“КУМТӨР” БОЮНЧА КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНҮН СУНУШУНА КОЛОНИЗАТОРЛОР ЫРААЗЫ ЭМЕС

7-9-ноябрь күндөрү Канадалык Centerra Gold Inc. Компаниясы менен “Кумтөр” долбоору   боюнча КР Консультативдик кеңешинин өкүлдөрү ортосунда сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бул жолугушууларда колонизатор тарап колония тараптын сунуштарын четке кагып, айыпка жыгуу менен коркутуп кетти.

Бул колонизатор компания менен болгон сүйлөшүүлөр абдан татаал жүргөнүн Консультативдик кеңештин мүчөсү, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов айтып чыкты: «8-ноябрдагы сүйлөшүүлөр компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Стивен Лангдын катышуусунда болуп өттү. Жолугушуу жүрүшүндө Стивен Ланг премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге кайрылып, директорлор кеңеши жана компания акционерлери келишилген меморандумду четке каккан ЖК чечимин терең нааразылык менен кабыл алышканын айтты. Стивен Лангдын айтышынча, бир катар директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана акционерлер Кыргызстан өкмөтүн арбитраждык сотко берүүнү сунушташууда”.

Министр дагы Стивен Лангдын төмөнкү сөздөрүн келтирип өттү: “Биз Кыргызстандын үлүшүн 67% пайызга  жеткирүү боюнча өкмөттү милдеттендирген Жогорку Кеңештин токтому менен да таанышып чыктык. Буга байланыштуу, Centerra Gold Inc. – 67%га жеткирүү таптакыр мүмкүн эмес деп билдирет. Биз Кыргызстанга сүйлөшүүлөр жолу менен тил табышууга мүмкүнчүлүктөр калды бекен деп келдик. Эгер калбаган болсо, анда биз арбитраждык сотко доо арыз менен кайрылуу процесстерин баштайбыз».

Премьер-министр болсо, али да “Кумтөр” маселесин сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салууга шанс бар экенин белгилеп өттү. «Эгер кыргыз тарап да Кумтөр маселеси боюнча компромисстик чечимге келүүнүн мүмкүнчүлүгү калбай калганына көзү жетсе, Кыргызстан өкмөтү «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен түзүлгөн мурунку келишимдердин бардыгынан бир тараптуу чыгып кетет. Ооба, бул биздин өлкө экономикасы үчүн кандай акыбеттерди алып келерин мен түшүнүп турам. Бирок ЖК өкмөт алдына үлүштү 67%га жеткирүү же бардык келишимдерден бир тараптуу чыгып кетүү тапшырмасын койду. Эгер 23-декабрга чейин консенсуска келе албасак, анда бизди оор жана узакка созулган соттук териштирүүлөр күтөт. Биз үчүн да, силер үчүн да жоготуулар болот. Ошондуктан, Centerra Gold Inc. жетекчилигин өкмөт сунушу тууралуу дагы бир жолу ойлонуп көрүүгө жана Кыргызстан кызыкчылыгына ылайык чечим кабыл алууга чакырамын», – деди Ж.Сатыбалдиев.

Жогорудагы сүйлөшүүлөр агымынан колонизатор тараптын көкүтүп жатканы, ал эми биздин бийликтин болсо мүңкүрөп турганынын элеси даана тартылып турат. Ошол эле учурда, оппозиция да чыныгы чечимди эмес, балким өз кызыкчылыктарына кызмат кылуучу популисттик чечимдерди сунуштап жатканы маалым. Булардын баары биздин саясатчылардын өкүм сурап шайтанга кайрылганын көрсөтүп турат. Мунун акыбети болсо, бул дүйнөдө кордук, акыретте от болот. Жеткирдикпи…

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

7 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago