Ош областык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жениш Ашырбаев K-News маалымат агенттигине: “Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ошто кезектеги массалык митингди өткөрүүгө даярданууда”, – деп кабар берди.
5-декабрь күнү митингчилер Келдибековду азаттыкка чыгаруу үчүн өкмөткө берген үч күндүк мөөнөт аяктайт. ИИБдеги маалыматтар боюнча, депутаттын тарапкечтери адамдарды 5-декабрь күнү Оштун борбордук аянтына чыгууга чакырууда.
“Вести.kg” сайтынын өз булактарына таянып кабар беришинче, 5-декабрь күнү Кыргызстандын бир нече аймактарында областтык админстрацияларды басып алууга аракет кылынышы мүмкүн. “Үчүнчү күчтөр” бул жерде эч кандай роль ойнобойт, өздөрүн оппозиция деп атаган саясий топтор 5-декабрь күнү областтык админстрация мекемелерин басып алууга аракет кылууга алып баруучу нааразылык демонстрациясын өткөрүүнү пландаштырууда.
Өз кезегинде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев күч органдарын ыкчам аракет кылууга буйруду. Сатыбалдиев ички иштер министрине, мамлекеттеги саясий жана коомдук тартипти изден чыгарууга, областтык админстрацияларды басып алууга жана талкалоого жол бербестик боюнча ыкчам чараларды көрүүнү тапшырды.
2-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук майданында парламенттин экс-спикери Акматбек Келдибековдун тарапкечтери митинг уюштуруп өкмөттөн депутатты азат кылууну жана Ошко алып келүүнү талап кылышкан о.э. бул мөөнөт аяктаганга чейин майданда үч боз үй тигип, Келдибековду бошотуу штабын түзүшкөн эле. Бул митингде сөз сүйлөгөн шаар мэри Мелис Мырзакматов “Келдибековдун камалышы коррупцияга каршы күрөш эмес. “Кыргызгазды” парламенттеги 65 депутат Россияга бир долларга баалап сатып жиберди. Коррупция деп мына ошону айтыш керек. “Кумтөр” кенинин улутташтырылуусуна, аны элдин пайдасына иштетүүгө тоскоолдук кылышууда. Мына ошол коррупция. өкмөткө каршы сүйлөгөндөрдү, өкмөттү сындагандарды камоо болсо коррупцияга каршы күрөш эмес”, – деп айткан жана дагы “Келдибеков камакка алынгандан кийин Атамбаевге караштуу болгон КСДПнын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков да камакка алынса, коррупцияга каршы күрөш чындап эле калыс жүрүп жаткандыгына ишенет элек. Ошондуктан митингди уланта бергиле. Азырынча шаардын кожоюну менмин”, – деген болчу. Бул аркылуу Мелис Мырзакматов борбордук майданда чогулган үч миӊден ашык адамдардын алкышына жана колдоосуна жетишкен эле.
Мелис Мырзакматов Келдибековдон кийин кезек өзүнө да жетип келишине өзү жеткендиктен ушундай деди жана бул аркылуу өз тарапкечтеринин санын көбөйтүүгө аракет кылууда. Мунун себеби, Мырзакматов жетекчилик кылган “Улуттар биримдиги” партиясы 2-декабрь күнү аталган партиянын депутаттарына саясий жана моралдык басымдар болуп жатканы тууралуу билдирүү таркатып, бул аркылуу расмий өкмөт Ошто шаар мэрлиги үчүн болуучу шайлоонун астында Мелис Мырзакматовдун тарапкечтеринин санын кыскартууга аракет кылып жатканын билдирген болчу.
Буга жооп иретинде 3-декабрь күнү Чүй областынын Ыссык-Ата районунда айыл чарба техникаларын тапшыруу маалында Атамбаев коррупцияга каршы күрөшкө токтолуп: “Баса белгилеп айтамын, эмне болушуна карабастан коррупцияга каршы күрөштү улантабыз. Кээ бирөөлөр мени митингдер жана башка акциялар менен коркутууга аракет кылып жатышат, бирок, эл тарабынан шайланган президент катары мамлекетте бир нече миӊ киши өз өкүмүн өткөрүшүнө жол бербеймин. Ишендирип айтамын, президенттик мөөнөтүмдүн аягына чейин абалды башка тарапка өзгөртө аламын, мамлекет үчүн балээ болгон коррупцияны жок кыламын. Балким, жакындарыман, тууган-урук жана досторумдан айрылармын, бирок, эч кимге ырайым кылынбайт. Биз тартип орнотобуз, коррупцияны тамыры менен сууруп таштайбыз”, – деди.
Булардан көрүнүп тургандай, Атамбаев Россия жана АКШ мамлекеттеринин колдоосуна жетишкен. Ошондуктан да коррупцияга каршы күрөш шылтоосу менен жазга чыгып өзүнө “баш оору” болушу мүмкүн болгон оппозиция жетекчилеринен акырындап кутулууда.