ИСЛАМГА КАРШЫ 200 МИЛЛИОНДУК ФОНД ТҮЗҮЛДҮ

374
0

Американын “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазышынча, идеологияга негизделген радикализмге (т.а. Исламга) каршы кеӊ көлөмдүү күрөш алып баруу үчүн Түркия жана АКШ кызматташтыгында 200 миллион долларлык фонд түзүлдү. Максат, Сомали, Йемен жана Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөгү радикалдык Исламий топторго каршы күрөшүү.

Гезиттин АКШ тышкы иштер министрлигине караштуу булакка таянып кабар беришинче, Америка жана Түркия тараптан “дүйнөлүк, социалдык жоопкерчилик жана өнүгүү фонду” деген аталышта түзүлгөн бул фонддон көздөлгөн максат, Йемен, Сомали жана Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөгү демократияга ыраазы болбой турган “радикалдык” Исламий кыймылдарга каршы күрөшүү о.э. ошол өлкөлөрдө социалдык долбоорлорду түзүү менен Исламий, Жихадий “террористик” жамааттарга жаштардын кошулуп кетишинин алдын алуу.

Фонд түзүлгөндүгүн Түркия тышкы иштер министри Ахмад Давуд уулу жана АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри АКШнын Нью-Йорк шаарында болуп өткөн “Бүткүл дүйнөлүк антитеррор форумунда” жарыя кылышты.

Эки мамлекет биригип түзгөн 200 миллион долларлык “Дүйнөлүк, социалдык жоопкерчилик жана өнүгүү фонду”нун 2014-жылдын ортолорунан баштап ишке киришүүсү айтылууда. Фондду АКШ жана Түркиядан тышкары мамлекеттик эмес уюмдар да каражат менен камсыздашы мүмкүн.

Туркистон:

 Бул фонд, куфр менен Ислам ортосундагы фронт линиясын бүт дүйнөдө ачык-айкын белгилеп берет. Башкача айтканда, бул аракет АКШга Ислам дүйнөсүндөгү куфр системасына ылайыкташкан кыймылдардын азыркы убактагы – т.а. Ислам система катары көрүнүп келе жатканы ашкере болуп калган убактагы – өз позицияларын ачык көрсөтүп, Ислам же куфр тарапта экендигин жарыя кылуусун талап кылат.

Бул дүйнөлүк система мурдатан алып барып жаткан иштин жаӊыча көрүнүшү. Мурда бул сыяктуу иштер “чоӊ сегиздик” же чоӊ жыйырмалык” мамлекеттери тарабынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен алып барылчу эле. Мунусу болсо, дүйнөлүк фонд көрүнүшүндө болду.

Өзгөрүүнүн негизи ушул жерде. Куфр системасынын монополист колонизаторлорунун ушул түзүмдөгү кызыкчылыктарын кармап туруу дүйнөлүк системаны сактап калууга байланыштуу болуп калгандыгы аларды чоӊ көлөмдөгү каражаттарды жумшап турууга мажбурлап келет. Жогорудагы фонддо болсо, ушуга окшогону менен таптакыр мындан башкача багыттагы аракет алып барылат.    

Бул фонд ушул системадагы кызыкчылыктарын сактап калуу үчүн Исламий мамлекеттер жана кыймылдарды аракетке келтирүү максатында түзүлдү. Бул жерде каражат таӊкыстыгы проблемасы дээрлик жок. Ал куфр кызыкчылыктары коргоочуларын мусулмандардын өзүнөн чыгаруу үчүн аларды сатып алуу же салым кошууга мажбурлоо негизине курулган.

Муну менен алар эмнеге жетишүү көздөп жатышат? Мисирдеги эксперименттерин кеӊейтүү т.а. дүйнөдөгү мусулмандардын арасында кызыкчылыктар кагышуусун келтирип чыгаруу жана күчөтүү. Капиталисттик түзүм жалаӊ гана материалдык кызыкчылык негизине курулганы себептүү ал ушундан пайдаланып келе жаткан жана миллиондогон кирешелерге ээ болгон мусулмандарга “өзүӊдүн кызыкчылыктарыӊды сактоого салымыӊды кош” дейт. Алардын кызыкчылыктары ушул системанын бар болуп турушуна байлап, анын кулашынан келе турган коркунучтарды түшүндүрүү иштерин күчөтүшөт. Натыйжада мусулмандар чоӊ жихадга т.а. напис менен ыймандын бирин тандоого мажбур болушт. Бул ыйман менен куфр ортосундагы согуштун акыркы аракеттеринен болуп, мусулмандар үчүн Аллах Субханаху ва Таала тарабынан келген сыноо болуп эсептелет.

Согуштун акыркы көрүнүп жатканы төмөнкүдөй, куфр өзүндөгү кубаты менен жеӊилди. Ал күрөштө мусулмандардын жардамысыз тез арада жеӊилип калышын жашырууга аракеттенип жатканына карабастан, анын жеӊилиши анык сезилип турат. Учурдагы жаӊы ыкмалары ага дээрлик жардам бере албайт. Бирок, мусулмандарга бир аз зыян жеткириши мүмкүн. Зыян төмөнкүдөй, алар куфр кызыкчылыктарынан таасирленген мусулмандар менен ыйманына бекем момун мусулмандар ортосунда кагышууларды келтирип чыгарышы мүмкүн. Бул нерсенин болсо, мусулмандардын дүйнө жана акыреттеги кызыкчылыктарына зыян жеткириши анык.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here