Ыссык-Көл облусунда Бегайым Мусакеева аттуу муслима бир тууганыбыз наристелерди исламий тарбиялоочу бала-бакча ачууга жетишкен.
Өз көзүбүз менен көрүп жүргөндөй, Кыргызстандагы бала бакчаларда исламий таалим-тарбия берилбейт жана аларда шарият шарттары эч бир сакталбайт. Мамлекет бул көйгөйдү чечмек түгүл, кайра исламий таалимге каршы турат. Андыктан, айрым ата-энелер бул маселени чечүүдө жекече иш-аракеттерди алып барышууда.
“Ошондуктан өз жумушумду таштап, канчалык кыйынчылыктар чыкса дагы, бул балдар бакчасын ачууга туура келди”, – дейт исламий бала бакчанын негиздөөчүсү Бегайым Мусакеева “Азаттыкка” берген интервьюсунда.
Азыркы тапта бакчада 25 бала тарбияланып жатат . Балдарын бакчага тапшырган ата-энелердин көпчүлүгү исламий үй-бүлөлөр.
Бул бакчада тамак-аштардын адалдыгы ар дайым көзөмөлдөнүп турат. Таалим-тарбия исламий шарттардан чыкпай окутулат. Куран окутуу, мектепке даярдоо ж.б.у.с.
Түшкү уйкуда кыздар бөлөк, балдар бөлөк жатышат, ойногондо чогуу ойношот. Жаңы жыл, нооруз сыяктуу шариятка тескери келген мамлекеттик майрамдарды тосушпастан, Курбан айт жана Орозо айт майрамдарын гана майрамдашат. Акыркы жолу Курбан айт майрамын майрамдашып , ата-энелерине белек-бечкектерди беришкен.
Шарият боюнча, келечек муундун таалим-тарбиясы үчүн мамлекет жана ата-эне жоопкер.
Мамлекетибиз дин турмуштан ажыратылган динсиз мамлекет болгондуктан, андан толук исламий программадагы таалимди күтүп болбойт. Анда айрым бир “демократиялык принциптерге дал келген” “исламий” таалим мекемелерине гана уруксат берилиши мүмкүн.
Ушундай айласыздык доорунда перзенттерине исламий тарбия берүүнүн аргасын издеп жаткан ата-энелерибизден Аллахым ыраазы болсун. Жана жакын арада Алла таала балдарыбызды Халифалык мамлекети саясында толук исламий таалим алуу нематына жетиштирсин.