Чегара маселелери боюнча кыргызстандык эксперт Бекназар Абдураимовдун журналисттерге билдиришинче, бүгүнкү күндө эки мамлекет ортосундагы чегаранын 371,34 километри боюнча тараптар ортосунда келишим жок.
Эксперттин айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чегаранын узундугу 1378, 44 километрге барабар.
Бул аралыктын 1007 километри боюнча келишимге жетишилген жана тастыкталган, талаштуу аймактардын саны 58 же 371,34 километрге барабар.
Туркистон:
Дүйнөнү өздөрү түзүп берген программа негизинде башкарып жаткан колонизатор мамлекеттер “Бөлүп таштап өкүмдарлык кыл” деген эрежеге амал кылып келишет. Ошондуктан да өздөрү колония кылмакчы болгон аймактарды майда мамлекетчелерге бөлүп таштап, алардын ортолоруна жасалма чегараларды тартып о.э. бул чегараларды бекемдөө үчүн өздөрү тараптан коюлган малай акимдерди моралдык жана материалдык жактан колдоп-кубаттап турушат.
Бүгүнкү күндө тилдери ар башка, үрп-адаттары да бири-биринен айырмаланган Европа мамлекеттери бир союзга биригип, ортолорундагы чегараларды жок кылууга аракет кылып жатышкан болсо, биздин Орто Азиядагы жана башка Ислам дүйнөсүндөгү мамлекет жетекчилери өз кожоюндарын ыраазы кылуу о.э. өз коопсуздуктарын камсыздоо максатында тили бир, дини бир, үрп-адаттары да бири-бирине жакын болгон бир Үммөт өкүлдөрү ортосундагы жасалма чегараларды бекемдөөгө жана ошону менен бирге алардын араларына жик салууга катуу аракеттенип жатышат.
Бул максатта “эгемендүү” мамлекетчелердин акимдери өздөрүнө түзүп берилген программа боюнча аракет кылып, Халифалык мамлекетин жок кылуу жана Ислам Үммөтүн бөлүп таштоого аябай туура келе турган, колонизатор мамлекеттер тарабынан мусулмандар аӊ-сезимине сиӊдирилген улутчулдук жана мекенчилдик сыяктуу жийиркеничтүү пикирлерден кеӊири пайдаланып, исламий Үммөттүн ортосунда биримдик пайда болушуна жол койбостукка умтулушууда. Себеби, бул колонизатор мамлекеттер мусулмандар ортосунда биримдиктин пайда болушу т.а. мусулмандар өздөрүнүн бир Үммөт өкүлү экендиктерин түшүнүп жетиши алардын Ислам жерлериндеги бардык кызыкчылыктарын жана дүйнөлүк саясаттагы өкүмдарлыгын жок кылышын абдан жакшы билишет.