө ээ болмокчу.
Кыргызстан жогорудагы аракеттери менен электр энергиясын экспорт кылууга акырындап шарт түзүүдө. Бирок, энергияны сатуудан элге пайда болуш керек болчу. Алар болсо ушул тармактан түшкөн акчаларга жаӊы технологияларды сатып алуунун ордуна, Кытай тарабынан ремонттоо иштеринин аткарылышына шарт жаратып берүү менен проблеманы чечүүдө. Максаты, ошону менен ага сатылуучу электр энергиясына шарт түзүү т.а. эскирген, ремонтко муктаж болгон технологияларды шылтоо кылып, элге сатылуучу электр энергиясынын баасын көтөрүп, кудум чет мамлекетке сатуудан башка чара калбагандай абалды пайда кылуу. Түпкүлүгүндө электр энергиясын сатуудан түшкөн кирешеден оӊдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө болот. Ал тургай, татаал болбогон технологияларды өзү иштеп чыгарса да болот. Бирок, эл аралык система буга жол бербейт.
Бул нерсе Өзбекстандагы газ таӊкыстыгын эске түшүрөт. Өткөн жылы Өзбекстанда катуу сууктан ал тургай бир нече жаша бала өлгөн. Кытай жана Россия менен келишимдерди аткарууда, өз калкын энергия жетишпестигине дуушар кылды. Экспорттон түшүп жаткан миллиарддаган долларлардын кайда кетип жатканын сурай турган эч ким жок.
Кыргызстанды да ушул сыяктуу, же мындан да жаманыраак абал күтүп турат. Себеби, бул өлкөдө диктаторлук режим жок. Бул болсо, дагы кайрадан башаламандыктарга, мамлекеттик төӊкөрүшкө алып барат. Бирок, мамлекет кол коюлган келишимдердин бардыгына жооп берүүгө чоӊ мамлекеттер тарабынан албетте мажбурланат.